ЧЕЙРЕК КЫЛЫМДАН АШКАН РЕФОРМА: көздөн учкан жеке менчик жана өзүн өзү каржылагысы келген улуттук борборлор…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Шору каткан реформалар…

Саламаттык сактоо тармагындагы чейрек кылымдан аша созулган реформа бүтпөй койду. 1996-2006-жылдарда саламаттык сактоо системасында “Манас” улуттук реформасы жүрүп, чет өлкөлүк уюмдардан миллиондогон кредиттер жана гранттар алынды. Чет элдик донорлор кредит менен грантты жөн эле берип койбойт. Кредит колкосуна бир нерсе сурайт, грант үчүн өзүнчө алат. Кыскасы, ал реформа чет өлкөлүктөрдүн ыгы менен жүрдү, айтканы менен болдук. 2006-2010-жылдардагы “Манас таалими” улуттук реформасы да ошол таз кейпинде ишке ашырылды. Чет элдик донорлордун миллиондогон кредиттери жана гранттары үчүн бул жолу да алардын ыгынан чыга алган жокпуз.

Саламаттык сактоо тармагындагы реформа тууралуу сөз болгондо, ириалды улуттук кызыкчылыктарга, улут ден соолугуна басым жасалыш керек эле. Андай болбоду. Улам тырмоону баса бергенден жадабаган жаныбыз, 2012-2016-жылдарда “Ден соолук” улуттук реформасын иштеп чыгып, ал азыр да уланып жатат. Саламаттык сактоо тармагын башкарган төбөлдөр “Ден соолукту” “Манас”, “Манас таалими” улуттук реформаларынын логикалык уландысы дешет. Аларга ишенсе болот. Саламаттык сактоо тармагындагы карапайым адамдарды кан түкүрткөн абал аны тастыктап турат.

Көздөн учкан төрөткана… Жол транспорт кырсыктары… жарык дүйнөнү көрбөй калган наристелер…

2015-жылы кайсы бир партиянын штабында иштеп калып, шайлоого утурлап “Ден соолук кербени” менен Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да болууга туура келди. Депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларда “Ден соолук кербени” жыл сайын келип, элеттик калктын ден соолугун текшерип турарын айтып, каткат убадаларын беришти. Албетте, жыл айланбай ал убада да унутулду, элет элин эстеген талапкер калган жок, биздин айталы дегенибиз ал эмес. Ошондо элеттиктер “Ден соолук кербени” менен элет жерине келген педиатр, гинеколог, кардиолог, стоматолог, невропатолог, хирург, ортопед, офтальмологдорду көрүп, аябай сүйүнүп, депутаттыкка талапкерлер менен жолугушууларда айыл жерлеринде педиатрлар, гинекологдор, кардиологдор жок экенин айтып, саламаттык сактоо системасындагы реформалар бул тармакты оңдобой эле талкалап салганына нааразылыктарын билдиришкен. Союз убагында сопсонун иштеп жаткан төрөтканалар жабылып калганына, мунун айынан боюнда бар келиндер үйүндө, же төрөтканага жетпей жолдо баратып төрөп жатканын, айрым учурда аялдын толгоосу катуу болсо, төрөтканага жетпей наристелер энесинин ичинде думугуп калганын, ар кандай жол кырсыктарга учурап жаткандыктарын, айрыкча кыш күрөөдө кыйналышарын, эки-үч койка болсо да айыл жериндеги төрөтканалар калыбына келсе деген ниеттерин айтканда, биз, журналисттер катуу таңгалганбыз. Көрсө, элет жериндеги реалдуу чындыктан кабарыбыз жок эле, “Манас” жана “Манас таалими” реформаларын мактап келиптирбиз, а чынында бул реформаларды ишке ашыруу учурунда бөрк ал десе, баш алгандай иштер жасалыптыр. Башкасы башка, 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында айыл жерлерине төрөтканаларды калыбына келтириш керектигине көзүбүз жеткен.

Төрөткана дегенде, көңүлдө ташка тамга менен баскандай кала берген бир окуя эске түшөт. Элдин эсинде болсо керек, мындан эки жыл мурда 23 жаштагы айдоочу кыз боюнда бар келинди Бает айылынан ЧолпонАта шаарындагы төрөтканага алпараткан тез жардамды аңтара сүзүп кеткен. Жол кырсыгынан улам тез жардамдын айдоочусу, фельдшер аял, боюнда бар келин жана аны коштоп бараткан тууганы каза болушкан. Эгер Бает айылында жок дегенде бир же эки кишилик койкалуу төрөткана болсо, төрт адам өлмөк эмес, наристе да жарык дүйнөгө келмек…

Реформа уланууда, нааразычылыктар да…

Саламаттык сактоо министрлиги адаттагыдай эле “реформа үчүн реформа” кадамдарын улантууда. Министрликтин быйылкы үй-бүлөлүк медицина борборлорун реформалоо идеясы бул системада иштегендердин арасында да нааразычылык жаратып барып токтоду.

Бүт өмүрүн саламаттык сактоо тармагына арнап келаткан врачтар министрликтин катардагы дарыгерлердин үйбүлөлүк медицина борборлорун кандай кылып өзгөртүү тууралуу ой-пикирин сурабай эле, өйдө жактан оюна келген буйруктарды кабыл алып, “ушундай тартипте иштейсиңер” деп күчкө салганына каршы.

Дарыгерлер “педиатр гинеколог болуп иштей албайт, гинеколог педиатрдын ишин билбейт, мурдагы союз учурундагы саламаттык сактоо системасын талкалап салганы аз келгенсип, эми үй-бүлөлүк дарыгерлик урааны алдында гинекологду педиатр, педиатрды хирург, тиш доктурду көз доктур кылганы туура эмес” деген пикирде.

Ал арада министрлик акча эсептеп, шаардын төрт районунда бириктирилген төрт борбор түзүп, буга чейин иштеп келген 19 үй-бүлөлүк борборду анын 19ду филиалы кылып калтыруу чечимин кабыл алды. Мындан чыгаша 40 пайыз үнөмдөлөт имиш. Оптималдаштыруу – реформа болбосоң кое кал.

Акча санаган министрлик… Грант эсебинен министр үчүн сатып алынган «джип»…

Кыргыз жомокторунда “нары карап ыйлап, бери карап күлүп” деген салыштыруу көп колдонулат. Бул салыштыруу саламаттык сактоо министрлигине да ылайык. Каражаттын жоктугуна шылтаган саламаттык сактоо министрлиги төрөтканаларды түп-тамырынан жоюп, койка санын, катардагы врачтарды кыскартып, оптималдаштырып жатат. Ошол эле учурда олчойгон каражатка министр үчүн «джип» сатып алып, коомчулуктун кыжырын келтирүүдө.

Бул маселени депутат Аида Исмаилова айтып, грант эсебинен 82 миң долларга министр үчүн жолтандабас сатып алынганын ачыктап чыкпаса, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак.

Арийне, болгон ишти “болду” деп моюнга алып коюу да жигиттик эмеспи, министр “мен келгенге чейин эле долбоорго жол тандабас сатып алуу жазылып калыптыр, мен баш тарта алган жокмун” деп актанганы кызык. Бул маселеге качан гана экс-министр Т.Батыралиев түшүндүрмө берип, долбоордо машина сатып алуу тууралуу таптакыр эле сөз болбогонун айтып чыкканда, кимдин чын, кимдин калп экени ачыкка чыкты.

Ошентип, депутаттардын жана коомчулуктун кескин сынынан кийин гана Саламаттык сактоо министрлиги кымбат баалуу автоунааларды өкмөттүн гаражына өткөрүп берүүгө аргасыз болду.

Мамлекеттик ооруканалардын өзүн өзү каржылоо долбоору…

“Саламаттыгы чың киши – гүлдөп өскөн өлкө” программасынын алкагында сынамык иретинде мамлекеттик же улуттук макамы бар ооруканаларды өзүн өзү каржылоого өткөрүү каралган.

Алгачкы этапта улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмү, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту жана улуттук хирургия борбору өткөнү жатат. Долбоор үч жыл сыналат. Улуттук хирургия борборунун башкы врачынын айтымында, мамлекеттик клиникаларда мыйзамсыз акы төлөөлөрдү мыйзамдаштыруу алардын өнүгүшүнө алып келет.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында бул пикирди колдогондор бар. Алардын бири Айсулуу Мамашова мамлекеттик оорукана өзүн өзү каржылоого өтсө эле, “мамлекеттик оорукананын деңгээли көтөрүлүп, анда иштегендердин айлыктары көбөйүп, дарыгерлердин чөнтөгүнө түшкөн акчалар кассага төгүлөт” – деп эсептейт.

Депутаттар Аида Исмаилова, Тазабек Икрамов, Наталья Никитенко, Евгения Строкова: «Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү туура эмес. Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүп салса турмуштан кыйналгандарга оор болуп калат. Алар азыр деле дарыдармектерди сатып алышат, ооруканаларда бекер эч нерсе жок. Айрым дарыгерлер ар бир кылган иши үчүн мамлекеттен да, жарандардан да акча алып жатышат. Мамлекеттик ооруканалар өзүн өзү каржылоого өтсө, анда мамлекеттин социалдык саясаты кайда калат. Мамлекет кантип чыгашаны көзөмөлдөйт?” дешет.

Депутат А.Мамашованы түшүнсө болот. Атасы бай немеде каткан нан деген түшүнүк кайдан болсун?!!

Эл эмне дейт? Мамлекеттик ооруканалардын улуттук макамы эмне болот?

“Күз күрөш…”, карапайым эл тирлик менен алек. Эл арасында айрым мамлекеттик ооруканалардын өзүн өзү каржылоого өтөрү тууралуу укпагандар четтен табылат. Бишкек шаарынын айрым карапайым тургундары менен сүйлөшкөнүбүздө: “өтсө өтөр, аны бизден сурамак беле” дешти кайдыгер. Албетте, коомчулуктун мындай кайдыгер маанайын түшүнсө болот. Саламаттык сактоо реформалары улуттун ден соолугуна байланыштуу болгону менен, ушул мезгилге чейин Саламаттык сактоо министрлиги “мына ушундай реформа жасайлы дейбиз, силер кандай ойлойсуңар” деп Кыргызстандын калкынан бир ооз сураган эмес.

Арийне, азыр деле реформаторлор бизден эч нерсе сурабайт деңизчи, ошентсе да эгер мамлекеттик ооруканалар өзүн өзү каржылоого өтө турган болсо, анда алардын улуттук макамы кандай болот деген юридикалык суроо туулат. Ырас, өзүн каржылоого өттүбү, жеке менчикке жарым кадам аттадыбы, анда ал саламаттык сактоо мекемелеринен улуттук макамды да алып салып, мамлекеттик имараттан сыртка чыгарып, өз алдынча кое бериш керек. Мына ошондо чыныгы реформа болот. Болбосо, аталган үч саламаттык сактоо мекемеси мамлекеттик имаратта отуруп, анан ал имараттын ээси болгон элден (мамлекеттин жана мамлекеттеги бийликтин ээси эл эмеспи) акча алып жатса, бул мыйзамдык жактан да, адамгерчилик жактан да туура эмес болуп калат, урматтуу Космосбек мырза.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *