“Ала-Тоодогу” Усубалиевге арналган көргөзмө

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 9-октябрда саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Президенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Турдакун Усубалиевдин небереси, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиев, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Ал жерде мамлекеттик ишмердин бала чагынан тартып, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетин жетектеп турган учурдагы таржымалы сүрөттөр аркылуу чагылдырылган. Алардын арасында ата-энеси, үй-бүлөсү, кыргызстандык жана чет элдик ишмерлер менен бирге түшкөн сүрөттөрү дагы бар.

Алмаз Кененбаев аталган маараке Кыргызстан дын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди эсте калтыруу максатында өткөрүлүп жатканын айтып, аны белгилөө боюнча Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу ушул жылдын февралында чыкканын билдирди.

— Бул буйруктун алкагында 18 пунктан түзүлгөн программа иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө Т.Усубалиевдин элесине арналып, өлкө боюнча иш-чаралар өтүп жатат. Мектептерде ачык сабактар өтүп, китептер чыгарылууда, документалдык тасма даярдалып жатат. Убакыттан пайдаланып, шаардыктарды сүрөт көргөзмөнү көрүп кетишине чакырып кетет элем, – деди ал.

Ал эми Усубалиевдин атын Күрпсай ГЭСине, чокулардын бирине берүү пландалып жатканын белгилеген вицепремьер-министр А.Өмүрбекова салтанаттуу иш-чара 6-ноябрда өтөрүн билдирди.

Турдакун Усубалиев 1961-жылдын 9-майынан баштап 1986-жылга чейин Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбор комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1993-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *