Жакшынын – шарапаты, жамандын — кесепети

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин 2013-жылдын 9-апрелинде соттун чечими менен түрмөдөн бошотулуп, ошол күнү эле өлкөдөн шыр чыгарылып кетиши боюнча анын эртеси эле чуу чыккан.

Ал чынында чоң чуулган чыкчу окуя болгон. Анткени, демейде бир иш-чараны өткөрүүдө канчалык күн мурунтан даярдык жүрсө да, бир жеринен кемчилик кетип калып, иш пландагандай болбой калганы далай кезиксе, ал жолу баары сыдыргыга салгандай шыр кеткен.

Ага жалган медициналык маалымдама жасалып, паспорту алдын-ала даярдалып, жеткирилип, Жаза аткаруу мамкызматынын жетекчилиги анын Нарындан “Манас” аэропортуна чейин аман-эсен, эч тоскоолдуктарсыз жеткирилишин камсыздап, чек ара контролунан да шыр өткөрүлгөн. Атүгүл, ички иштер органдары аны туруктуу жашаган жерине профилактикалык каттоого коюуга да мүмкүндүк алышкан эмес.

Иштин мындай шыр кетиши ошол кезде эле коомчулукта шек жаратып, өлкөдөгү биринчи адамдын кийлигишүүсүз бул болмок эместигин айтып чыгышкан. Бирок, өз үстөмдүгүн орнотуп алган А.Атамбаев жана анын командасы парламенттеги анча-мынча каршылык көрсөткөн депутаттарды күчкө салып оозун жаптырса, а калгандары өздөрү эле ооздорун бек жаап кала беришкен.

Мен билгенден, мына ушул уюшкан “өнөктүктү” ишке ашырган бир да кызмат адамы жазаланбай, элдин башын айландыруу үчүн ошол кездеги биринчи-вице-премьер-министр Шамил Атахановго гана жаза берилген болуп (кызматтан алынган), иш жабылган.

Бирок, шибегени капка катууга болбой тургандай, ал иш да акыры чыгып, азыр А.Атамбаев баш болгон анын бийлиги убагындагы бир топ кызмат адамдары сот жообуна тартылганы турат. Бул сот процессинин жүрүшүндө дагы далай ооз ачырган нерселер ачыкталаары да турган иш.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *