Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде жеңди

2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Мьянманы 7:0 эсебинде жеңди.

Беттештин 1-бөлүгүндө Ак шумкарлар 5 гол киргизгенге жетишти. 2-бөлүктө дагы 2 гол кирди.

Оюнда Эдгар Бернхардт 3 гол жаратты. Ал эми Алимардон Шукуров 2 гол, Гулжигит Алыкулов, Валерий Кичин да каршылашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Кыргызстан курамасы F тайпасында Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япониянын курама командалары менен туш болгон. Мурунку оюнда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган.