Шапа акенин жоруктары: Кокон гилас
Азыр, “дасторкондун көркү мине?”- десе, жабыла “Бөтөлкөлөр” дейбиз. Арийне, жаңылыптырбыз. Дасторкондун ажарын ачкан нерсе – кокон гилас экен. Кыргызда конок күтүү өзүнчө ырахат эмеспи. Бабыраган үйүмө бакыт кирип келчүдөй, мен дагы жакын санаалаштарымды чакырып, чай-пай берчү күндүн сааты келип калган эле. Аялым жазып берген тизмени көтөрүп базарга жөнөдүм. Тизменин башында “Кокон гилас” деп ыйраң-буйраң жазылып туруптур. Дүңүнөн үргүлжү сатчу базарды көздөй баратсам, кадимки Шапа акам отурат. Көңүлү суз. Кудая тооба, ушундай да болот экен. Шапа акамди көрөрүм менен кокон гилас көзүмө тартыла түштү. Анын кокон гиласы акылыбызды өстүрбөсө дагы, курсагыбызды кампайтып, кулагыбызды нечен ирет чойдурду го, чиркин. Менин алдымды торой басып, бооруна бекем кысып:
— Кабар албайсың, чалдын баласы… — деп тер баскан жүзүн сүртө, калпагын алганда, айыл жыттанып кетти.
— Келгениңизди билбедим да, Шапа ака, — дедим.
— Бүгүн келдим. Ээ, бир келип калдым да, үка. Жөн эле айтып койдум, чалдын баласы… Энемди Үч-Коргондон тааныдым… Тур!.. Чай саткан жерге апар… — деди.
Экөөбүз чайканага барып жайланышып отурганда Шапа акам узун сабак кебин баштады.
— И-ээ, чалдын баласы, быйыл кокон гилас өлө болду. Шиңгил-шиңгил жөн эле. “Пул болуп калат, апар” дейт да, жеңең. Анан шорум катып жөнөп атпаймынбы. Жеңең экөөбүз гилас эгип, отоп-бутаганыбыз менен онун эгеси буякта экен. Талтайып аягым талыганча тергеними айтпа. Жашиктерди толтуруп, машина жалдап жөнөдүм анан. Үмүтү додо-додо үйүлгөн гиластай жеңең калды, күтүп. Келатабыз зымылдап. Бир жерге келгенде форма кийгендер токтотуп калды. Жаш балдар экен. Мен дагы түштүм. Машийнанын эки жагын карап текшерип, “Өзбекстандан чыктыңарбы?” деди. “Жок!..” дедик жабыла. “Кана мунун дакимити?” деди улуураагы. “Ушуга да дакимит керекпи? Жерге түшүп бекер ысырап бовосун деп, Бишкекке апаратам, үка… Быйыл өлө болду да…” дедим. “Давай, аксакал, дакимитин көрсөтүңүз?” деп басып кетти. Оо, нары басып кетти. Сүйлөшкүсү келбейт, кысталак. “А” десем көнбөйт, “бу” десем, көнбөйт. Таз-за эзди. Бир убакта кичүүрөгү, “Майли, аксакал экенсиз, сиздин сакалыңызды сыйладык. Эми кокон гиластан кичине таштап кете бергиле…” деп бир челек сунат. Написин кара эй, үка. “Бериң, бовосо кетирбейт…” деди шоопур бала. “Макул!..” дедим. Анан дагы сапар улап жөнөдүк.
Көзүм илинип кетиптир. Нукуп эле капталыман бирөө түртөт. Чочуп ойгонсом, шоопур экен. “Ава, дагы дакимит сурап атышат…” деди. Кеч күүгүм кирип калыптыр. “Жанагыдан берип кутулалы. Сиз түшпөй эле коюң…” деди кайра. “Кутулчу, үка!..” дедим, чоң кылмыштан кутулчудай. Түн коюу. Бу шоопур деген жаланып турчу эле. Мунуң паказ кам сөз экен. Келатабыз зымырап. Ала-Белге келгенде, “Өлдү!..” деди шоопур. Балону жарылыптыр. О жериң өлө суук турбайбы. Эптеп алмаштырдык. Ошерде эки-үч жашиктин бетин үшүк уруп кетиптир. А бу жакта үшүк урганын карабайт окшойт. Апкетишти го. Шонтип, чалдын баласы, дабан ашып айыл аралаган түз жолго түшкөндө, таң агара баштады. Баягы жол тоскондор карга пок чокуй электе турушат да, какайып. Токтодук анан. “Товар кимдики?” деп бириси, четинен жей баштады, кудай жалгап. “Меники!..” дедим. Ичимен дагы бир аз жей түшсө деп атам. “Каяктан, бу мине өзү?” деди тамшана. “Кокон гилас, үка. Үйдөн апкелатам…” десем, “Өзбекстанданбы?!” деди. “Жо-ок, Жаллабаттан!..” дедим. “Кой, аксакал, башты оорутпа!.. Кокон каякта экенин биз дагы жакшы билебиз!…” дейт тооба. “Ээ, үка аты эле “Кокон гилас” бовосо, биздин эле короодо өсөт. Кошуна Бекжандыкында ондон көп…” дедим туталана. Тиги жигит сустая мени тиктеп: “Машийнаны четке чыгарып койгула…” деп басып кетти. Ары басат, бери басат. Көп болсо бир челек сурайт да, деп турам. Шоопур жигит жандай басып келип, “Ава, куругунан бериң, бовосо кетирбейт…” деди. “Канча?..” десем, “Токтогулдан бирди карматың, кеттик…”дейт. Шу 100 сомдо Токтогулдун сүрөтү бар экенин ошерде билдим, чалдын баласы. Иши кылып шоопур жигит, “бериң…” деп, кошо тоношуп келе берди.
Таң супа тартып калганда, базарга кирип келдик. Кызыгы ушерден башталды, чалдын баласы. Анда түшүрөйүн десем, түшүрбөйт. Мында түшүрбөйт. Айлам куруду. Бир убакта шоопур келди. “Рэкеттер акча сурап атат, бовосо машийнаны тургузбайт…” деди. Токтогулдан бешти сурашыптыр, бейнысаптар. Беш тыйынга кызыкпай, үйдөн эле сатып ийсем болмок экен деп калдым, шондо. Эки кагаз берип, жашикти түшүрүп атсам, эл басып кала жаздаса болобу. Кошо өстүрүп койгонсуп, талашканын кантесиң. Карасам, бир аял жашикти көтөрүп баратат, бейгам. Сурап койбойт, тооба. “Оо, акчасын төлөбөйсүңбү?” десем, “Аласың да…” дейт кебелбей. Чуркап барып колунан жулуп алдым эле, “Акча үчүн өлгөн экенсиң да!..” дейт. “А өзүңчү!..” десем, “Ишиң мине!..” дейт. Шу мен, “Ишиң мине!..” деп айта албадым, үка. Көңүл муздайт деп ойлошпойт экен, буларың. Шоопур жардам берип, аш-паш дегичең сатып, отуруп калдым. Бу базарда далдалчы деген болчу эле. Далдалчы бовой эле, тескерисинче, буларың дал-далыңдан үзө тартып кеткенден кайра тартышпайт го, — деп Шапа акам жол азабын айтып отурду.
— Деги жол киреңиз акталдыбы, Шапа ака?.. – дедим анын кейиштүү өңүнө тигиле.
— Ие, актабаса койсун… Шунтип пайда таппай эле койдум!.. – деди бу турмуштан түңүлгөндөй.
— “Чыда, териң жылтырак болот…” дегенди билбейсизби. Сиз дагы бир-ар күн ушерде жүрүң эле, карышкыр болуп каласыз, Шапа ака, — дедим тамашага чала.
— Базар шуларга, буйрусун, кетем, чалдын баласы!.. “Торгой” базары беле?..
— Жо-оо, “Дордой”десеңиз…
-Ии, ошерге барып, жеңеңе коёндун жүнүнөн жемпир алышым керек. Ону кийбесе шакыйы кармап калат. Парипинин аялы биринчи кийип бааринин, ысытмасын чыгарып атат… – деди чапанын кымтылана.
— Эми эс алып, эртең саардан барың… Жакшы соода кыласыз…
— О жерге барганда дагы талап кетишпейби… Жемпир саткандар басып калбайбы дегеним да…
— Сиз ондон коркпоң да… – дедим какшыктай.
— Корккондо не, үка… Менин бир чочуганым, шундай жол азабы, соода азабы күчүндө турса, бишкектиктер кокон гилас жебей калабы дейм… Мен бир ырыскы ташып келдим да… Туурубу?.. – деди мага үмүттүү тигиле.
Шапа акам бугун чыгара сүйлөп бүткөн соң, айыл-апаны сурашып көпкө отурдук. Улам терин жеңи менен сүртүп, чайдан шор-шор ууртаган акемдин жүзүнө карап, додо-додо үйүлгөн гиластай үмүттүү жеңемди эстедим. Абышкасынын азыркы абалын көрсө, не гана болуп кетер эле. А Шапа акам болсо бош калган жашиктериндей үмүтү каңгырап, бир несеге нааразы болгондой маанайы суз отурду. Чын эле ырыскы ташып келди эле да…
Анан сыртта кокон гиласты кып-кызыл эриндери менен акырын үзүп алып, тамшанып бараткандарды көрүп, шулар Шапа акамдин түйшүгүн билди бекен деген ойго байландым.