Гүлнара УСКЕНБАЕВА: «Бизнести билген кесибиңден башта»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Өкмөттүн ишкерлер менен олуттуу маселелерди талкуулоо иретинде түрдүү форматтагы жолугушууларынын болуп турушу салттуу көрүнүш. Ошол чогулуштарда бизнес чөйрөсүнүн көйгөйлөрүн «чырылдап» айтып, сөз сүйлөбөй калбаган бир аялды дайыма көрүүгө болот. Бизнеске тиешелүү мыйзамдардын оош-кыйышын жадыбалдай жатка айткан “Audit plus” аудитордук жана консалтинг тейлөө компаниясынын директору Гүлнара Ускенбаеваны мурда-кийинки Өкмөт мүчөлөрүнүн баары жазгырбай таанышат. Бул жолку каарманыбыз Гүлнара Ускенбаева менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Гүлнара Тураровна, бизнеске ар бир ишкер айым ар башка жол менен келет эмеспи. Сиз бизнеске кандайча аралашып калдыңыз?

– КМУнун экономика факультетин 1986-жылы кызыл диплом менен бүтүрүп, бөлүштүрүү боюнча В.Ленин заводуна туш келдим. Кийин ал кездеги Өнөр жай министрлигинде иштеп жүргөнүмдө М.Горбачевдун кайра куруу саясаты жүрүп, андан кийин союз тарап башаламан заман башталып калды. Токсонунчу жылдардын ортосунда айлык акы убагында төлөнбөй, калкыбыздын башына кыйын күндөр келди. Рынок заманынын алгачкы жеке менчик мекемелери түптөлө баштаган болчу. Ошондой кырдаалда мен бухгалтер болуп, бир эле учурда эки жеке менчик ишканада иштөөгө туура келген. Жетекчилик кызматтарда жүрдүм, Казакстанга барып эки жыл эмгектенип келдим. Адамдын жашоосу сыдыргыга салгандай түз болбойт экен. Жолдошум менен отубуз күйүшпөй калды. Эки кызыма татыктуу билим берип өстүрүү өзүмдүн милдетиме айланды. Турмуш кыйынчылыгы канчалык “тушагысы” келбесин, коомдогу жаңы өзгөрүүлөргө умтулуп, билимимди улам жогорулатып туруудан кайткан жокмун. Жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн жылдары жоопкерчиликтен коркчу эмесмин. Кийин юридикалык жогорку билим алдым.

2004-жылы Казакстандан кайтып, Бишкекке келгенимде мага жеке менчик аудитордук компанияны жетектөө сунушу түштү. Ал жылдары менде чоң тажрыйба, терең билим топтолуп калган болчу. Баштапкы чакан жамаат бара-бара ирдүү аудитордук компанияга айлана баштады. Кызматкерлердин саны 30га жетти. Биз аудит өткөрүүчү, салыктар боюнча консультация берүүчү кызматты аткарып келдик. 2010-жылы мен ал компаниядан кетип, өзүмдүн жеке бизнесимди ачууну ойлодум. Бул пикиримди бир тууганыма, апама жана кыздарыма айттым. Үй-бүлөм ишимдин өз алдынча өр тартып кетишине ишенип да, шектенип да жатышты. Башында жеке ишкер катары консультацияларды берип, аудиттик чакан контораны ачтым. Алгачкы учурда үч эле адисти кызматка алуу менен иш баштагам. Ал жылдары өзүмдүн активдүү жарандык позициям, коомдогу өзгөрүүлөргө карата ачык пикирим менен оозго алынып калгам. Ошондон болсо керек, компанияма кардарлар да бат табылып, кызыккандар арбый баштады. Бүгүнкү күндө менин карамагымда 9 адам эмгектенет. Мактангандык болбосун, бирок, ушул тогуз жылдын ичинде ондогон аудиторду, бухгалтерлерди жумушка алып, жаштардын тажрыйбасын арттырууга компаниям чоң өбөлгө түздү. Менде иштеген жаш келиндердин кээси турмуш куруп, республиканын алыскы аймактарында эмгектенип жатышат. Ушинтип күнүмдүк турмуш өйдө-төмөн окуяларсыз бир калыпта өтүп жатты…

– Сизди бизнес коомчулугу Сатуучулар, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти катары билишет. Бул ишке кандайча келип калдыңыз?

– Ассоциациядагы ишим менин жеке бизнесим эмес, коомдук башталыштагы аткарган жумушум. Анын 2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланышкан өзүнчө тарыхы бар. Кандуу окуя болуп өткөн түнү Бишкектин супермаркеттери аябагандай морадерлукка туш болушуп, башаламандыктын кучагында калды. Насыя алган ишкерлер абдан күйдү. Супермаркеттердин ээлери ишкерлерге тонолгон товарларынын ордун төлөп бербейбиз деп чыгышты. Ошондо жабыр тарткан ишкерлер ушул ассоциацияны түзүп жатышып: «Гүлнара, сиз тажрыйбалуу экономист, юрист, салык боюнча консультантсыз. Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жардам сурап кайрылууда катты мыйзамдарга таяп жаза аласыз», дешип, ассоциациянын президенттигине шайлап алышкан. Апрель революциясында чакан жана орто бизнестин көптөгөн өкүлдөрү сызга отуруп калышты. Алардын басымдуу бөлүгү тамак-аш ташыгандар болчу. Себеби, 2005-жылдын март окуясындагы түнкү талап-тоноолордон улам Казакстандын, Россиянын азык-түлүк өндүрүүчүлөрү кооптонуп, биздин ишкерлерге товардын төлөмүн 100 пайыз жүргүзбөсө эч нерсе бербей калышкан эле. Ушундан улам ишкерлерибиз банктан чоң насыяларды алууга аргасыз болушчу. Ошондогу жабыркаган ишкерлердин абалын жеңилдетүүгө арга издеп уктабай жүгүрүп жүрдүк. Ал күндөрдү эстөө азыр да кыйын.

– Гүлнара Тураровна, ушул жерден сөзүңүздү бөлөйүн. Салык мыйзамдарынын ар жылы өзгөрө бериши ишкерлерге канчалык оорчулук келтирип жатат?

– Кантип оорчулук келтирбесин. Чакан жана орто бизнес менен ишмердүүлүк жүргүзгөндөр үчүн Салык кодексин жетик түшүнүү өтө кыйын. Анткени, ар бир жолу абдан татаал тил менен жазылат. Биздин кардарларыбыздын негизги контингенти чакан жана орто бизнестегилер. Ошондуктан Өкмөттөгү жана Экономика министрлигиндеги жолугушууларда Салык кодексин жеңилдеткиле деп «чырылдап» айтып келебиз. Азыркы учурда салык мыйзамдарын салык кызматкерлери өздөрү түшүнүп үлгүрүүсү кыйын. Ал үчүн мага айрым тааныштарым: «Сен бардык жерде эле салык мыйзамдарын жөнөкөйлөткүлө деп кыйкыра берип, өзүң отурган бутакты араалап жатасың, Салык мыйзамы канчалык татаал болсо, кардарлар да компанияңа консультация сурап арбын келишет. Бизнесиң жакшы жүрөт?», — деп калышат. Тилекке жараша, менде андай өзүмчүлдүк жок. Анткени, өлкөдө чакан жана орто бизнестин иши жүрүшсө, ишкерлик гүлдөп өнүгүп көбөйсө дейм.

Кардарлардын чакыруусу менен аудит жүргүзүүгө барганда ал жердеги кызматтык функциялар чаржайыт бөлүштүрүлгөнүн көп байкайбыз. Ишканада ким кайсы процесс үчүн жооптуу экени так аныкталбаган учур лар арбын. Мындай башаламан башкарылган ишканада эч качан жакшы натыйжа болбойт. Жумуш туруктуу, бирдиктүү системага салынса, финансылык отчеттор да бир кылка жолго түшөт. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн бизнесте корпоративдүү башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштерди да жүргүзүп келе жатабыз. Анткени, компаниянын ишинде салыктар кандай төлөнүп жаткандыгы, ресурстарды пайдалануусу, чыгарылып жаткан продукциянын адамга зыянсыздыгы ж.б. бардыгы ачык-айкын болушу шарт. Продукция бүгүн сапаттуу чыгарылып, эртең сапатсыз болуп калбаш үчүн өндүрүштө ким кайсы процесс үчүн жооптуу экенин так көрсөтүлгөнү натыйжалуу. Ошол системаны бирдиктүү калыпка салууга да “Audit plus”компаниясы жардам берүүдө.

Бир жылдары Батыш мамлекеттери өз башынан өткөргөн көйгөй кыргызстандык айрым ишкерлердин тагдырына жазыла баштады. Менин кардарларымдын бирөөсү агробизнести абдан жакшы жолго коюп алып, токсонунчу жылдардын ортосунан бери иштетип келе жаткан. Бирок, анын бир уулу жарнама бизнеси менен алектенип кетти. Бир баласы чет мамлекетке кеткен боюнча келбей кой ду. Айтор, ал ишкердин агробизнесинин түз мураскери жок болуп чыкты. Акыркы жылдары мындай фактылардын кездешкени аз эмес. Тилекке жараша, ал ишкананын топменеджери тажрыйбалуу болуп, агробизнести кыйшаюсуз иштетип кетти. Биз айтып жаткан корпоративдүү башкаруунун максаты ушунда.

– Бизнести жаңы баштагысы келген айымдарга кандай кеңеш берер элеңиз?

– Эң башкысы аял – уул-кызынын мээримдүү энеси, өмүрлүк жардын асылкеч жубайы, үйдүн куту. Өмүрүн, жаштык жылдарынын бүтүндөй баарын үй-бүлөсү үчүн арнаган асылзат. Ошондуктан аял туруктуу бизнести баштоону ойлосо, өзү окуп билим алган, такшалган кесибине байланыштуу тармактан баштаганы жакшы. Анткени, ишкердикти жаңы баштаган адам, кызматкерлерине же жумушчуларына караганда өзү алда канча көп иштөөгө туура келет. Өзүнүн кызматкерлерине тажрыйбасын бөлүшүп, алардан кайра талап кылуу үчүн бизнес тармагын беш колундай билиши керек. Мен жумуш учурунда коомдук иштериме көбүрөөк чуркап кетип турам. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, коомдук иштер эч кимге каражат алып келген эмес. Анын ордун дем алыш күндөрү, кээде кечкурун кеңседе жалгыз калып толту руп иштейм. Үйдө үлгүлүү апа болуш керек. Эки кызым мени алты неберелүү кылышты. Неберелеримдин чоңураактары: «Биз да таенебиздей болгубуз келет», деп сыймыктанып калышат.

– Сиздин оюңузча мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүүсү кандай болуп жатат?

– Мурдагы жылдардагыга салыштырмалуу жылыштар арбын. Айталы, жарандарга паспорт берүү коррупциянын чеңгээлинде калып, чырлуу окуялар менен коштолуп турчу эмес беле. Азыр андай көрүнүштөр дээрлик жок. Менин жашы жеткен неберем эч кандай тоскоолдуксуз, убарасыз, жөнөкөйлөтүлгөн шартта барып паспортун алып келди. Ички паспорт менен катары, чет элдик паспортун да кошо алды. Мурда жарандар жумуштан суранып, көптөгөн кагаздарды чогултуу үчүн убактысын, каражатын, нервин коротчу эле. Мен чет элдик паспортту үч күндүк тездетилген тартипте акчаны кассага төлөп жасатып алдым. Ошол акчаны мурда жарандар пара катары бир чиновникке беришчү да.

– Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *