Новосибирсктеги массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Новосибирск шаарындагы базарда чыккан калайман мушташ боюнча Орусиянын Жазык кодексинин “Бейбаштык” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 25 адам суракка алынып андан соң коё берилишкен. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле окуя болгон жайдын айланасындагы видеокамералар, автоунаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынуу менен кылмыш ишинин материалына бекитилген.

Белгилей кетсек, Новосибирск шаарындагы уруш 7-октябрь күнү болгон. Кеминде мушташка 200гө жакын адм катышкан. Арасында Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстандын  жарандары бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *