Футбол дүйнө: Желдей сызган жетинчилер

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


“Футбол дүйнө” рубрикабыздын өткөн санында онунчу номурлар менен ойногон оюнчулар тууралуу кеп кылганбыз. Теманы улай, бул жолкусунда желдей сызган жетинчи номурлар тууралуу кеп кылмакчыбыз. Адатта жетинчи номурдагы оюнчулар жарым коргоочулукту аркалап, чабуулда жардам берген оюнчулардын катарына кирет. Алар оюн талаанын оң же сол жагында жайгашып, кээ бир учурда кошумча чабуулчулук ролду да аткарып келишет.

Эмгек, эмгек жана дагы бир жолу эмгек деген Криштиану Роналдо

Заманыбыздын эң күчтүү футболчуларынын бири Криштиану Роналдо жетинчи номерди тааныткандардын бири. Ал беш жолу “Алтын топту” багындырып, ушул жылы Лионель Месси бул сыйлыкты багындырып, Роналдодон алдыга озо алды. Роналдо “Манчестер Юнайтед” клубунан “Реалга” өтүп, ошол учурдагы эң кымбат футболчуга айланган.

Роналдону футбол күйөрмандары чемпиондор лигасын багынта алган оюнчу катары сыпаттап келишет. Маселен алгачкы чемпиондор лигасын “Манчестер Юнайтед” клубу менен 2008-жылы жеңген. Андан кийин бул трофейди “Реал Мадрид” менен 4 жолу багынткан. Ал учурда ойноп жаткан “Ювентус” дагы чемпиондор лигасын багындыруу үчүн Роналдону сатып алганы кеңири айтылып келет.

Криштиану Роналдо өзүнүн курама командасы менен Европа чемпионатын жеңип, Португалиянын тарыхына жазыла алды. Акыркы 10 жылдыкта Лионель Месси менен Криштиану Роналдонун тирешинде футбол күйөрмандары Мессини таланттуу футболчу катары сыпатташса, Роналдону өз чеберчилигин тынымсыз эмгек менен жасап алганын белгилеп келишет. Анын 34 жашта дагы жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп жатканы көптөрдү таң калтырып келет.

Террактан жабыр тарткан Антуан Гризман

Ушул жылы чоң ажиотаж менен “Атлетикодон” “Барселона” клубуна өткөн Антуан Гризман да жетинчи номур менен ойнойт. Учурунда анын арык жана кичинекей болгонунан улам француз клубдары албай коюшкан.

Заманыбыздын эң таланттуу оюнчуларынын бири катары сыпатталып келген Гризман Лионель Месси менен Криштиану Роналдонун тиреш дооруна туш келип калган оюнчулардын бири. Мындан улам, ал башка гениалдуу оюнчулардай эле “Алтын топту” багындыра алган эмес. Анткен менен анчалык бай эмес клубдук деңгээлде бир канча трофейлерди багынтканга жетишкен. Андан тышкары, 2016-жылы Европа чемпионатынын мыкты бомбардири, 2016-жылдын Франциядагы жылдын мыкты футболчусу жана ошондой эле Испания сезонунун чемпионатындагы мыкты футболчу.

Курама командасы менен 2016-жылы Европа чемпионатында финалга чейин жетип, биринчи орунду Криштиану Роналдо баштаган Португалия курама командасына алдырып жиберишкен. Анткен менен 2018-жылы Россияда өткөн Дүйнө чемпионатын Франция курама командасы жеңип, Гризман ал команданын лидерлеринин бири болгон.

Гризмандын бир тууган эжеси 2015-жылы Париждеги теракта барымтага алынган. Ал терактта 89 адам каза болуп, 200 адам жаракат алган. Бирок Антуан Гризмандын эжеси Мот аман калган.

Чыгыштан чыккан “шайтан” аталган Шевченко

Постсоветтик өлкөлөрүнөн чыккан чыгаан оюнчулардын бири Андрей Шевченко дагы жетинчи номерде ойногон. Анын жылдызы чемпиондор лигасында жомоктогудай оюн көрсөткөн Динамо клубунда жанган. Бара-бара Украина чемпионатында Шевченконун кармалып калбасы билинип калган.

Суперфорворд үчүн талашты италиялык “Милан” утуп алган. 1999-жылы Шевченко үчүн 25 млн. доллар салынып, италиялык грант үчүн бул сумма ошол учурда рекорддук баа болуп калган. “Милан” менен бир канча чемпионатты жеңип, 2003-жылы чемпиондор лигасында жеңишке жетише алган. 2004-жылы “Алтын топту” багындырып, өз атын футбол тарыхында жазып койду. Шевченко тууралуу китепте Энцо Катания аны Чыгыштан чыккан “шайтан” деп атаган.

Анткен менен өзүнүн жылдызы жанып турган учурда Роман Абрамовичтин суранычы менен “Челсиге” өтүп, тилекке каршы, ал жактан өз деңгээлинде оюн көрсөтө алган эмес. Андан кийин “Миланга” кайтып келип, карьерасын сактап калууга аракет кылган, бирок мурдагыдай формасына кайтып келе алган эмес. Карьерасынын этегинде өзүнүн мекенине кайтып келип “Динамо” клубунда “бутсасын мыкка илген”.

Футболго өзгөртүү киргизген Девид Бекхем

Учурда футболчу катары эле эмес стилдин иконасы катары кабылданып калган оюнчулардын бири Девид Бекхем “Манчестер Юнайтед”, “Реал Мадрид”, “ПСЖ” ж.б. клубдарда ойноп жетишкен. Англия футболунун “алтын баласы” аталган Бекхемдин радиобашкаруу менен берген пастары жана айып соккуларды идеалдуу аткаруусу менен күйөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ боло алды. 2004-жылы дүйнө жүзү боюнча жогорку акы төлөнүүчү оюнчу болуп таанылган. УЕФАнын версиясы боюнча 1999-жылдын европа сезонунун эң баалуу оюнчусу, мыкты жарым коргоочусу деп белгиленген.

Тилекке каршы, Девид Бекхемдин учурунда Англия курама командасы абдан күчтүү оюнчулардан туруп, Англия футболунун “алтын доору” делингени менен Англия курама командасы менен эсепке алына турган жеңиштерге жетише алган эмес.

Бирок Бекхем футболго өзгөртүү киргизе алды. Ал белгилүү ырчы Виктория Адамска баш кошкондон кийин Бекхемдин футболдук чеберчилиги менен катар атактуулугу да өсө баштаган. Светтик жашоого көп маани бере баштаган оюнчу рекламаларга тартылуу менен каражат табуунун дагы бир жолун футболго киргизип кетти.

Татаал жолдон коркпогон Франк Рибери

Риберинин футболго келүү жолу дагы жеңил болгон эмес. Анын катаал балалыгы, арыктыгы футболго баш-оту менен кирип кетүүгө оорчулук жараткан. Ал эки жашында катуу авиакырсыкка кабылып, аман калганы менен кырсыктын тагы Риберинин бетинде калып кеткен. 16 жашында аны “Лилль” клубунун академиясынан окуудагы жетишпегендиктери үчүн чыгарып койгон. Профессионалдуу футболго келгенче атасына жардамдашып, курулуштарда иштеп жүргөн Франк, бир топ убакыт футболдон тыш жүрүп калган. Франция курама командасынын лидери Зинедин Зидан Риберини «Франция футболунун бермети» деп атаган. 2007-жылда футболист Германиянын «Бавария» клубуна кошулуп, 8 жолу Германия чемпионатын, 5 жолу Германия кубогун жана чемпиондор лигасын жеңип, 2013-жылы Европанын мыкты футболчусу аталган.

2018-жылы Франция курама командасы Дүйнө чемпионатын жеңди. Бирок ал учурда Франк Рибери улуттук курама командасындагы карьерасын жыйынтыктап койгон болчу.

Орун басарлары озуп кеткен Рауль

Рауль Гонсалес клубда дагы, улуттук курама командада дагы жетинчи номерде оюн көргөзгөн атактуу оюнчулардын бири. Ал көптөгөн жылдар бою “Реал Мадрид клубунда оюн өткөрүп, рекорддорду жаратууга жетишкен. Анткен менен улуттук курамада, клубда дагы эң көп гол киргизген оюнчу катары тарыхта кала албады. Себеби, анын көрсөткүчтөрүн клубдан анын ордун басып, жетинчи номерди алган Криштиану Роналдо басып өткөн болсо, улуттук курама командадагы көрсөткүчүн дагы бир атактуу бомбардир, Раулдун ордун баскан Давид Виля басып өткөн.

Реал Мадрид клубунда 16 жыл ойногон Рауль команданын жүрөгү катары эсептелип, капитандык менен командасын бир топ жыл баштап жүрдү. Клуб менен 16 кубокту анын ичинде чемпиондор лигасын дагы багындырганы менен Испаниянын королдук кубогун бир дагы жолу багындырууга жетише алган эмес. Аны футбол күйөрмандары Мадриддин Королу деген лакап атка кондурган.

Улуттук курама команданын эң мыкты оюнчусу Испания курамасы дүйнөнү «титиретип», катары менен дүйнө жана европа чемпионатын жеңген доору Рауль эл аралык карьерасын жыйынтыктаган учурга туш келип калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *