Курмантай АБДИЕВ: «Ата- журтум, таянычың болоюн!»

 «Күтүүсүз коңгуро” рубрикасынын алкагында КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын мурдагы судьясы Курмантай Абдиев менен маек.

– Алло, ассалоому алейкум Курмантай Абдиевич, кутман курак кут болсун! АКИпресс маалымат агентигинен сизди Конституциялык Палатанын эмгек жамааты ардактуу эс алууга узатып жатышканын окуп калдым…

– Ооба, 70 жашка толгондугума байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судьясы болуп аткарып келаткан кызматтык милдетим токтотулду, эмгек жамаатымдагы кесиптештерим республикабыздагы бийлик бутактарынын өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда чоң салтанат менен мени ардактуу эс алууга узатышты.

– Укук коргоо органдарында узак жылдар иштеп мындай чоң сый-урмат менен ардактуу эс алууга узатылгандар чанда кезигет, же биринчи ирет болуп аткандай туюм болуп турат, жаңылышкан жокмунбу?

– Жок, жаңылышкан жоксуң. Укук коргоо органдарында, болгондо да анын тутумундагы ири жетекчилик кызматтарды аркалаган адам кара кылды как жарган калыс болууга тийиш. Бирок жашырганда эмне, эгемендик жылдардагы саясий чечимдердин курмандыгы болуп, өмүр чегиндеги урмат-сыйга жетпей калган кесиптештерим да болду. – Укук коргоо кызматтарында иштөө бычактын мизи менен басуу менен барабар экендигин жакшы билебиз. Сиздин: «Бийлик, кызмат колдон учкан куш болот, байлык, мансап агып кеткен суу болот, адал эмгек, акыйкат сөз түбөлүктүү из болот» деп айтылган учкул сөзүңүз кесиптештериңиздин, шакирттериңиздин арасында насыйкат катары кеңири айтылып жүрөт…

– Ооба ал менин жашоо принцибим. Ал турмуштун өзүнөн алынып, менин өмүр жолумдагы оош-кыйыштуу окуяларга чайкалып, шакирттериме айткан накыл сөзүм. Мына ушуну туу тутунган укук коргоо тармагындагы жетекчилер мен жеткен кутман курактагы сый-урматка татый турганына терең ишенем. Андан сырткары да кесиптештериме «Укук – жеке кызыкчылыкты коргосо, милдет – коомдук кызыкчылыкты коргойт», «Кеңешүү – акылдардын тогошуусу», «Карылыкка жашоо жеткирет, ал эми касиетке акыл жеткирет» деп да айтып жүрөм. Бул сөздөрүм да жерде калбай, шакирттеримдин назарында жүргөнү мен үчүн сыймык.

– Курмантай Абдиевич, «кылчайып артка карасам» дегендей, басып өткөн байсалдуу өмүр жолуңузга саресеп салып көрбөйлүбү?

– Жакшы болот. Мен 1949-жылы 1-октябрда мурдагы Совет (Кара-Кулжа) районунун Кара-Кулжа айылында жарык дүйнөгө келгемин. Айылдык мектепти бүткөндөн кийин колхоздо эмгектендим, 1968-70-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, кайрадан өз айылымда эмгек жолумду уладым. Жогорку окуу жайына өтүүгө жасаган бир нече жолку аракетимден майнап чыкпай, акыры 1973-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетине келип кирип, аны 1978-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, мына азыр ардактуу эс алууга кетип жаткан имаратта (анда Республиканын Башкы прокуратурасы) баш калаабыздагы Свердлов районунун прокуратурасына катардагы тергөөчү болуп дайындалып, укук коргоо чөйрөсүндөгү эмгек жолум башталган. Кийин ошол эле райондо прокурордун орун басары( 1984-86), Ленин районунда(1980-90) прокурор болуп эмгектендим.

– Эмгек жолуңузду баштап, эми тыянактап кетип аткан имарат көзүңүзгө сүйкүм көрүнсө керек…

– Албетте, бул да бешенеме чийилген тагдыр жазуусу сыяктанат…

– Андан аркы турмуш жолуңуз да окурман журту үчүн кызык…

– 1990-92-жылдары республикабыздын башкы прокуратурасында тергөө бөлүмүн, башкармалыгын, андан кийин Ош (1992-94), экинчи ирет (2000-2001), Талас (1995-2998), Нарын (1998-99) облустук прокуратураларын жетектесем, 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп кызмат өтөдүм.

– Курмантай Абдиевич, ошо прокуратура тармагында топтогон зор тажрыйбаңыз текке кетпей, республика жетекчилиги андан аркы кызмат тепкичтерине көтөрдү да…

– Ооба, 2001-2007-жылдары Башкы прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору – Башкы прокурордун орун басары, Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп эмгектенсем, 2009-10-жылдары Юстиция министри болуп эмгектендим.

– Сиз ошо бычактын мизи менен баскан тагдыр чечер кызматтарда иштеп туруп, кантип таза чыктыңыз, же жашоодогу кумир туткан таза инсандардын басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу сизге үлгү болдубу?

– Албетте, менин турмуш жолумдагы эң бир улуу адам, кумир туткан инсан — Исхак Разаков эле. Анын басып өткөн байсалдуу өмүр жолунан эмгекчилдикти, тазалыкты, адилеттикти, калыстыкты, кыйынчылыкты жеңе билүүнү, жаштарга таалим-тарбия берүүнү келечекке саресеп салууну, алдын ала көрө билүүнү үйрөндүм, жашоо практикамда акыл-нускасын колдоно билдим. Ошондон улам шакирттериме мен да: «Акыл менен эмгек айкалышса, молчулук менен токчулук болор, укук менен милдет айкалышса, тартип менен бейпилдик болор» деп айтып келем.

 – Өмүр өрүндө саясатка да аралашкан учуруңуз болду…

– Ооба, 2010-15-жылдары Ата-Журт саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого катышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттыгына шайланып, саясат айдыңында да эли-журтума ак кызмат өтөп келдим. Ал эми 2015-жылдын май айынан тарта кайрадан укук коргоо чөйрөсүнө кайтып,ушул жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судьясы болуп эмгектендим…

– Мамлекет тапрабынан берилген сый-ургаалдарыңыз тууралуу да кеп кылсак…

– Жакшы болот. Тагдырга таарыныч жок. Укук коргоо жана юстиция чөйрөсүнө сиңирген эмгектерим үчүн “Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”(2000), “Юстициянын генерал-майору” (2004), “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”(2011), “Жогорку квалификациялык класстагы судьясы” чиндерине татыдым, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи”(2005), “Мамлекеттик кызматтын отличниги”, “Кара-Кулжа районунун Ардактуу атуулу”, “Баткен облусунун Ардактуу атуулу”, “Кыргыз Республикасынын сот түзүмүнун мыктысы”(2017) Ардак наамдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, I даражадагы “Адилет кызматы үчүн медалы менен сыйландым.

– Курмантай Абдиевич, ата-журтка кызмат кылуунун чоң үлгүсүн көрсөткөн инсан экениңиз өмүр жолуңуздан таасын көрүнүп турат. Мындан ары эмне менен алектенейин деген оюңуз бар?

– Мен эмгек менен эрезеге жеткен адаммын. Албетте, үйдө тынч отуруп калбайм. Үйбүлөм, балдарым үчүн түптөп койгон чарбам бар. Анын түйшүгү да бир топ. Андан сырткары толгон токой коомдук иштер турат, мындан бир топ жыл илгери менин демилгем менен “Кара-Кулжа энциклопедиясын” жарыкка чыгарганбыз. Андагы маалыматтар эскиргендиктен, эми жаңыртып чыгаруу милдети турат. Саясат айдыңында да кызмат кылуу ниетим бар.

“Ата журтум, кыйналганда таянычың болоюн, кубанганда кучагыңа толоюн” деп эл ичинде айтылып калган сөзүм бар. Жараткан өмүр берсе – эл, жер, мекен үчүн кызмат кылуунун жолдору көп, – Ырахмат, ниетиңизге Жараткан жалгыз жар болсун, бар болуңуз!

Атайын “Кыргыз Туусу” үчүн маек жүргүзгөн КРнын Эл акыны Маркабай ААМАТОВ