Парламент апта ичинде: Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

 

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

6 мектеп, 3 бала бакча

Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаровдун жетекчилиги жана мекенчил жаштардын демөөрчүлүгү менен курулган Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы 70 орундук заманбап бала бакча пайдаланууга берилген. Бул айыл борбордон анчалык алыс болбосо да буга чейин анда бала бакча болгон эмес. Атай кетсек, эл өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен бул райондо быйыл эле 6 мектеп, 3 бала бакча курулган.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын «Ассанабил» кайрымдуулук фонду Байтик айыл өкмөтүнүн Байгелди айылына мектеп, мечит жана ФАП салып берүү милдетин алды.

Аркар-кулжаны атабызбы, же…

Бүтүндөй өлкө боюнча аркар, кулжа, эчкитекеге аңчылык кылууга мораторий киргизүү боюнча бир нече депутат демилгелеген мыйзам долбоору каралды. Эл өкүлдөрүнүн айтымында жапайы жандыктардын саны акыркы 20 жылда сезилерлик кыскарган. Бул мыйзам долбоорунда 2020-жылдан 2030-жылга чейин КРнын бардык территориясында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкисине, эликке, маралга, каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган.

Бул долбоор кабыл алынса бюджетке күч келери айтылып, Юстиция, Экономика министрликтеринин терс корутундулары менен Өкмөт мыйзам долбооруна каршы болгон. Өкмөт аталган жаныбарларга тыюу салууну республика боюнча эмес, браконьерлик көп катталган жерлерди аныктап, ошол жерлерге мораторий коюуну сунуш кылган.

Түндүк-Түштүккө чейин Арал – Суусамыр

Эл өкүлдөрү 1-октябрда Транспорт жана жолдор министрлигин Арал-Суусамыр автожолун калыбына кетирүү долбоору үчүн инвестиция тартуу чараларын ыкчамдатууга чакырышты. Жыйында транспорт жана жолдор министринин орун басары Б.Бердалиев Суусамыр менен Арал айылдарынын ортосундагы жолдун узундугу 79,6 километрди, ал эми Бишкек-Ош трассасына чейин 92 километрди түзөөрүн жана бул жол БишкекОш жолу менен Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун ортосунда туташтырма далис катары кызмат кыларын белгиледи. Ал Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу бүткөнгө чейин Арал–Суусамыр маршруту боюнча курулуш иштерин баштоо тууралуу донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолду.

Ал эми бул көйгөйдү демилгелеп чыккан депутат Т.Конушбаев парламентте бул маселени бир нече ирет көтөрүп чыккандыгын жана бул Парламент апта ичинде Эл өкүлдөрүндө эмне кеп? аралыкта бир топ министрлер алмашып, долбоордун аткарылышы кечеңдеп жаткандыгын айтты.

Башка өлкөнүн жараны болуп кетсе да өзүбүздүкүлөр

Башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин Кыргызстанда кыймылсыз мүлк алуусуна жеңилдиктерди берүү сунушу каралды. Бул маселени демилгелеген депутаттардын бири А.Шыкмаматов аталган мыйзам долбоору КРнын мурунку жарандарына менчик укугуна, ошондой эле чек ара аймактарындагы жер тилкелерине болгон убактылуу жана мөөнөтсүз пайдалануу укугуна байланышкан чектөөлөрдөн сырткары, бир катар тоскоолдуктарды алып салууга багытталганын белгилеп, башка өлкөнүн жарандыгын алгандыгына карабастан, алар КРнын жарандары болуп саналарын жана биздин башка жарандар сыяктуу эле кыймылсыз мүлк маселесинде тең укукка ээ болуш керектигин айтты. Муну менен катар депутат түрдүү көйгөйлөрдөн качууну көздөп, кыргыз жарандары өздөрү жашап жаткан өлкөнүн жарандыгын алууга мажбур болуп жаткандыгын жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2018-жылдын январынан баштап сентябрга чейин 6000ден ашуун кыргызстандык ал өлкөнүн жарандыгын алганын кошумчалады.

Кесиптик бирлик – жолдомо эле сатуу эмес

2-октябрда кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары А.Токторов ал мыйзам мындан жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан азыркы учурдун талаптарына толук жооп бербей калганын баса белгилеп, жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктары такталганын билдирди.

Депутат Р.Казакбаев өлкө боюнча кесиптик бирликке тиешелүү мүлктөр менен каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн Коррупцияга каршы күрөш боюнча кызматка иликтөө тапшырмасын берүүнү сунуш кылды.

Депутат Э.Сурабалдиева мыйзам долбоорунун 17-беренесине киргизилген түзөтүү боюнча кесиптик бирлик өкүлдөрү өзүнчө эле текшерүү органына айланып калгандыгын, андай шартта экологиялык-техникалык инспекция мекемесинин зарылчылыгы жок болуп калаарын, мында ишкерлер жумушчулары менен соттошуп, соттон башы чыкпай калган жагдай жаралаарын айтып, бул беренени дыкат карап чыгуу керектигин, депутат Т.Мамытов кесиптик бирликтердин жетекчилери негизги милдеттеринен четтеп эле эс алуу, ден соолукту чыңдоо жайларына жолдомо сатуу менен алектенип калышкандыгын айтты.