Бактыгүл ЧОТУРОВА: «Шекспир, Шиллер үчүн Пастернак арачы болду»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Бактыгүл эже, “Кыргыз Туусу” гезитиине 95 жыл толуп жатат, сиз жыйырма жылга жакын иштеп кеттиңиз эле, унутулгус күндөрдү кээде эстеп каласызбы?
– Кантип эстебейин! Биринчиден бул гезит кыргыздын улуттук, номур биринчи басылмасы, легендарлуу аты, орду бийик. Осмонкул Алиев баштаган Сыдык Карачев, Мустафа Акматов, Кусейин Карасаевдин, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Молдогазы Токобаев, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөмбаев, Мукай Элебаев ж.б. көптөгөн аталардын изи калган. Бул гезит менен дегеле кыргыз элинин ар тармактуу тарыхы тыгыз байланышып келген. Айрыкча адабият, маданияттагы чыгармачыл чоң чөйрө ушул гезит менен телчикти. Биз мектепте окуп жүргөндө бул гезиттин алдында “Кызыл учкун” деген адабий ийримден кыргыз адабиятынын кышын кынаган классиктери өсүп чыккандыгын окучу элек. Тагдыр экен кийин ушул гезитте иштеп калганыма өтө сыймыктанам.
– Сиз кайсы учурда келдиңиз гезитке?
– Мен редактор Абдиламит Матисаковдун учурунда келдим. Гезитте жан-дилибиз менен иштечү элек. Ошол учурда чыккан материалдардын көбү мамлекеттик деңгээлде кабыл алынып, жыйынтыгы бар болчу. Жамааттагы ынтымак да бекем, ар ким өз ордун билчү, кимдин шык-жөндөмү эмнеге жакын болсо ошого жараша тематика, рубрикаларды алып чыкчубуз. Менимче, ошол салт эми дагы уланууда.
– Сиздин рубрикаларыңыз кандай эле?
– “Кечки коңгуроо”, “Он сегиз жаш”, “Стоп кадр”, “Бир жолу гастролдо”, “Эсен болуп эстей жүр”, “Бейне”, “Диалог” ж.б. Мен маданият бөлүм башчысы болгондуктан, ошол жаатында көп жаздым. Искусстводон Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Сабира Күмүшалиева, Төлөмүш Океев, Жамал Сейдакматова, адабияттан Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, , Шаршенбек Үмөталиев, Аман Саспаев, КРнын Баатырлары Күлүйпа Кондучалова, Мамбет Мамакеев, Тургунбай Садыков, Бексултан Жакиев, Миталип Мамытов ж.б. жүздөгөн залкарлар менен аңгемедүкөн куруп, гезит бетине жарыяланды. Алардын баарын айтсам узун тизме, азыр менин өздүк архивимде бардыгы сакталып турат.
– Кызматта иштен башка да кызыктуу күндөр болот эмеспи, азыр ушул убакытта эсиңизге эмне түштү?
– Ооба, андай күндөр көп өткөн… Эстейинчи… Гезиттин ар бир санына дежур болчубуз да, көбүнчө түнкү саат он экилерде бүтүп, редактор кол койгондон кийин анан кетчүбүз. Бир ирет дежур болгонумда жооптуу катчы Дайырбек Меймановду, “мени кетерде айтып кой” десем унутуп калып кетип калыптыр. Бир маалда жымжырт эле болуп калыптыр, мен жеке чыгармачылыгым менен чиймелеп олтуруп элебей калган экемин. Коридорго чыксам эч ким жок… түн бир убак, чоочуп кеттим… Дароо телефон чалдым…Таарындым… Кыскасы кайра келип алып кетишти машина менен. Үйгө өтө кеч бардым… Эртеси кайра эле таңында ишке келчүбүз, ишке деген ынтызарлык ушунчалык күчтүү эле.
– Азыр “Жетиген” журналында башкы редактордун орун басары болуп иштеп жатасыз, андай ынтызарлык дагы эле барбы?
– Чынын айтканда журнал гезиттей эмес, гезит тегирмен… Журнал болсо бир айда бир чыгат, жай турмушта жашагандай, бирок жоопкерчилик деген бар, мен үч рубрикамды журналдын биринчи номурунан бери сегиз жыл аралыгында бир да калтырбай узанып келатам.
– Мен билгенден жалпы он бештен ашык китептердин автору болдуңуз, дагы эле жеке чыгармачылык менен узануудасызбы?
– Эми санга санаганда, сапат деңгээли артык деп ойлойм. Албетте, чыгармачылыкта отставка жок да, башка кызматтагылардан айырмасы ошол, Кудай канча өмүр берсе калемиң ошончо узана берет, аны эч ким тартып ала албайт, биздин бактыбыз да ошондо, башка маселе – кандай жазасың, элдин жүрөгүнө жугумдуубу, же саны көп сапаты жокпу, кеп ошондо.
– Акыркы жылдардагы жаңы эмгектериңиз тууралуу айтсаңыз?
– Акыркы жылдарда өзүң билесиң, драматургияга ооп кеткендей боло түштүм. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Академиялык Улуттук театрында “Тумар ханыша” (кадимки Томирис падыша тууралуу” драмам (режиссеру Марат Козукеев) ийгиликтүү коюлду, АРТ-ОРДО эл аралык фестивалында (мурунку жылдары) Баш-Байгени алды. “Рамаяна” (режиссеру Назым Мендебаиров) эпикалык драма коюлду. Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында “Чыпалак балаЧыныбек” жомок-пьесам (Режиссеру Нурлан Асанбеков) коюлуп келе жатат. Андан сырткары Маданият маалымат жана туризм министрлиги уюштурган конкурста “Асан кайгы” комедиям жеңүүчүлөрдүн катарында өттү, Кудай буюрса бир театрда коюлушу күтүлүүдө. Анан Сервантестин “Дон Кихот” романынын негизинде сахналаштырылган комедиям да планда турат.
– Котормо жаатында да көп иштедиңиз окшойт?
– Чыгыш жылдыздары, коңшулаш элдердин жана Индия акындарынын ырларын котордум. Китеп болуп чыгып жаткандары бар. Жакында эле Карбалас Бакиров экөөбүз которгон казак акындарынын эки китебинин бет ачары Кызыл-Ордо шаарында өттү. Дүйнөлүк адабияттан В.Шекспирдин “Макбет” трагедиясын которуп, Кыргыз Академиялык драма театрында аны Султан Раевдин координаторлугу менен Англиялык Сара Бергер деген режиссер келип койду. Эми, Кудай буюруса, Ф.Шиллердин “Мария Стюарт” трагедиясын которуп бүттүм, аталган театрда коюлуп чыгышы күтүлүүдө.
– Сиз поэзиядан четтеп кетпейсизби анда?
– Жо-ок, поэзиядан кеткен жокмун. Өзүмдүн жогорудагы эки чоң драмам поэзиянын тилинде жазылган. “Макбет” менен “Мария Стюарт” да ыр менен жазылган да, Пастернактын орусча котормосунан мен ыр менен котордум. Шекспир менен Шиллердин дүйнөсүнө кирүүгө мага Пастернак арачы болду. Бул классиктерди башка котормочулар да которушкан, бирок мен өзүм сүйгөн акын катары Пастернактын котормосун тандап алдым.
– Поэзиядан кетпегениңиз чын болсо, ырларды да жазып жатасызбы?
– Мен ансыз жашай албайт болушум керек. Ырасында эле өзүмдүн жаңы бир ырлар жыйнагым даяр турат.
– Интернет түйүнүндө ырларыңыз байма-бай чыгып турат, ошол жаңы ырларданбы?
– Жок, жаңы ырларымдын басымдуу көпчүлүгүн мен интернетке койбойм, китепке чыккандан кийин коём, ансыз окурмандарыма кызыгы кетип калат деп ойлойм. Анын үстүнө автордук укук мыйзамдуулукта сакталып туруш үчүн адагенде жаңы чыгармалар китеп болуп басылмалардан жарыкка чыгыш керек.
– Ал жаңы ырларды качан окуйбуз, же качан китеп болуп чыгат?
– Буюрган күнү китеп кылып чыгарсам бактылуу болом деп коём.
– Айтмакчы, жеке турмушуңузда сүйүүдөн бактылуусузбу, айып этпесеңиз жакында генерал Калмурат Садиев жездебиз тууралуу жарыя болду?
– Сүйүү биздин курактан өтүп кеткен… Бирок сүйүүдөн да өтө кымбат нерсе бар, ал көңүлдү көрүү, кадырды билүү, сыйды алаканга бөпөлөө, аялуу өмүрдүн алдын ойлоо… бөксөңдү толтуруу, өзүңдү бактылуу кылууга умтулуу… Мунун баары жашоо экен да, аны жалгыздык бере албайт. Адам өлүмдөн кутула албагандай, тагдырдан да кутула албайт дегендей да.
– Тагдырга бирөөлөр себепкер болдубу, же өзүңүздөрбү?
– Негизи балдарыбыз себепкер болду, эки үй-бүлө мурунтан бир-бирибизди жакшы билип, жердештик катышта элек. Бирок мындай болот деген ойдо жок эле. Чынында биздин куракта үй-бүлө курууга балдар чон роль ойнойт, бул жагынан бизди эки үйдөгү балдар сүрөп кетишти. Өзүбүздө болсо мурдатан ортодо өтө чоң сый бар эле.
– Калмурат Садиевич мамлекеттик деңгээлдеги кызматтарды өтөгөн инсан, азыр эмне иш кылат, өз оозуңуздан дагы уксак?
– Ооба Кыргыз мамлекети үчүн абдан эмгек сиңирген инсан. Азыр ардактуу эс алууда. Совет өкмөтүндө СССРдин көп жеринде, Түркмөнстан, Венгрия, Казакстан, акыркы жылдары жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө Президенттин астындагы аскердик күчтөрдө кеңешчи болуп кызмат өтөгөн. 1993-жылы республиканын Коргоо министрлигинде, андан кийин 8 жыл Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары кызматында иштеди. 2002-жылы КРнын Чек ара кызматы Президенттин Жарлыгы менен бекитилип, биринчи төрагасы болду. Бардык нерсенин биринчи башталышында жоктон барды жаратып, ишти улантып кетүү жетекчиликтин мыкты сапаты. Даяр нерсеге келип иштеген башка нерсе. Эгемендүүлүктөн кийин он эки жыл ачык турган чек ара ошол учурда Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен толугу жабылды. Заставалар ачылды, аларга өзүнчө шаарча, жашай турган жери, автопаркы, кампасы, ашканасы жана башка атрибуттарды курганга убакыт да, каражат да жок кезде жолго коё алды. Кыргызстандагы далай оор кырдаалдарда чыныгы аскердик генерал катары аянбай алдыда жүрдү. Баткен, Чаткал аймагында болгон курч окуяларда мамлекетибиздин коопсуздугун сактоодо аянбай кызмат кылды. Сөздү удулу келгенда айтуу керек болсо, генерал бүт өмүрүн өлкөгө арнаган кызматы кийин мамлекеттик деңгээлде толук бааланбай калганы өкүндүрөт.
– Жеке турмушта жездебиз кандай адам, кандай түйшүктөр менен алексиздер?
– Өтө тынчы жок, мээнеткеч, чарбачыл адам. Босогодон төргө чейин ар бир нерсенин орду болушун, убакытка тактыкты, убадага бек, кыска сүйлөөнү каалайт. Позициясы жок, өзгөрүлмө мүнөз адамды жек көрөт. Ойлонгону балдар, үй-бүлө келечеги. Бош убактысында интернетте олтурат да мамлекетте болуп жаткан күнгөй, тескейлүү маселелер да жүрөгүнөн өтүп турат. Мен болсо эркиндикке көнгөм да, бирок эркиндикте да чоң жоопкерчилик бар, ошон үчүн эркиндиктен да этияттоо керектигин мурун эле кармачумун. Эми аскердик тартипте жашаганга жакындасам, жездеңер болсо чыгармачылыкка көз салып, кызыга баштады, окурмандарымдын бири катары жазганыма сын көз менен карап турат, кыскасы Бартелеми “Ким түбөлүк өзгөрбөсө, ал чыныгы күлкү келтирүүчү адам” дегендей, бир-бирибизге карап өзгөрүүдөбүз го деп калам, балким бул да жакшыдыр.
– Окурмандарыңызды эмне кызыктырат?
– Билбейм, бирок окурмандар үчүн Гёте айткандай “ырлар эң жакшы болуш керек, же такыр жазылбашы керек”. Мага фейсбукта күндө жүздөгөн каттар, билдирүүлөр, пикирлер, өтүнүчтөр келип турат, баарына жооп кылууга жетише албай калам, бирок ырларды жиберип турам. Демек окурмандарымда бир аз кызыгуу бар деп ойлойм.
– Күтүүсүз коңгуроо чалганыбызга жооп узатканыңызга рахмат, жакшы туруңуз.
– “Кыргыз Туусунун” 95 жылдыгы менен мен дагы бир тууган жамаатыма куттуктоо айтып, ыраазычылык билдирем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *