Дональд Лу: «Кыргызстан IT фирмалар үчүн хаб боло алат»

Бишкекте “International Franchise and Trade EXPO” кыргыз-америка бизнес форуму өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы АКШнын толук жана ыйгарым укуктуу өкүлү Дональд Лу эки өлкөнүн ортосундагы соода байланышы жана анын келечеги тууралуу “24.кж” маалымат агенттигине маек берген.

Анда элчи Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык байланыш жаңы баскычка чыгып калганын айтып, бул багытта жасалып жаткан иштерге токтолуп өткөн. Ошондой эле Дональд Лу мырза Кыргызстандын маалыматтык технологиялар жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, бул багытта өлкө IT фирмалар үчүн хаб боло ала турганын билдирген.

— Кыргыз Республикасынын кардарларды тейлөө үчүн билимдүү жана квалификациялуу кызматкерлерди, компьютердик программаларга жана бизнес же мамлекеттик органдар үчүн программалык чечимдерди издеп жүргөн маалыматтык технологиялар жаатында иштеген фирмалар үчүн хаб болуп калуу келечегин көрө алдым. Кыргызстан ачык деңизге чыга албайт. Жакынкы деңиз порту бул жерден абдан алыс жайгашкан. Бул кыргыз продукциясын батышка жеткирүү үчүн транспортировкалоо баасы абдан жогору болушуна алып келет. Бул кирешени бир кыйла же толугу менен азайтат. Ал эми IT кызматтарын экспортоодо транспортировкалоо, жеткирүү жаатында эч кандай чыгаша болбойт. Анын үстүнө продукция дароо жетет, — деди Дональд Лу.

Мындан тышкары элчи Кыргызстанда программалык кызматтарды көрсөтүү жаатында талап ар дайым жогору болуп жатканын айтып, өлкөдөгү либералдык бизнес чөйрө буга жакшы шарт түзө турганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *