Жетишкендиктер жана сын-пикирлер ачык айтылды

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашырган «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» ири долбоорунун ишке ашырылышын жыйынтыктоочу конференциясы жогорку деңгээлде болуп өттү.

Конференцияга КРнын Өкмөтүнүн аппаратынан, КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнөн жана Жайыт департаментинен өкүлдөр, КРнын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын жетекчилиги, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарымукуктуу өкүлдөрү, райондук мамадминистрация башчылары-акимдер, райондук агрардык өнүгүү бөлүмдөрүнүн башчылары, донордук уюмдардын өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрү, айыл өкмөт башчылары, жеке ветеринарлар, активдүү аялдар, жайыт комитет төрагалары, кичи сүт продукциясын өндүрүүчүлөр жана жүндү кайра иштетүүчүлөр, багбандар жана КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) борбордук кеңсесинин кызматкерлери, анын регионалдык координаторлору, облустагы адистери жана долбоордун эксперттери катышты.

Салтанаттуу иш чараны «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун координатору Бакытбек Нуржанов ачып, жалпы конференциянын катышуучуларын долбоордун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктады. Ал, өз кезегинде долбоорду ишке ашырууда көмөктөш болгон тараптарга ыраазычылык айтты жана долбоордун алкагында аткарылган иштердин оң жана терс жактарын, кетирилген кемчиликтерди конференциянын жүрүшүндө ачык-айкын айтууларын катышуучулардан өтүндү.

Сөз кезегин алган КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев: Долбоор башталгандан бери 6 жыл өткөнүн, ал мал чарбасын жана жайыттарды жакшыртууда, ветеринардык тармакта жана дегеле айыл чарбасын өнүктүрүүдө көп алгылыктуу иштердин жасалганына токтолуп, долбоор аткарган зор иштердин сандарына токтолбостугун, анткени, конференцияга катышып олтурган ар бир катышуучу аткарылган иштерди жакшы билерин, себеби, алар долбоор башталгандан тарта ушул күнгө чейин анын ишке ашышына салым кошкондуктарын баса белгилеп өттү.

Андан соң КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү Майрамбек Калыбаев, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү, Нарын облусуна караштуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов ж.б.сөз сүйлөштү.

Мындан тышкары, катышуучулар долбоордун жетишкендиктери жана гендердик саясаты тууралуу видеобаяндарга назар бурушуп, аткарылган иштер боюнча презентациялар менен таанышышты. КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырган «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» ири долбоорунун ишке ашырылышын жыйынтыктоочу конференциясы катышуучулардын кызуу талкуулары, долбоордун алкагында жасалган иштердин натыйжалары тууралуу ар тараптуу суроо-жооптор менен уланып, долбоордун ишине жакындан жардам берген инсандарга, жайыт комитет мүчөлөрүнө, донорлорго, өнөктөштөргө төш белгилер жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Долбоордун иши менен дагы кенен таанышууга «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун ГИС адиси Жээнтаев Эрикти сөзгө тарттык. Адис буларга токтолду: ГИСтин кыргызчасы геомаалыматтык система деп чечмеленет. Бул Кыргызстанда жаңы киргизилген система болуп эсептелет. Буга чейин жайыттарга тиешелүү карталар кагаз түрүндө болуп келсе, долбоордун жардамы менен кагаз түрүндөгү карталар электрондук форматка өттү. Так айтып өтсөм, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облусунун ТогузТоро районунун ар бир жайыт комитетине, жалпы 127 жайыт комитеттин компьютерлерине электрондук жайыт карталары киргизилип берилди. Баса, жайыт карталарынын электрондук вариантын колдонуу боюнча окуу-тренингдерди өткөрүүнү да көңүлдөн тыш калтырган жокпуз. Бир сөз менен айтканда, бул заманбап система малчыларыбыздын түйшүктүү ишин бир топ жеңилдетти деген ойдомун!”

2013-жылы Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун (МФСР/IFAD) колдоосу менен «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору 6 жылдык мөөнөт менен ишке кирип, бул жылдар аралыгында арбын иштерди жасаганын кошумчалай кетебиз. Долбоордун жүрүшүндө жасалган иштер басма сөз беттеринде ачык-айкын байма-бай чагылдырылып турганын да эскерте кетели. 2019-жылдын сентябрь айында аяктайт деген мөөнөт менен ишке ашкан долбоор көгүлтүр Көл жээгинде өз сапарын ушинтип карытып, жалпы мал киндиктүү элибиздин керегине жарады.

К. БӨДӨШЕВА