Депутат Асел Кодуранова үй камагына алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Биринчи май райондук соту тарабынан 2019-жылдын 9-декабрына чейин үй камагына алынды.

Депутат  Асел Кодуранова массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтарынын ортосунда кагылышуудан улам, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши жаракат алган.

Кой-Таш айылында башаламандыктарды уюштуруу, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуусу жана бир катар жарандардын жаракаттарды алуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *