Индия өкмөтүнүн медициналык жардамы

Индия мамлекети менен медицина жана биология жаатындагы кызматташуу өнүгүп бара жатат. Бийик тоолуу шартта гипоксияны — кычкылтектин жетишсиздигин генетикалык жана молекулярдык механизмдерге басым жасоо аркылуу изилдөө колго алынган. Адистердин айтуусуна караганда бул – фармакология жаатындагы артыкчылыктуу багыт. Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктиктеги Сөөк-Ашуу ашуусунда илим изилдөө медициналык станциясы курулган болчу. Бийик тоолуу катаал шартта жашаган адамга сууктун тийгизген таасирин аныктоо үчүн этникалык кыргыз менен этникалык индуска биргелешкен изилдөө жүргүзүлгөн. Анын максаты – Кыргызстандын бийик тоолуу шарттарына адамдын ыңгайлашуусу үчүн жергиликтүү сырьёлордон дары чыгарууну жолго коюу жана дарылоо. Эки өлкөнүн медицина тармагындагы ушул жана башка багыттар боюнча кызматташуусу ийгиликтүү жүрүп жатат. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстан менен Индиянын медицина тармагындагы кызматташтыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Осмон Сатарович, акыркы жылдары Кыргызстан менен Индиянын ар тармактуу өз ара кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлүп жаткандай. Ал эми сиз медицина жаатындагы эки өлкөнүн алака-катышы тууралуу кеп кылсаңыз.

– Индиянын Өкмөтү Оштогу биргелешкен онкологиялык борборго «Бабатрон II» аппаратын акысыз жардам катары бергени жатат. Наркы асман чапчыган эң заманбап «Бабатрон II» аппараты зыяндуу шишиктерди нур терапиясы менен дарылаган гамматерапевдик жабдуу. Республиканын түштүк аймагы үчүн мындай жабдууну каражаттын жетишсиздигинен сатып алуу чоң көйгөй болуп жүргөн. Бул аппаратты орнотуучу жайды медицинада «бункер» деп аташат. Анткени имараттын дубалдары өтө калыңдалып, сырткы таасирлерден коргонуучу касиетке ээ болуп курулат. Ошондуктан ал демейдеги курулуш материалдарынан тышкары башкача каражаттарды кошуу аркылуу курулушу керек. Биз, Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин адистери, Индиядан ушул өзгөчө имараттын курулушунун долбоорун алып келип, тиешелүү структураларга бергенбиз. Азыркы күндө мунун үстүндө иш жүргүзүп жатат. Кыргызстан тарап орнотула турган жайды даярдап бүтөрү менен Индия онкологиялык оорулууларга өтө зарыл болгон жабдууну алып келишмекчи.

Буга чейин Индиянын Өкмөтү Бишкектеги онкология жана гематология улуттук борборуна “Бабатрон II» аппартын өз каражатына жардам катары беришкен. Азыркы учурда жарандарыбыз мурдагыдай убара тартып, чыгымга батып, чет мамлекетке барбай, ушул аппаратты колдонуп дарыланууга мүмкүнчүлүк алып жатышат. Үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы Бишкекте өткөн ШКУнун саммитине келген Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин иш-сапарынын алкагында медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Ал документти турмушка ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын өз ара макулдашууларын алгандан кийин, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, ратификациядан өткөрүлүшү керек. Азыркы күндө ушул процедуралык иштер аткарылып жатат. Эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгын жөнгө салып турган Өкмөттөр аралык комиссия бар. Ал комиссиянын отуруму ар жыл сайын кезек-кезек менен өткөрүлүп турат. Анын кезектеги жыйыны 2018-жылы Индияда өткөрүлгөн.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо министрлеринин ортосундагы кол коюлган келишим бар. Анда бир нече аткарыла турган иш-чаралар камтылган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Индияда жеке менчик медицина абдан өнүгүүдө. ШКУнун саммити учурунда Премьер-министр Н.Моди менен кошо Индиянын жеке менчик медицина тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү келишкен. Мисалы, алар органдарды трансплантациялоо боюнча кызматташуу ниетин билдиришкен. Анткени, Индияда ушул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн ооруканалардын көптөгөн түйүндөрү иштейт. Биз кесиптештерибизге Бишкектин бир нече ооруканаларын кыдыртып көрсөттүк. Ушул күздө алардын өкүлдөрү Бишкекке кайрадан келишет деп күтүп жатабыз.

– Угушубузга караганда Индиянын медицина тармагынын өкүлдөрү Бишкектеги «Дастан» заводунун аймагында медициналык жабдууларды чыгаруучу ишкананы түптөөгө ниеттенип жатыптыр. Ушул тууралуу сөз кылсаңыз.

– Ооба, алар эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында «Дастан» заводун көрүп кетишкен. Анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой азыркы күндө Кыргызстанда дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды чыгаруучу ишкана жокко эсе. Ушул көйгөйдү четтетүүгө байланыштуу Индия менен кызматташуу аракетин көрүп жатабыз. Алар менен «Дастан» ишканасынын ичинде биргелешип медициналык жабдууларды чыгаруу колго алынат деген максат бар.

– Индиянын студенттери акыркы жылдары Кыргызстандын медициналык окуу жайларынан билим алганы абдан көп келип жатышкандыгында кандай себеп бар?

– Индия мамлекетинин калкынын саны боюнча 1 млрд.дан ашканы белгилүү эмеспи. Ал жакта медицинанын бардык багыттары боюнча врачтар ар дайыма тартыш. Ошол көйгөйдү чечүү үчүн жаштары чет мамлекеттерге барып окууга мажбур. Ал эми Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында окутуунун контракт акысы башка мамлекеттердикине салыштырмалуу бир топ арзан. Билим берүүнүн деңгээли кыйла жогору. Практикалык жумуштар үчүн клиникалардан биздин студенттер менен бирге сабак алышат. Бул дагы Кыргызстандын жана Индиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында алып барып жаткан жумуштардын натыйжасы.

Назира АЛИЕВА