Беш мүнөттө чыгарылып кеткен 5 млн. доллар… суракка чакырылган министр

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Башкы прокуратура экономикалык жана кызматтык кылмыштардан өндүрүлгөн акча каражаттарынын Бирдиктүү депозиттик эсебине 60 млн. 649 миң 903 сом которду. Бүгүнкү күндө тиешелүү күч органдары тарабынан бул эсепке которулган акча каражаттары 1 млрд. сомдон эбак ашкан. Каза берсе биздеги коррупциянын түбү көрүнчүдөй эмес. Айрымдарына төмөндө токтолобуз.

“Манастагы” майкандалган долларлар

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Манас” эл аралык аэропортунан 5 млн долларды (45 млн сом) оффшордук компанияларга “ооштуруп” кетишкенин таап чыкты. Бул фактыны карап отуруп биздин коррупционерлердин “тапкычтыгына” айласыздан баш чайкабай кое албайсың. Анан калса буларың өз чөнтөгүнө келгенде абийир, жоопкерчилик, эл эмне дейт, мамлекет эмне болот дегенди уруп ойнобой, жети укмуш айла-амалдарга баргандан эч качан тартынышкан эмес.

“Манас” эл аралык аэропорту асмандан акча учуп келип конуп турган, стратегиялык маанидеги кирешелүү жай. Бирок, акча кайда айланса, ошол жерди шимшилеп жүрчү коррупциянын анык түрү суук чөөлөрүн ушул жерден көрөсүң. Андыктан аэропорт эгемендиктен бери этеги узарбай, чырдан башы чыкпай келет. “Кыргыз Туусу” гезитинин кийинки сандарында ушул өңүттө атайын аналитикалык макала даярдалып жаткандыктан, азырынча эки-үч күндөн бери чууга айланган факт боюнча сөз кылалы.

Финполициянын маалыматына келсек, “Манас” ачык акционердик коомунун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жооптуу кызматкерлери компаниянын, мамлекеттин кызыкчылыгын таза эле унутуп калышып, алдын ала пайдасыз келишим түзүү жолу менен 2014-жылы аэропорттун аймагындагы ЖАК “Күйүүчү май борбору” (“Топливный центр”) ишканасынын 100 пайыздык акциясын 5 млн. долларга сатып алышыптыр.

Сатып алышканда да укмуш эми. Анткени чыгашалуу, бардык акциясы 100 миң сомдон ашпаган ЖАК “Күйүүчү май борборун” баягы казак Тезек төрөгө берген Төрөтай кыздай мактап туруп сатып алышыптыр.

Сотко чейинки тергөөдө аныкталгандай, иш мындайча уланат. ААК “МАМга” (“Манас” эл аралык аэропорту) “Ф.С.Л” компаниясынан, тагыраагы анын ээси Кипрдин жараны Е.К. дегенден ЖАК “Күйүүчү май борборунун” 100 пайыз акциясын 7 млн. долларга сатып алууну каалаган коммерциялык сунуш келип түшөт.

Бул коммерциялык сунушту карап чыгуу ААК “МАМдын” юридикалык бөлүмүнүн башчысы Б.М.ге жана финансы-экономикалык дирекциясынын директору А.Ж.га тапшырылат. Бул берендер ЖАК “Күйүүчү май борборунун” ишмердүүлүгүн иликтемиш болушуп, кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барышып, “ишкана кирешелүү, эч кандай карыздары жок” деген жасалма кызматтык катты даярдашат. Ал эми ЖАК “Күйүүчү май борбору” ишканасы ошол учурда банкрот тебетейин кийип, аны да мойну көтөрө албай башы шылкыйып, карыздары активинен ашып турган кези болчу.

2014-жылдын 25-декабрында Директорлор кеңешине берилген кызматтык каттын негизинде “Күйүүчү май борборун” сатып алуу жактырылат. Демейде мындай келишимдер ар тараптан каралып, кылдаттык менен жүргүзүлсө, булар чагылгандай тездикте аракеттенип анын эртесинде эле (2014-жылдын 26-декабрында) башкармалык тарабынан кирешесиз “Күйүүчү май борборунун” 100 пайыз акциясын 5 млн. долларга сатып алуу боюнча чечими чыгат. (Кошумчалай кетсек Кипрдин жараны 7 млн. доллар берем деп жатса, булар 2 млн. го төмөндөтүп 5 млн.доллар деп жатышпайбы. Ошондо чыгарылып кеткен 5 млн.доллардан тышкары кайран 2 млн. доллар дагы кимисинин сол чөнтөгүнө кетти болду экен?)

Ошол эле күнү ААК “МАМдын” башкармалыгынын төрагасы “И.А.” менен “Ф.С.Л.” компаниясынын директору Е.К.нын ортосунда келишим түзүлөт. Ошондон эки күн өтпөй ААК “МАМдын” эсебинен эки оффшордук компанияга миллиондор которулуп кетет. (И.А. дегенибиз жүргөн жерине чөп чыкпаган Албек Ибраимов экенин ачыктап койсок деле болот. Ал 2013-2016-жылдары ААК “МАМдын” Кедей ханы (төрагасы) болуп турган).

Тергөө иштеринде оффшордук компаниялар аркылуу чыгарылып кеткен 5 млн. доллардын бенефициардык, же болбосо чыныгы ээси Б.А.Т. деген жаран экендиги аныкталган.

2019-жылдын 30-сентябрында иликтелип жаткан кылмыш ишинин алкагында тергөө органдары тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (ишенип берилген мүлктү эбегейсиз чоң көлөмдө жок кылуу) ААК “МАМдын” мурдагы юридикалык бөлүмүнүн башчысы “Б.М.” кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип отурат.

Министрди эмнеге чакырышты жана мэриянын сугалак бөлүм башчысы

Жакындан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны суракка чакыра баштады. Кыргызстандын эгемендик тарыхында иштеп жаткан министрди, болгондо да өлкөнүн акча каражатын мыкчып турган Финансы министрин суракка чакыруу болгон эмес эле. Адатта министрлер кызматтан түшкөндөн кийин иш козголуп же жасаган кылмыш ишине жараша жоопкерчиликке тартылып келишет. Албетте, мындай мисалдар толтура.

Ал эми Бактыгүл Жээнбаевага келсек, өзү күбө катары чакырылып жатканын айтат. “Ал учурда мен иштеген эмес элем. Бул төлөмдөр 2012-2015-жылдары жүзөгө ашырылып келген. Менин буга тиешем жок. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу жүргүзүлүп келгендиктен, мени ушуга байланыштуу чакырып жатышса керек. Бирок, мен аларга эч нерсе айта албайм”,- деп жооп берген министр басма сөз каражаттарына. Ошенткен министр Ереванда өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жөнөп кетти.

Иштин чоо-жайына келсек Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Соттор өкүлчүлүктөрү борборундагы бюджет каражаттарынын мыйзамсыз чыгымдалышы жана бир катар жооптуу кызматтагы адамдардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы боюнча кылмыш иши козголгон. Министр Б.Жээнбаеванын бул иштер боюнча күбө катары чакырылганы айтылууда. Башкача айтканда Соттор өкүлчүлүктөрү борборуна 1,5 млн. сом бөлүнүшү керек болсо, демейде кессе кан чыкпаган Финансы министрлиги кенендик кылып 6 млн. сом бөлүп бериптир. Ошентип тергөө иштери уланууда. Кызыктар али алдыда.

Ал арада УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Бишкек мэриясынын жеке турак жай салууга жер бөлүп берүү бөлүмүнүн башчысы А.Н. дегенди кылтакка түшүрдү. Көрсө, амалы алты качырга жүк А.Н. ар кимдер менен алака түзө салып, Биринчи май районунун Калыс-Ордо турай-жай комплексинен 7,2 гектар жерди мыйзамсыз берип, 2 млн. сомду сол чөнтөккө салып коюптур.

Бул үчүн ал эмнени гана кылбаган? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма расмий документ жасап, мэриянын жетекчилеринин колун өзү эле балчайта коюп, кылмыш жасап жатканын билгендиктен берилген жерди башка категорияга которо салыптыр. Учурда Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана өнөктөшү КРнын жараны С.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайында киргизилип, буга тиешелүү башка адамдарды табуу жана ушуга окшогон канча иштерди жасагандыгын текшерилип жатат.