Атамбаевдин иши боюнча сот отуруму 14-октябрга жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча алгачкы соттук отурум болбой калды.

Адвокат Сергей Слесарев маалымдагандай, Атамбаев сотко келүүдөн баш тарткан. Анын мындай укугу бар экенин белгилеген адвокат: «Бардыгы мыйзамдуу. Сот кандай кадамдарга барат, бул анын чечими», — деп билдирди.

Натыйжада соттук угуу 14-октябрга жылдырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *