Казакстан Кыргызстанга ЕАЭБ алкагында бере турган акчанын көлөмүн көбөйттү

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кабарлаганына ылайык Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бере турган акчанын көлөмүн көбөйткөнү белгилүү болду.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан кезде, Казакстан уюмдун техникалык регламент жана башка талаптарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн 7 миллионн 526 миӊ доллар убадалаган. Парламенттин билдирүүсүндө, азыр ал акча 41 млн 38 миң долларга чейин көбөйтүлдү. Андан сырткары, коңшу мамлекет 100 млн доллар көлөмүндө техникалык жардам көрсөтөт. Ал бажы инфратүзүмдөрүн жабдууга жана сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.

Белгилей кетсек, Россия дагы ЕАЭБке киргенден кийин Кыргызстандын экономикасына колдоо иретинде 500 миллион доллар бөлүп, ал каражатты башкарууга Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн.