Туңгуюкка алып келген жол өткөөлдөрү

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

“Кыргызча” деген сөздүн бир синоними – “эптеп-септеп”, “Боло берет” дегенди түшүндүрүп калды. Мына ушундай кыргызчанын бири Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү жол ремонтунан кийин жөө адамдар үчүн жол өткөөлдөрүндө кездешүүдө.

Башкасын айтпаганда да мамлекеттик ири чиновниктер күнүнө өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдөгү бул өткөөлдү биздин жергиликтүү чиновниктер кантип түшүндүрүшөт болду экен? Бала-чака, абышка-кемпирлер өткөөлдөн өтүп барып эле арыкка оонап түшсүн дегендикпи?

Баса, мындай туңгуюкка барып такалчу өткөөлдөр бул эле эмес. Ошондон улам, азыр бир топ жакшы иштери менен эл оозуна алынып жаткан мэр Азиз Суракматов ушундай маселелерди кичинекей (оңдоо үчүн анча деле көп каражат керек кетпейт эмеспи) дебей көңүл буруп оңдотуп койсо ашыктык кылбас.