Парламент апта ичинде: Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

 

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Мыйзамда эске алынбай калган жагдайлар

“Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштелип чыккан мыйзам долбоору энергетика чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттеринин объекттерине толук жана сапаттуу текшерүү жүргүзүү максатында Өкмөт тарабынан демилгеленди. Аталган мыйзамда энергетикалык тармактын өзгөчөлүктөрү эске алынбай калган. Ошондон улам, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерин алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен текшерүүгө өбөлгө түзөт. Мыйзамга ылайык, жогорку тобокелдик даражасындагы объектилер жылына бир жолу гана текшерилет. Ошондуктан, текшерүүнүн жаңы принциптерин аныктоо зарылдыгы келип чыккан.

Ал эми текшерүү жөнүндө алдын-ала эскертүү экологиялык жана техникалык коопсуздукка терс таасирин тийгизип, алар текшерүү убактысын алдын-ала билгендиктен бузуу фактыларын жашырып, кетирилген кемчиликтерди үстүртөн жымсалдоо менен кутулуп кетүү амалын жасоого жол берилген.

Айып пулдар азаят

Бул боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген топтун мүчөсү депутат У.Ормоновдун айтымында, Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Анчалык олуттуу эмес бузууларга жогорку айып пулдардын туура эмес коюлушуна нааразы болгон жарандардын кайрылуулары көбөйүүдө.

Аны менен катар аталган мыйзам долбоорун колдогон айрым эл өкүлдөрү тарабынан жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экени, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканы, автоунаалар жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кетпегендиги, андыктан аны жоюп салыш керектиги, ошондой эле, чоң трассаларда жүрүүдө ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл экендиги айтылды. Натыйжада жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы А.Исраилов бул маселени иликтеп көрүп, бир чечимге келүүгө убада берди. Ал трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/сааттан 110 км/ саатка чейин көтөрүү керектигин кошумчалады.

Депутат З. Жамалдинов мыйзам бардык жарандарга бирдей иштеши керектигин айтып, айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин азайтылып жатканын, ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар экендигин эстен чыгарбоону жана башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналарына токтолду.

Камсыздандыруу франшизасы деген эмне?

Тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жана бардык камсыздандыруу уюмдарына милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу укугун берүүгө багытталган мыйзам долбооруна токтолгон эл өкүлү Д.Бекешов тараптардын макулдашуусу боюнча турак жайдын сапатына жараша камсыздандыруу суммасынан 10% өлчөмүндөгү камсыздандыруу франшизасын (франшиза – милдеттүү камсыздандыруу келишими) белгилөөнү сунуш кылган. Камсыздандыруу франшизасы камсыздандыруу учуру жаралганда камсыздандыруучуга төлөп берилбеген акча суммасы болуп саналып, ал камсыздандыруу уюмунун тобокелчилигин азайтууга жана камсыздандырып ордун толтурууга чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мыйзамдын 8-беренесиндеги камсыздандыруу учурларынын суу каптоо, узак жаан, жер алдындагы суунун деңгээлинин жогорулашы, катуу жаан сыяктуу бир катар түрлөрүн алып салуу сунушталган. Бирок аталган мыйзам долбоордо күндөп-түндөп жааган кар, катуу төккөн мөндүр сыяктуу жагдайлар эске алынбай калган.

Адал эт паркы курулат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорун ишке ашырууда тараптардын ортосунда макулдашууну ратификациялоону сунушташты.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да бар. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

Аталган долбоордогу келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы 380 миң доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миң доллар. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы. Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстан Иран, Вьетнам, Араб өлкөлөрүнө жылына 1,5 миң тонна эт экспорттойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *