Көрүнө окуялардын көмүскө жактары: “Кымбаттарды” “кыйбай” турабы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири Албек Ибраимов Бишкекте мэр болуп турганда алды 9 миң сомго, арты 4 миң сомго жеткен дарак көчөттөрү сатып алынып, отургузулган эле.

Ошол эле учурда жергиликтүү питомниктер мындай көчөттөрдү 150 сомдон 300 сомго чейинки баада сатышчу. Бирок, ал кездеги шаар башчылары мындай кымбат баа өзүн актай тургандыгы, анткени, биринчиден, алардын куурап калбай өсүп кетүү ыктымалдуулугу жогорулугун, экинчиден, алар тез жетиле тургандыгын айтып актанышкан. Дагы тагыраагы — элдин башын айландырышкан.

А иш жүзүндө бул “шаарды жашылдандырууну” шылтоолошуп, иш жүзүндө өздөрүнүн капчыктарын “жашылдандыруунун” булагы болгону ачыкталбадыбы.

Эми алардын дээрлик үчтөн бири куурап калды. Муну шаардыктар күндө көрүп турушат. Ошол эле учурда азыркы мэр Азис Суракматов жана анын командасы Албектен калган “эстеликти” тарых үчүн сактап коелу деп жатышабы, ошол куурап, шаар көркүн бузуп турган аякчандарды” алып салуудан коркуп турушат. Айрымдары сүрөттөгүдөй болуп, өткөн шамалда кыйрап да калышты.

Же, 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөрдүн калдыктарын алып салууга да 9 миң сом керектелип, шаар бюджети көтөрө албай жатабы?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *