«Кыргыз Туусуна» — 95 жыл: Жаштык жалын чагымда

Россиянын Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик университетинин журналистика факультетин ийгиликтүү аяктаганымдан кийин жолдомо боюнча бир жыл кыргыз радиосунда редактор болуп эмгектендим. Анан Ош облусунун Фрунзе райондук “Ильич нуру” гезитинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы болуп 1982-1987-жылдарда иштедим. Ал мезгилде коммунисттик партия менен совет өкмөтү басма сөзгө өзгөчө көңүл бөлөр эле.

Мен студенттик мезгилден тартып эле “Советтик Кыргызстан” азыркы “Кыргыз Туусу” гезити менен тыгыз байланышта иштеп, ондогон макалаларды, кабарларды, сүрөттөмөлөр менен очерктерди, фельетондорду жарыяладым. Гезиттин ошол учурдагы өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Бейшенбек Молдоисаев ага менен байланышып районубуздун аймагындагы Кадамжай сурьма, Айдаркен сымап комбинаттарындагы, Кан эмерек жана Кадамжай тигүү фабрикаларындагы, нан заводундагы, курулуш уюмдарындагы, геологиялык кен чалгындоо партияларындагы, колхоз-совхоздордогу, мекеме-уюмдардагы кырдаал, бөтөнчө мамлекеттик пландын аткарылышы, коомубуздагы терс көрүнүштөр тууралуу көптөгөн макалаларды жаздым. Алардын басымдуу бөлүгү республикалык гезиттерде жарык көрө турган.

Белгилей кетчү жагдай советтик доордо штаттан тышкары кабарчыларга, авторлорго гонорар же калем акы бериле турган. Жумасына беш жолу чыккан “Советтик Кыргызстандын” нускасы 150 миңге, Ош облустук “Ленин жолу” гезитиники 80 миңге жеткенин билем. Элет жериндеги айрым активдүү авторлордун калем акысы айлыктарынан ашып түшөр эле. Кененчилик. Арзанчылык. Кайда барсаң командировкага тыйындар даяр. Жер-жерлердеги жетекчилер, партиялык жана профсоюздук уюмдардын башчылары сыйлап, урматташып, кадырлап турушар эле.

Басма сөзгө жарыяланган ар бир макала райкомдун же обкомдун бюросунда, райаткомдун жыйынында каралып, кемчиликтер мойнуна коюлуп, башчыларга сөгүш же эскертүү берилип атүгүл партиядан айдалып, абакка камалгандары да болушту. Андай катуу тартипти, элдин көзөмөлүн мен эгемендүүлүктүн баш аламан жылдарында көрө албадым. Партиянын райкомунун сунушу боюнча элдик көзөмөлдөө тобунун активисттери менен районубуздагы жанар май куюучу станциялардагы кымтыкейликти, алдамчылыкты, жумушчуларды жабдуу бөлүмү менен райондук керекжарак коомунун дүкөндөрү менен ашканаларындагы санитардык абалды, алдамчылыкты аныктап рейддерге чыкканыбыз дале эсимде туру. 1984-жылдын жайында районубуздагы Октябрдын 50 жылдыгы атындагы совхоздун Тамаша деген жайлоосунда коомдук малга тоют даярдоонун абалы менен жеринде таанышып келдим. Чарбанын жумушчуларына, айылдык училищеден келишкен жардамчыларга өндүрүмдүү иштеши үчүн жетиштүү шарттар түзүлбөптүр. Техникалардын абалы начар. Тамак-аш жагынан да көйгөйлөр бар экен. Абалды иликтеп туруп «Советтик Кыргызстанга” жазып жөнөтүп ийдим. 5-6 күндө эле сын макалам жарык көрдү.

Анан көрө бер. Совхоздун директору Т. Бөрүбаев чычалаганбы редакторго телефон чалып, менин жалпы тоют даярдоочулардын жыйынына катышуумду талап кылды. Жаш экенмин. Коркконум жок. Кара-Жыгач айылындагы экинчи бөлүмдүн клубуна бардык. Эл жык-жыйма. Директор жаш кабарчыны кысымга алгысы келди окшойт. Бирок, менин бактыма карапайым калк, жардамчылар, чарбанын жумушчулары менен адистеринин басымдуу бөлүгү сын макала туура жазылганын баса белгилешти. Мен сөз алып сын макаланын эки түрү болорун айттым. Биринчиси бирөөнү ак жерден каралап, ушактап жардан ары түртүп иет. Экинчиси кырдаалды иликтеп абал оңолсо экен деп жакшы ниетте жазылган болот. Мен экинчисин жаздым дедим. Аягында директор, бөлүм башчылар менен бригадирлер кемчиликтерин моюнга алышып, оңдоого убада беришти. Ошондон көп өтпөй директор башка жакка которулуп кетти.

Мына окурман көрдүңүзбү, сын макаланын күчү кандай болгонун?! Азыркыдай буюртма, бирөөнү акаараттаган, калп макалалар, бир беткей урдуруу деген болгон эмес. Анткени коммунисттик партия ар бир сын пикирди колдоп-кубаттап, чара көрүп турар эле. Биз мына ушундай журналистиканын мектебинен өткөнүбүз менен сыймыктанамын.

Алыскы аймактардагы абалды иликтеп, шашылыш учурда учуп жетип барып азыркыдай электрондук почта болбосо да жазгандарыбыз өз окурманын, колдоочуларын тапканынан ыракат алчубуз. Мен ошол кезде “Советтик Кыргызстандын” Фрунзе, азыркы Кадамжай району боюнча кабарчылар постунун жетекчиси болуу менен көптөгөн жумушчу жана айылдык кабарчыларды активдүү иштөөгө, кызматташууга үндөдүм. Далай макалаларыбыздын таасири менен иш илгерилеп, пландар толуп жатчу. Азыр ойлоп көрсөм ошол жылдарда мамлекетибизде коррупцияга каршы күрөш жакшы эле жүрүп жаткан экен. Дүкөндөрдө таразадан алдашкан, кымтып жашыруун прилавканын астынан өң тааныштарына жең ичинен сатышкан абийирсиз кызматкерлер жазаланышып, атүгүл советтик мыйзамдын алдында жоопкерчиликке тартылыша турган.

Ар бир куш кабарды, макаланы, корреспонденцияны миң толгонуп, фактыларды текшерип дыкаттык менен жаза турганбыз. Мен эмгек жолумдун башталышында өлкөбүздөгү биринчи аталган “Советтик Кыргызстан” гезитинин тажрыйбалуу журналисттери, публицисттери менен тыкыс байланышып иштегениме сыймыктанамын. Чындыгында кыргыз журналистикасында бүгүн 95 жылдыгына даярданып жаткан “Советтик Кыргызстан – Кыргыз Туусу” гезитинин мааниси өтө зор. Бүгүн деле андагы журналисттер замандын талабына жараша, буюртма эмес, калыс, жатык тилдеги макалалары, элибиздин тарыхы, адабияты, маданияты боюнча иликтөөлөрдү жазышып, жалпы журтубузду ынтымак-ырашкерликке чакырып жатышы колдоого ала турган көрүнүш. Ошондуктан аларды астыдагы мааракелери менен куттуктап, чыгармачылык бийиктиктерди багындыра беришин каалаймын.

Адылжан ЖАЖАНОВ, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *