Карамушкинанын укугу адам өмүрүнөн улукпу?

Кечээ Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуядан кийин укук коргоо органдары алып койгон телефонуна кайгырып, депутаттык укугу сакталбай жатканына күйүп – бышты. Буга ачууланган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева кесиптеши Карамушкинага каарын төгүп, эки жүздүүлүктүн да чеги болушу керектигин катуу эскертти.

Адам өмүрү кыйылып, бирөө чырактай уулунан ажырап кан какшап жатса, күнөөсүз наристелер атасынан ажырап, жетимдиктин азабын тартып жатса, Чүй ИИБинин башчысы Самат Курманкулов бир өлүмдөн калып, чала жан болуп жатса Карамушкина эч нерсе болбогондой «укугум» — деп удургуп жатканына чыдабаган Аида айым:

— Ким гана болбосун — мурдагы президентпи, мурдагы депутатпы, азыркы депутатпы бардыгы мыйзам алдында бирдей. Сиз телефонуңуз тууралуу айтып жатасыз. Эмне айтып жатканыңызды ойлонуңуз! Эки жүздүүлүгүңүздүн да чеги болушу керек» — деди.