Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: «Манасты» изилдөөгө бир эмес, миң адамдын өмүрү аздык кылат…»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Топчубек мырза, “Манас” жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын ачылганына бир топ убакыт болуп калды. Академия эмне максатта түзүлгөнүн өз оозуңуздан дагы бир жолу уксак дейбиз?

– Академиянын түзүлүшү – тарыхый, олуттуу окуя. Кыргыздын аты, Кыргызстандын аты бүт дүйнөгө ого бетер даңазалансын десек, анда биз экономикалык жетишкендиктерибиз менен азырынча мактана албайбыз. Себеп дегенде, бүгүн биз өндүргөн электр энергиябыз да, картошкабыз да, төө буурчагыбыз менен да эч кимди таңгалдыра албайбыз. Дүйнө алдыңкы технологиялар менен бизден 50 жылга капкачан эле озуп кеткен. Биз экономикалык жактан артта калганбыз. Ошентсе да кыргызда дүйнөнү таңгалдыра турган улуу нерселер бар. Анын төл башысы “Манас” эпопеясы. Биздин максатыбыз “Манас” эпопеясын дүйнөлүк деңгээлде даңазалоо.

2011-жылы 28чи кулжа күнүндө Жогорку Кеңеш “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ошондо 3 тарыхый максат коюлган: “Манасты” кеңири жайылтуу; илимий жактан терең изилдөө; элдик улуу дастанды ар кандай бурмалоолордон ыйык сактоо. Ушул 3 маселеде тең көп нерселер чечилбей жатат. Биринчисин, дүйнөгө жайылтуу маселесин эле айтайын, азырынча биз “Манасыбызды” дүйнө түгүл, Кыргызстанга кеңири жайылта албай жатабыз. Кеңири жайылтуу деген эмне? “Бешиктеги баладан төрдө отурган аксакалга чейин “Манасты” көкүрөгүнө сиңириш керек. Анүчүн “Манас” сабагын бала бакчаларга, мектепке киргизүү абзел. Мындан 5 жыл мурда “Манас” таануу сабагы жогорку окуу жайларына аз эле саат (32 саат) менен кирген. Ал эми мектептерге ушул күнгө чейин өз алдынча сабак катары кире элек. Ооба, “Манас” эпосу адабият сабагында окутулат, бирок бул аз, жетишсиз. Мен көп жылдардан бери “Манас” таанууну өз алдынча сабак катары киргизүү маселесин көтөрүп келатам. Буга эми гана макул болуп келатышат. Жакында Президент С.Жээнбеков менен жолуктум, мамлекет башчы колдоп жатат, ал эми бюрократ болуп калган чиновниктер колдогусу келбейт. Билим берүү академиясынын мурдагы жетекчиси менен далай жолу салгылаштым. Мамлекеттик кызматтарда “Манасты” билбегендер, “Манас” тууралуу түшүнүгү жоктор отурат.

– “Манасты” жана Манас идеясын дагы да кантип кеңири жайылтса болот?

– Бул “Манас” тууралуу көркөм фильм тартуу маселеси. Дүйнө элдеринин эпостору тууралуу көптөгөн көркөм тасмалар тартылган. Ошол эле “Илиада” жана “Одиссеяны” алсак, көптөгөн көркөм тасмалар бар. “Манас” тууралуу кинорежиссер Мелис Убукеев гана тарткан эле. Бирок ал таптакыр эле мифке айландырып салган. Манастын жүзүн көрсөтпөй, жаап салган. Окумуштуулардын пикиринде “Манаста” тарых да, миф да бар.

Манас атага коюлган эстеликтерге келсек, бул эстеликтер чыныгы Манастын элесин бере албайт. Манас Манас болбой эле катардагы чоролорунун бири болуп калган. Манастын эстелиги өзү жалгыз эмес, эстеликти Манастын колдоочулары – алп каракуш, ажыдаар, арстан, кабыландары менен болуш керек эле.

Манастын образы сүрөт өнөрүндө бир аз ачылды десек болот. Кыргызда мыкты сүрөтчү көп, бирок бири да Теодор Герцендей тарта алган эмес. Ал киши 160тан ашуун сүрөт тарткан экен, ар бир сүрөтү керемет. Бир сүрөтү бар го, Манас Аккуласын алкынтып минип, үстүндө отурат, үстүндө алп каракуш, бир жагында ажыдаар, бир жагында кабылан, арстандары. Тимеле тирүү Манасты көргөндөй болосуң. Не деген керемет.

Дагы бир талылуу маселе, мамлекеттин борбор калаасынын атын Манаска которуу керек. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө борбор калаасы ал элдин баатырларынын ысымын алып жүрөт. Манас он сегиз ааламда теңдеши жок баатыр.

Манас терең изилдене элек дегеним, биз эл-жерин сүйүүнү мекенчилдик деп билебиз. Манаста мекенчилдиктин өзгөчө кайталангыс жана жаңы үлгүсү бар. Ал Алманбет. Ал өз элинен ыдык көрүп, башка элдерден, баатырлардан ыдык көрүп, акыры Манастын айкөлдүгүн көрүп, Манас менен эмчектеш болот эмеспи. Бул да мекенчилдиктин кайталангыс үлгүсү.

 – Ошондо сиздердин мекеме эмне менен алек болот? Илим мененби, окутуу мененби, кино тартуу мененби? Илим десек, УИАда Тил жана адабият институту бар, окутуу десек, И.Арабаев атындагы КМУ бар, кино тартуу десек, Маданият министрлигинин алдында кино департаменти бар?…

– Президенттин 31-январда чыккан жарлыгында жана Өкмөттүн 3-июнда чыккан токтомунда “Манас” жана Айтматов улуттук академиясынын негизги багыттары аныкталган. Биринчи багыты “Манасты” дүйнөлүк брендге айландыруу, Айтматовду кеңири таркатуу. Экинчиси илимий жактан терең изилдөө. Манас таануу жана Айтматовтаанууну дүйнөлүк гуманитардык илимдердин деңгээлине чыгаруу деп токтомдо ачыктан ачык эле жазылып турат.

– Ошондо УИАдагы “Манас” жана Айтматов иликтөө милдети сиздерге өтөбү?

– Жо-ок. Өзгөчө “Манас” жана Айтматов таануу деле дың бойдон жатат. “Манасты” УИА да, биз да, дагы да ондогон академиялар изилдей берсин. Канчалык көп изилдесек, ошончо жакшы болот. Эриш-аркак изилдей беребиз. Талаша турган эч нерсе жок. Биз “Манасты”, Айтматовду изилдегендердин борбору болуп кала беребиз, азыр да ушул идеясын үстүндө иштеп, “Манас” жана Айтматов иликтөөчүлөрдүн башын бириктирип, эл аралык бирикме түзөлү деп жатабыз. Мүмкүн, дүйнө окумуштууларынын арасынан, башка элдердин арасында бизден да “Манас” менен Айтматовду мыкты изилдегендер чыгып калаар.

– Кыргызда “Манас”, Айтматовдон башка да руханий баалуулуктар, бийиктиктер аз эмес, сиздердин академиянын ал баалуулуктар менен мамилеси кандай болот?

– Ооба, кыргыздын генийинен жаралган далай руханий баалуулуктар бар. Биз аларды да терең изилдөөгө алабыз. Чектелип калбайбыз.

– Мелис Убукеев “Манас” эпосунун негизинде көркөм тасма жаратаардын алдында, Алтайга барып, атактуу шаманга жолугуп, Манасты тартканы жатканын айтат. Анда шаман сөөмөйү менен көктү көрсөтүп: “тигил жактан руксат алдыңбы?” деп сурайт. Мелис Убукеев шаман сөөмөйү менен көргөзгөн жакты Кыргыз ССР компартиясынын борбордук комитети го деп түшүнүп: “Ал жак менен макулдашылган” дейт экен. Шаман: “Анда тарта бер” дейт. Качан гана Манас тууралуу тарта баштаганда, Мелис Убукеев шаман сөөмөйүнүн учу менен эмнени көрсөткөнүн түшүнгөн экен. Сиз го бул жак менен макулдаштыңыз, бул жак руксат берди, а тигил жактын руксатын алдыңызбы?

– Иним, сен айтканды мен да уккам. Шаман ошентип сурадыбы, же бул окуяны ойдон чыгарыштыбы, бул суроолуу маселе. Мен ал жакка ишенбейм. Мен үчүн бул дүйнө бар. Бейиши да, тозогу да бул жакта. Аркы дүйнө, Кудайлардын дүйнөсү адам ойлоп чыккан жомок. Ал эми “Манасты” көркөм тасмага түшүрүү тууралуу айтсак, бул татаал маселе. Кыргыз кинорежиссерлорунун ичинде азырынча “Манасты” тарта ала тургандары жок. Музыкасын жазып, Манастын ролун аткара тургандарды да көрбөй жатам.

– Туура айтасыз, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн арасында Герцендин деңгээлинде Манастын образын жаратып тарткандар жок дедиңиз. Мен да кошулам. Мүмкүн, Манасты биз, кыргыздар эмес, башка элдердин изилдеши, кино тартышы зарыл чыгар?

– Мен да ошондой ойлойм. Айтпадымбы, бизде көкүрөгүн койгулап, өзүн жердин киндиги ойлогон кинорежиссерлор көп, арасында “Манасты” мен тартам деп жулунгандар да жок эмес. Мейли, талантында маселе жок дейли, бирок акыл-эс, жан дүйнө көрөңгөсү Манасты тартканга жетеби, маселе ошондо. Манас – ыйык нерсе. “Манасты мен тартам” деп жулунган адам аны тарта албайт, сен айткандай жогору жактан руксат алган адам гана тарта алат.

– “Манас” академиясында манасчылардын орду кандай болот?

– Манасчылардын башчысы Рыспай Исаков менен сүйлөштүм. Көп ойлор, сунуштар айтылды, анын ичинде жыйынкана тууралуу сөз болду. Ал маселе чечилет, буюрса. Ал жер манасчылар күндүр-түндүр Манас айта турган жай болот. Алар жаш манасчыларды манасчылыкка үйрөтө турган бөлмө сурап жатышат. Бул маселе да чечилет. Кыскасы, бул жер манасчылардын куттуу ордосуна айланат. Дагы бир бөлмө сурап жатат, аны да берем.

– Илгери манасчылар эл аралап “Манас” айтышкан. Азыр алар Соң-Көлгө барып, же Көл жээгине коно жатып “Манас” айтканды адатка айландырып алышты. Бул эмне деген жорук, “биз бул жакта отуруп “Манас” айтабыз, силер кааласаңар келип уккула, каалабасаңар жок” дегени туура эмес го.

– Манасчылар элге чыгып “Манас” айтышы керек дегениңиз туура. Алар эл кыдырып да “Манас” айтып жүрөт. Бүгүн манасчылардын беш мууну бар.

– “Манасты” толук айтышабы? Жаттап айткандар да бардыр?

– Манасты толук айткандар аз. Айрымдары жаттап, үзүндүлөрдү гана айтат.

– “Манас” улуу жана ыйык кубулуш. “Манасты” жаттап айтып, же Манаска жамынып, өз кара башынын камын ойлобой койсо болбойбу?

– Бул сенин жеке пикириң. “Манастын” тегерегинде астейдил сөз кылышыбыз керек. “Манасты” жаттап айткандарга биз тыюу сала албайбыз. Жаттайбы, же түшүндө Манаска жолугуп, аян алып, өзү эле оолугуп айтып калабы, эң башкысы “Манаска” дилин төшөсүн, өмүрүн арнасын, “Манас” анын тагдырына айлансын. Биз адам каалоосуна чек койгонубуз туура эмес. Эң башкысы тигил жактан руксат алып, “Манас” айтып жатса болгону. Илгерки манасчылар деле бирибиринен үйрөнгөн. Мүмкүн, кээ бири азырынча жаттап алып айтып жатышкандыр. Мейли айта берсин. Ошентип, такшалат, жетилет. “Манастын” өзөктүү окуяларын толук билгенде, көкүрөгүндө поэтикалык ой жетишсе, анда ал өзүнүн “Манасын” жаратаар. Өзөктүү окуялар калыш керек. А окуяларын көркөмдөп, кеңейтип айта берсин.

– Жакынкы аралыкта иш пландар кандай?

– Келерки айдын 18инде академиянын ачылышы болот. 25инде Саякбай атанын 125 жылдыгын өткөрөбүз.