Ардактуу кесиптин ээлери ардакталды

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Бишкекте 4-октябрь күнү билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу ишчара болду. Ага КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьерминистр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана мугалимдер катышышты.

Мамлекет башчынын куттуктоосун Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди. Анда:

«Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз. Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор.

Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү — эң зарыл сапаттар.

Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртууга бардык аракеттерди көрүп жатат.

Жаңы бала бакчалар жана мектептер колдонууга берилип, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жакшырып, анын ичинде санариптештирүү процесси ишке ашырылууда. Ушул жылдын октябрь айынан тартып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады.

Мамлекет ушуну менен токтоп калбайт, балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн мугалимдерге татыктуу шарттарды түзүп берүү — биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири!» — деп айтылган.

Билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы

Өкмөт башчы өз сөзүндө жогорку билимдүү жана дени сак коом гана бардык кыйынчылыктарды жана оордуктарды жеңе аларын айтты. “Билимге жана чыгармачыл жолго умтулуу гана адам үчүн эскиден заманбап индустриалдык коомго тарыхый секирик жасоого шарт түзөт», – деди ал.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүн технологиялардын кылымында дүйнө ыкчамдык менен өзгөрүп жана өнүгүүдө.

«Муну менен бирге билим берүү ыкмалары жана мамилелери өзгөрүп жатат. Мугалимдерибиз дагы замандан артта калышкан жок. Эксперттер белгилешкендей, бүгүнкү күнү заманбап технологияларды киргизүүдөн улам 70% салттуу кесиптер өзүнүн маанилүүлүгүн жоготууда. Мугалимдик кесип ар дайым керек, бирок буга карабастан, силер үйдөгү түйшүгүңөрдү экинчи орунга коюп, квалификацияңарды заман талабына ылайык жогорулатып жатасыңар. Ар бир ата-эне силерге өзүнө эң кымбат болгон – баласын ишенип тапшырат. Алар кандай чоңоюшат жана келечекте ким болушат көбүнесе силерден көз каранды», – деп ырастады ал.

Премьер-министр Ысак Бекбоев, Мукаш Базаркулов, Аман Сманбаев, Бектур Исаков, Антонина Зырянова, Семила Абдрахманова, Татьяна Першина сыяктуу атамекендик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө зор салым кошкон мугалимдерди атап өттү.

«Биздин эл дүйнөгө улуу «Манас» эпосун, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду белек кылды. Билимге умтулуу менен биз бакубат жашоого жана өнүгүүгө жетишээрибизге ишенем», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Билим берүү жаатында эки кеңешме түзүлөт

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мурдагы билим берүү жана илим минстрлеринен жана эл мугалимдеринен турган эки кеңешме түзүлө турганын айтып, алардын кеп-кеңештери, тажрыйбасы билим берүү системасын реформалоого жардам боло турганын белгиледи.

Өлкө боюнча тогуз педагог “Жылдын мыкты мугалими” наамын алса, “Жылдын мыкты мектеби” “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациялары боюнча да тогуздан мыкты билим берүү мекемелери аныкталды. Ошондой эле “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты мектеби” жана “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациялары боюнча жалпы 27 мугалим, тарбиячы жана мектеп директорлору сыйланышты. Аларга Ардак грамота, ноутбук белекке берилип, айрымдары “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси наамын алышты.

Жылдын мыкты мугалими наамына татыган ЖалалАбад облусуна караштуу М.Бабкин атындагы №1 гимназия-мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими аталган Роза Абдылдаева “Бул байгеге жетишиме калыстардын айтымында, сабак өтүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуум башка мугалимдерден өзгөчөлөнүп, сыйлыкка татыктуу боло алдым. Муну менен эле чектелбейм деген ишеничтемин. Бул мага мотивация болуп, өзүмө болгон жоопкерчиликти ого бетер жогорулатып койду”, – дейт.

Сөздөн ишке өткөн мезгил келди

Акыркы үч жылда 220 мектеп, 16 бала бакча курулуп, 34 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Октябрь айынан тарта жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30% көбөйдү. Буга мамлекеттик бюджеттен жыл соңуна чейинки үч ай үчүн 1,7 млрд. сом каралууда. Ал эми келерки жыл үчүн кошумча 7 млрд. сом жумшала турганы белгилүү болду.

Жалал-Абад шаарында 32 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Гүлжан Маматова мугалимдердин айлыгы көбөйгөнү жакшы жаңылык болгонун айтат.

— Бул биз үчүн жакшы жаңылык болду. 4-5 миң сом кошулат экен. Бул кесип абдан татаал. Анан мээнетибиз бааланып жатышы биз үчүн абдан жакшы, — деди ал.

Ал эми Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал орто мектебинин англис тил мугалими Акшоола Сатимова: “Айлык көтөрүлөт деген кабар демибизге дем, күчүбүзгөкүч кошуп турат. Мындай жакшы кабарлар көп болуп турсун, анткени бул кесиптин ээлери ошого татыктуу. Мындан ары билим берүү жаатында бар күчүбүздү жумшай бергенге чоң стимул болуп калды”, — деп билдирди.

Мындан тышкары “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында бардык аймактардагы мектептерди интернет менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү. Бул да болсо, билим берүү сапатын жогорулатып, мугалимдердин заманбап билим берүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеним бар. Баса, жаңы министр кызматына киришери менен эле “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол койду. Ага ылайык, өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлеринен көз катарактасын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт.

Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы 1,7 млн. тарбиялануучулар, окуучулар, студенттер бар жана 108 миңге жакын педагогдор иштешет. Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин 85 пайызын аялдар түзөт. Республика боюнча 78 миңге жакыны мугалим болсо, анын 22 миңи шаардык, 56 миңге жакыны айыл жергесинде эмгектенет. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *