Айтматовдун айкели кандай болуусун каалайсыз? Макеттер талкууга коюлду
Чыңгыз Айтматовдун айкелинин макети коомчулуктун талкуусуна коюлду. Бул тууралуу Илимдер академиясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 10-июнда Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүндө Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси менен жазуучунун эстелиги курула турганы белгиленип, эскерткич-такта коюулган.
Эстеликти жасоого сынак жарыяланып, учурда келечектеги эстеликтин 3 макети келип түштү.