Эне тили келегей, элим дешет кенебей

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз Республикасынын облустагы өкүлчүлүгүнө жана Каракол шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тил комиссияларынын мүчөсү, журналист катарында мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдарында Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышынын абалына мониторинг жасоо учурунда кандай гана көрүнүштөргө күбө болосуң. Бул мыйзамдын кабыл алынганынан бери арадан отуз жылдан ашык убакыт өтсө да баягы таз кейпибизден жылбай келебиз.

Жакында облустун борборунан тарта коңшу Ак-Суу аймагындагы медицина тармагына тиешелүү ооруканаларынын сырткы жана ички аталыштарын эмгиче туура жаза алышпагандарына таң калдык. Маселен, Ысык-Көл облустук ооруканасына кире бериштеги тактада – “Ысыккөл областтык бириккен ооруканасы” (сүрөттө) деп жабыштырылып жазылса, Ак-Суудагы Жапарбек Бектуров атындагы оорукананын сыртына – “Жапарбек Бектуров атындагы Ысык-Кол облусунун Ак-Суу районунун аймактык ооруканасы” (сүрөттө), имараттын ичинде дарыгер Омүрканова З.Ж. иш бөлмөсүнүн эшик сыртына (сүрөттө) “невропотолог”, иш убактысына “невропатолог”(сүрөттө) деп эки башка жазылган. Ал эми жалпы оорукананын аталышын окуган чоочун киши: “ Ии, бул Ысык-Көл облусу Жапарбек Бектуровдун атында турбайбы…?” деп ойлоп калышы да толук ыктымал. Эсеп-кысап иштеринде орун алмашуудан сумма өзгөрбөшү мүмкүн, ал эми тил илиминде анын тескерисинче болуп калары анык.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында башка тилдерден кирген сөздөрдү таза кыргызчалоого басым жасоо башталганда кирген “дубан”, “мүдүр” деген сыяктуу бир катар “жаңы” сөздөр дагы эле бар экендигин да көрдүк. Каракол шаар мэриясынын “Суутүтүк” муниципалдык ишканасынын жетекчиси менен башкы инженери иш бөлмөсүнүн эшик сыртына бири – “мүдүр”, бири “кыбачы” деп (сүрөттө) жазып алганы буга күбө. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө “кыбачы – бул билгич, машыккан киши” деп жазылып турат, ал эми “мүдүр – мүдүрүлүп жыгылды” дегендин уңгусу экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *