Катуу жаанга карабай жолду жөнгө салган милиционерлер сыйланды

Бишкек Кайгуул милициясы өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Жетекчилик ишинен айырмаланган Кайгуул милициясынын 11 кызматкерине ыраазычылык билдирди. Алардын катарында катаал аба ырайына карабай кызмат өтөгөн Азим Асанов менен Бакыт Абдыкадыров дагы бар. Кайгуул милициясынын башка кызматкерлери профессионалдуулугу жана кылмышты изи сууй электе ачкандыгы үчүн грамота алышты.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда катуу жааган жамгырга карабастан жолдун кесилишине туруп алып, автоунаа кыймылын жөнгө салып жаткан Кайгуул милиция кызматкеринин видеосу тараган. Ал Кайгуул милициясынын кенже инспектору Азим Асанов экени билинген.