Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды

Садыр Жапаровдун жактоочуларынын аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок.

Анын себеби, Жапаров оор беренелер боюнча айыпталып жаткандыгы менен түшүндүрүлдү.

Жактоочулар буга макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылууга 10 күн убакыт сурашты. Ал эми сот 15-июнга белгиленген отурумга чейин мөөнөт берди.

Эске салсак, бүгүнкү, 12-июндагы сот отурумунда Жапаровдун жактоочулары анын үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам экендигин белгилеп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Анын эч жакка качып кетпөөсүнө аркасындагы 1 млн колдоочусу кепилдик берээрин дагы айтышкан.

Экс-депутат Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында Казакстандан Кыргызстанга киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал «бейбаштык», «бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү», «барымтага алуу» жана башка беренелер боюнча айыпталып жатат.