Жаныбек казы ким болгон: элдин адамыбы же кеңеш өкмөтүнүн, өз элинин душманыбы?

Эгемендүү Кыргызстандын көз карандысыздык доорунда, мурда жабык болуп, актай калган, такталбаган тарых барактары такталып, тарыхый чындык аныкталып, көптөгөн бурмалоолор түздөлүп, актай калган барактар толукталып, адилеттүү түрдө толтурулуп, элибиздин, мамлекетибиздин тарыхында көп талаш-тартыш маселелер чечилип келүүдө. Бул жаатта көп эле алкоого татырлык ийгиликтерге жетиштик десек жаңылыштык болбойт. Ошондой тарыхый тактоо сыпатында бир катар аракеттер айтылуу Жаныбек казы Сагынбай уулунун бейнесине тиешелүү болгонун айтууга болот. Башка ЖМКларга караганда «Азаттыктын» сайтында ал киши тууралуу бир катар макалалар жарыяланган. Бирок алар жеткиликтүү болбой, аталган инсандын бейнеси дагы эле толук ачыла электей сезилет. Албетте бир же бир нече чакан макалалар менен Жаныбек казынын бейнесин толук ачуу мүмкүн эмес экендиги да талашсыз көрүнүш.

Анткенибиз Жаныбек казы Сагынбай уулу тууралуу эл арасында азыркы учурга чейин сакталып келген аңыз кептер жана Кеңеш өкмөтүнүн расмий бийликтери тарабынан мүнөздөлгөн бейнеси талаш тартышты, ар түрдүү дооматтарды, пикирлерди, тактай турган маселелерди камтыган инсан. Ооба, Кеңеш доорунун мезгилиндеги маалыматтарда ал киши өзгөчө терс каарман катары, Кеңеш өкмөтүнүн, карапайым кыргыз элинин келишпес кас душманы, каршылашы, Түштүк Кыргызстандагы басмачылык кыймылдын бирден бир абройлуу лидери, баскынчы, талоончул катары мүнөздөлүп келген. Мындай мүнөздөмөгө аны жакшы, жакындан билбеген, ар түрдүү көз караштагы агенттер, ортомчулар, тыңчылардын, ушакчылардын маалыматына таянып түзүлгөн ОГПУ – НКВД – КГБ архивдериндеги ар түрдүү тактамалар, баяндамалар, маалыматтар негиз экендиги да талашсыз.

Элибиздин, мамлекетибиздин эгемендүүлүк, көз карандысыздык жылдарында да ал киши расмий бийликтер, ОГПУ – НКВД – КГБнын терс мүнөздөмөлөрүнөн биротоло арыла албады. 90-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында ал кишинин тарыхый, саясий бейнесине арналган конференция, атайын илимий, тарыхый жыйын өткөрүүгө болгон Өзгөн районунун акимчилиги, жергиликтүү активисттердин аракеттери да натыйжасыз аяктаган. Алгач алдын ала макул болуп, бирок иш чара өтө турган күнү расмий бийликтер тарабынан тыюу салынып, өтпөй калган учурлар болгонуна биз да күбө болгонбуз.

Ооба эл арасында ал киши тууралуу таптакыр башкача маалыматтар айтылып, аларга таянсак, Жаныбек казы Сагынбай уулу эч кандай актоого – реаблитацияга муктаж эмес. Ошентсе да тарых айдыңында ал кишинин бейнесине дагы бир жолу кайрылууну туура көрдүк.

Баса бул макаланы жазууга «Азаттыктын» мурдагы активдүү кабарчыларынын бири Темирбаева Жаркын эженин да өтүнүчү себеп болду. Ал киши убагында мага Жаныбек казы Сагынбай уулу тууралуу архивдик материалдардын көчүрмөсүн берген эле.

Акыркы жылдары аталган инсандын бейнесин ачып берүүгө аракет кылып, ага элдин да, расмий бийликтердин да таасын баасын камтууга аракет кылдым. Бул максатка жетиш үчүн эки графага бөлүп, салыштыруу ыкмасын колдонуп, окурмандардын таразасына алып чыгууга бел байладым. Биринчиси, элдин, улуу муундардан азыркыга чейин жеткен малыматтары, пикирлери. Экинчиси, Кеңеш доорундагы архивдик материалдардын маалыматтары, мүнөздөмөсү. Элдик жана расмий документтердеги пикир кандай экенин ар бир окурман өзү калчап алсын деген пикирде салыштыруу иретинде берип олтурабыз. Ар бир окурман өзү туура тыянак чыгарат деген ойдобуз.

Демек, бизди кызыктырган маселелер Жаныбек казы Сагынбай уулу ким, ал кандай инсан болгон? Өз элине ат көтөргүс кызматы өткөн элдин адамыбы же зыяны тийген, талоончул, зордукчул, өз элинин душманыбы? Басмачы болгонбу же болгон эмеспи? Кеңеш өкмөтү менен кандай мамиледе болгон? Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү органдарына, алардын саясатына каршы чыккан, аларга душман болгон адамды өз элинин душманы дегенге канчалык негиз бар? Канчалык деңгээлде динге берилген, такыбаа болгон? Кээ бирлер ал Бухарадан диний билим алган деп жиберишти, бул чындыкка дал келеби?

Жогорудагыларды эске алуу менен биз анын өмүр баянына терең кайрылбай эле, ар тараптуу эки жактуу ишмердүүлүгүнө көңүлүңүздөрдү буралы.

Эл арасындагы пикирлер

(Төмөнкү мүнөздөмөлөр эч бир архивде жок, тек гана азыркы Өзгөн, Кара-Кулжа районунда жашап өткөн аксакалдардын, кепке жакын улуу, жаш муундар арасында сакталып калган аңыз кептер)

  • Өзгөндүн басыз уруусунун кашка уругунан чыккан абройлуу, таанымал, эл арасында азыркыга чейин ар түрдүү аңыз кеп калган чыгаан инсан.
  • Ата-бабасынан бери ак сөөк, өз байлыгы жетиштүү, чарбасы, соода-сатыгы орундуу, сөзү салмактуу жана өтүмдүү киши болгон.
  • Такыба мусулман, динди катуу туткан, беш убак намаз окуп, мечит, медреселерге дайыма жардам кылган, элдин айтымында туюму күчтүү, көзү ачык инсан болгон.
  • Эл арасында кадырлуу, зор абройго ээ болгон, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, эл арасындагы билимдүү, зирек адамдарды өзгөчө сыйлаган, таалимтарбиясы мыкты, эл кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон инсан болгон.
  • Жаныбек казы күнүмдүк жеке кызыкчылык, атак-даңк үчүн эмес, келечектеги эл кызыкчылыгын жогору коюп жашаган атактуу адам.
  • Кээ бирлер аны сабаттуу болгон, Бухарадан диний билим алган дешет. Мындай маалыматтар чындыкка дал келбейт (бул маалыматтар документалдык түрдө тастыктала элек – автор).
  • Өз элине кайрымдуу, көптү билген, алыска саресеп сала ала турган, келечекке кенен караган жергиликтүү төбөлдөрдүн бири.
  • Өзгөн жеринин Ак-Жар болуштугундагы эл шайлаган жана сыйлаган болуш.
  • Революцияга чейин жана революциянын алгачкы жылдары шариаттык сот – казы милдетин аткарган;
  • Жаныбек казы ата-бабалардын улуу мурастарын туу туткан, кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын бекем сактаган.
  • Жаныбек казы эл башы, эл сыйлаган болуш, казы, чыгаан инсан катары өз кезинде, кыргыз, өзбек элинин ортосундагы мамиленин жигин чыгарбай, бир улуттун калкындай кадырлашып, сыйлашып жүрүүсүн камсыз кылууга дайыма аракет жасаган.
  • Бул жактан Өзгөн, Оштун эли эле эмес, бүткүл Фергана өрөөнүнө, тиякта Кытайдын Кашгар чөлкөмүндө таанымал, аттуу-баштуу эл башылары анын пикири менен эсептешкен, анын ордун эске алган, Жаныбек менен кеңешип иш кылган.
  • Ош, Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай чөлкөмдөрүндөгү революцияга чейинки жана революциянын алгачкы жылдары аткезчиликти көзөмөлдөп турган.
  • Алгач Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү өкүлдөрү менен ымалага келишип кызматташкан. Кийинчерээк Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү калкка карата жүргүзгөн катаал саясатына каршы чыккан таанымал инсандардын бири.
  • Карапайым элдин жер-суусун тартып алууга – жер-суу реформасына, айыл чарбасын коллективдештирүүгө, өз элинин жериндеги жер-суусуна салык төлөшү, таланып-тонолуусуна каршы чыккан адамдардын бири.
  • Жаныбек казы Өзгөндө алгачкылардан болуп кулакка тартылган адам.
  • Кеңеш өкмөтүнө куралсыз да, куралдуу да ачык каршы чыккан адамдардын бири.
  • Жаныбек казы басмачы эмес, өзүнүн, элинин боштондугу, көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн тайманбай, талыкпай күрөшкөн адам.
  • Жаныбек казы эки жактын тең – Кеңеш өкмөтүнүн да, басмачылардын да туура эмес жактарын баамдап, элге зомбулук кылган кызыл аскерлерге да, басмачыларга да каршы турган инсан.
  • Жаныбек казы кыргыз, өзбек элинин бир туугандай, ынтымактуулукта жашоосуна өбөлгө түзгөн, кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы достукту бекемдеген, кыргыз, өзбек деп араздашууга жол бербеген инсан.
  • Кеңеш өкмөтүнүн бийлигинен, аны канааттандырбаган саясатынан качып, татаал тагдырды башынан өткөрүп, Кытай, Ооганстан, Пакистан, өлкөлөрүндө баш калкалоого аргасыз болгон.
  • Элчилеп тынч жашай албаган, элжери, урук тууганы үчүн кам көрүп, элге адилеттүү мамилени талап кылган адам болгон.
  • Жаныбек казы чагымчылардын, аны жакшы билбеген жана билгиси келбеген агенттердин, тиешелүү органдардын көзөмөлчүлөрүнүн, өзүнүн айланасында жүргөн ушакчылардын, провокаторлордун, саткындардын курмандыгы болгон адам.
  • Өмүрүнүн акыркы жылдарында Пакистандын Гилгит шаарынын Имит деген айылында баш калкалап, 1933-жылы 72 жаш курагында каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлган.
  • Кийинки муундардын ичинен эч ким Кыргыз Эл жазуучусу Т.Касымбековчолук ал кишинин бейнесине кайрылып, сүрөттөп, мүнөзүн элге жеткирүүгө аракет кылып, ал адамдын Кеңеш бийлигине каршы пикирин тике айткан, анын саясатына макул болбогон аракеттерин, жеке көкүрөк кыйкырыгын сүрөттөөгө ынанымдуу аракет кылган.
  • Жаныбек казы Сагынбай уулунун чыныгы жүзү, кандай адам болгону, анын ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай маанидеги, нуктагы чакан макалалар, эмгектер жарыяланып, ал киши тууралуу драма жазылып, Жалал-Абад облустук драма театры элге тартууласа да ага толук тарыхый баа бериле элек.

Расмий бийликтердин, НКВД – КГБнын пикирлери

(Архивдик документтердин – ОГПУнун Ош кантондук округдук аппаратынын, экинчи өз алдынча чек ара комендатурасынын жана НКВДКГБ маалыматтарынын негизинде түзүлдү. Архивдик материалдар түп нускадагы эски аталышта берилди)

  • Революцияга чейин Туркестан генералгубернаторствосунун Фергана облусунун Ош уездинин Ак-Жар болуштугунун болушу (волостная страшина – авт.);
  • Жаныбек казы Кеңеш өкмөтүнүн, чек арачылардын келишпес душманы, басмачылык кыймылдын абройлуу башчыларынын бири, жергиликтүү элдин малын, жылкысын аёосуз талап-тоноп, зордукзомбулук менен элди коркуткан бандиттердин башчысы. (Кыргыз ССРинин МКК Ош областык архиви. Инв. №552. Справка №6268 от 28.06.1972 г. -17-б.);
  • Түштүк Кыргызстанда, Адигене уруусунун үстүнөн өзүнүн жеке бийлигин орнотууга аракет кылган, басмачылык кыймылдын негизги жетекчилеринин бири. Айтмерек, Гаип пансат, Ады Ходжаев, Рустам, Насырхан төрө Камал хан, ж.б. сыяктуу басмачылык кыймылдын башчылары менен бирдикте Кеңеш өкмөтүнө каршы күрөшкөн (Ошол эле архивдик документтерде – 1-3-бб.);
  • Жаныбек казы басмачылыкты 1918-жылы баштап, анын аброю Ош уезди эле эмес, Анжиян уездиндеги кыргыздар арасында да зор болгон. Анын карамагында 400 ашык жигиттери болуп, өзү өтө этияттык менен калкты өзгөчө мыкаачылык менен тоногон. (Ошол эле архивдик документтерде – 13-б.);
  • Жаныбек казы 3 жолу Кеңеш өкмөтүнө багынып берген – 1919- ж., 1920-ж., 1922-ж. Акыркы багынып берген учурунда ал алтын курал менен сыйланып Ош уездинин тоолук коргонуу боюнча начальниги болуп дайындалган. (Ошол эле архивдик документтерде – 13-б.);
  • Жаныбек казы Түштүк Кыргызстанда Адыгене уруусунун үстүнөн өзүнүн жеке бийлигин орнотууга аракет кылып, бул максатта Кытайдын Кашгар аймагында өзүнүн жигиттерин, ар түрдүү кылмышкерлерди, эммигранттарды топтоп, мобилдүү отряд түзгөн. Ошол эле кезде ал кытай армиясынын полковниги, эл арасында Зударин деген каймана атка ээ –Цзу, Кашгар губернатору Ма Шяо-у, Кашгардагы Анко – Англиянын консулдугу сыяктуулардан колдоо тапкан (Ошол эле архивдик документтерде – 2,19-б.).
  • Жаныбек казы устаты Осмон эшен Жумабаев, өзүнүн жигиттери менен биргеликте Кеңеш өкмөтүнүн активисттерин, чек арачыларды жана ГПУнун чалгынчыларын мыкаачылык менен өлтүрүшүп, өрттөшкөн. Далил катары, Ишик-Арт, Ой-Тал заставасындагы, А. Сидоров жетектеген Кашка-Суу кайтаруу постундагы (1927-ж.), бөлүм командири Иванов катышкан (1928-ж.), Кеңдик (же Киндик – авт.) ашуусундагы, Алтын Мазар кычыгындагы (1929-ж.), тоо арасындагы 1928-1929-жылдардагы 20 жолкудан ашык куралчан кагылышуулар, Осмон эшен Жумабаевдин бандасын жок кылуу фактылары келтирилет (Ошол эле архивдик документтерде – 1-2, 29-бб.).
  • Жаныбек казы Сагынбай уулу бир жагынан, Орто Азия ОГПУсунун өкүлү И.Г. Орехов экинчи жагынан Ош округунун Четти деген жеринде 1926-жылы 6-июлунда расмий келишим түзгөн. Ага ылайык: Жаныбек казы Кеңеш өкмөтүнүн бийлигин толугу менен тааныйт; Кеңеш өкмөтүнүн мыйзамдарына кынтыксыз баш ийет жана аларды бузса жоопкерчилигин толук мойнуна алат; келишимге кол коюлган убактан баштап Жаныбек казы СССРдин аймагында жана чет өлкөлөрдөгү антисоветтик элементтерден, басмачылардан биротоло кол үзөт. Кеңеш өкмөтүнүн, Орто Азия ОГПУсунун өкүлү И.Г.Орехов өз кезегинде: Жаныбек казынын жеке өмүрүнүн жана мүлкүнүн кол тийбестигине кепилдик берет, бирок келишимдин бул бөлүгү Жаныбек казы мыйзамдарды бузган кезге таралбайт; Кеңеш өкмөтү анын жеке жана мүлктүк кызыкчылыгын басмачылык элементтерден, жергиликтүү бийлик жана сот органдарынын туура эмес чечимдеринен, кысымдарынан ар тараптан коргойт; Кеңеш өкмөтү Жаныбек казыга Советтик Конституцияга ылайык толук эркиндикти, укукту жана каалаган жеринде жашоосуна уруксат берет (Ошол эле архивдик документтерде – 5-6-бб.);
  • Ошол эле келишимге кол коюлган күнү 1926-ж. 6-июлунда Жаныбек казы Сагынбай уулу Орехов тарабынан «Байбача» деген каймана ат менен ОГПУнун агенттигине тартылган. Ага ылайык Жаныбек казы ОГПУга баардык антисоветтик элементтер, басмачылык кыймылдар тууралуу маалыматтарды берип турууга, ОГПУнун жашыруун директиваларын кынтыксыз аткарууга, Кеңеш өкмөтүнүн баардык кампанияларын, жер суу реформасын, салык саясатын, округду Советтештирүүгө катышууга милдеттенме алган. (Ошол эле архивдик документтерде – 7-б.);
  • 1924-жылы Жаныбек казы Кеңеш өкмөтүнө кызматка кирип, Госторг – Мамлекеттик соода кызматынын тармагында ыйгарымдуу өкүлү болуп – мал, жүн, Кашгардын таарын сатып алууга жооптуу болгон. Бирок Жаныбек казы ага канааттанбай аткезчилик – контрабанда менен көп алектенген. (Ошол эле архив¬дик документтерде – 13-б.);
  • Жаныбек казы Кеңеш өкмөтүнө жат социалдык элементтер, Ош, Өзгөн, Нарын, Анжиян, Фергана чөлкөмүндөгү басмачылар, алардын жетекчилери: Көр Шермат, Ибрагим бек, Мати миңбашы, Айтмерек, Гаип пансат, Ады, Осмон эшен, бир тууган Ташкуловдор (Алибай, Салибай – авт.), Абдылда Жаанбаев, Насырхан төрө Камал, Ташмат, Парпи, Бат Амин, мулла Даврон ж.б. менен байланышта болгон. (Ошол эле архивдик документтерде – 3,13-15,19,36-37,58-бб.);
  • 1927-жылы Жаныбек казынын карамагында 150 куралчан бандиттер, андан эки эсе көп ага жардам кылууга даяр колдоочулар, Түштүк Кыргызстанда жана Өзбекстандын аймагында 350 ашык куралчан мурдагы басмачылар, Жаныбекти колдоого даяр. Булардан башка жер суу реформасына Кеңеш өкмөтүнө каршы чыккан жергиликтүү бай-манаптар, молдо-кожолор колдоп турган. (Ошол эле архивдик документтерде – 16-б.);
  • Жаныбек казы Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү партиялык, мамлекеттик органдарында иштеген бир катар кызматчыларды өзүнө тартып, алардан Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү органдарынын, ОГПУнун басмачыларга каршы иш аракеттери тууралуу маалыматтарды алдын ала алып турган. Мисалы, Ош округу боюнча ГПУнун башчысынын жардамчысы Муратов, белгилүү Курманжан датканын небереси Жамшитбек Карабеков – басмачылык менен күрөшүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, сельсоветтин төрагасы А. Сатымов ж.б. (Ошол эле архивдик документтерде – 8,9,19-бб.);
  • Кыргыздардын атынан Молдо Жаныбек казы Сагынбаев, Батыш Туркестандагы уйгурлардын атынан Жунгариянын, Алты-Шаардын, Яркенттин мусулмандарына атайын Кайрылуу жолдогон. Кайрылууда Туркестандын калкынын 95% мусулмандар түзгөнүнө карабастан бийлик каапырлардын – орустардын колунда экендиги, мусулмандардын оор абалы, алардын тарыхы, маданияты, дини көмүскөдө калып кеткени, Кытай менен Россия, айрыкча большевиктер мусулмандарга катаал саясат жүргүзүп жатканы айтылат. Мусулмандар үчүн күрөшүүгө даяр күчтөр бар экени, жергиликтүү мусулмандар өз өкүлдөрүн сүйлөшүүгө жиберүүсүн өтүнгөн чакырык, кайрылуу жазып тараткан. (Ошол эле архивдик документтерде. – 21-22-бб.);
  • Жаныбек казы Кытайдын Кашгар губернатору Ма Шяо-у наамына жиберген катында аны жана анын жакындарына Кытай атуулдугун берүүсүн өтүнүп, ага негиз катары Жаныбек Кеңеш өкмөтүнүн душманы экенин, Кеңеш өкмөтү аны ар тараптан кысымга алып, мүлкүн тартып алганын жазган. Кеңеш өкмөтү конфискациялаган мүлк катары: 5 лавка, 5 кербен сарай жасалгасы менен, тегирмен, 3 бак, күрүч эккен 350 танап жер, Муга кыштагындагы 1100 танап сугат жер, жылына 1000 пуд бал берген 415 ящик аары, 57 пуд алтын, 30 пуд күмүш, 20 штук бриллиант, 22 штук башка кымбат баалуу таштар. Анын жана туугандарынын 50200 койу, 5000 ийри мүйүздүү малы, 2000 жылкысы, 95 төөсү Кеңеш өкмөтү тарабынан тартылып алынганы айтылат. (Ошол эле архивдик документтерде. – 24-б.);
  • Кийинчерээк, Жаныбек казы менен Кеңеш өкмөтүнүн, Орто Азия ОГПУсунун өкүлү И.Г.Ореховдун ортосундагы 1926-жылдагы келишим туура эмес түзүлгөн деген тыянакка келишкен. (Ошол эле архивдик документтерде. – 18-б.);
  • 1933-жылы Жаныбек казы Кашгарда эмиграцияда жүргөн мурдагы басмачылардан жана эмигранттардан турган отряд түзгөн. 1934-жылы Кытайдагы Англиянын консулдугунун колдоосу менен өз үй-бүлөсү, жакындары менен Пакистанга өтүп кеткен. (Ошол эле архивдик документтерде. – 28-б.).

Мына урматтуу окурман Жаныбек казынын же бир кишинин эки башка бейнеси. Биринчиси, эч бир архивдерде сакталбай, кагазга түшүрүлбөй, муундан муунга аңыз кеп катары элдин эсинде калганы. Элдин пикири сан жагынан расмий бийликтердин пикиринен аз болгону менен, ошол пикирлердин салмагы, орду, сапаты боюнча экинчи пикирден оор да, салмактуу да, олуттуу жана орундуу, басымдуулугу талашсыз экенин байкоого болот. Экинчиси, атайылап жасалгандай расмий бийликтердин документалдык, бир жактуу, терс мүнөздөгү тактамаларындагы ошол эле Жаныбек казы Сагынбай уулунун бейнеси. Кээ бир маалыматтарды окуп олтуруп, ошол убактагы жергиликтүү расмий бийлик органдары, ОГПУ – НКВД – КГБ сыяктуулар Жаныбек казынын бейнесин түзүүдө бурмалоого, туура эмес, атайылап жамандоого, бир жактуу, көп убакта такталбаган маалыматтарга таянып аракет кылгандай көрүнөт. Жаныбек казы сыяктуу аттуу-баштуу ак сөөктөр, эл сыйлаган, урматтаган бай-манаптар, бийлер Кеңеш доорунун саясий да, тарыхый да көз карашында, тарыхнаамасында таптык теорияга негизделип, бир беткей мүнөздөлүп, атайылап эле туура эмес пикирлер түзүлүп, убагында элди эки анжы ойдун туткунунда салган. Натыйжада көп инсандар көмүскөдө калып кеткен. Тилекке каршы Жаныбек казынын да терс образы көп жылдар бою биздин аң-сезимибизге, кулагыбызга, таанымыбызга сиңип калганы ачык көрүнүш.

Албетте ар бир окурман жогорудагы бир адамдын эки жактуу бейнесин салыштырып, ошол Жаныбек казы Сагынбай уулу ким болгон: чындап эле элдин адамыбы же өз элинин душманыбы? – деген суроого өздөрү жооп табат, ар бир окурман өзүнүн адилеттүү, ар тараптуу тыянагын чыгарат деген пикирдебиз.

Эгерде эл арасындагы Жаныбек казы тууралуу маалыматтарга тереңирээк көңүл бурсаңыздар, чындап эле кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу, айтылуу дипломат, коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков айткандай, аны актоонун кереги жок. Мезгил талабына жараша ал өзүн-өзү эбак эле актап койгон. Аны актоодон коркуп да кереги жок.

Биздин, айрыкча тарыхчылардын олуттуу вазыйпасы ар түрдүү себептер менен узак убакка Ата Мекенинен, элжеринен алыс жүрүп, башка элде, башка жерде өмүр кечирген, өз элине, жерине кызматы өткөн, улуу муундагы, белдүү да, беделдүү да инсандардын атын азыркы жана келечек муундарга таанытуу экенин эстен чыгарбай жүрүүбүз абзел.

Эгемендүүлүк жылдары көптөгөн тарыхый ачылыштар болуп, тарыхый көз караш бир топ өзгөргөнү анык. Мисалы, ошол эле басмачылык кыймылга, Кеңеш өкмөтүнө, кызыл террорго, массалык репрессияларга карата тарыхый көз караш азыр таптакыр башкача. Ошого жараша аталган маселелерди тарыхый чындыкта чагылдыруу турмушка ашырылууда. Дал ушул таризден караганда тарых барактарында тактала турган маселелердин бири катары Жаныбек казы Сагынбай уулу да өз баасын алууга татыктуу экени талашсыз.

Байболот АБЫТОВ, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *