Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план ашыгы менен аткарылганын билдирди

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы сентябрь айында 2 млрд 741 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган. Белгиленген план 103%га аткарылды же 81 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул 2018-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 286,1 млн сомго же 11,6 пайызга көп.

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча 7 млрд 687, 3 млн сом жыйналган, планды аткаруу 100,5% ды түзгөн же пландан 34,5 млн сомго көп камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *