Өкмөт 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат

 

Өкмөт 2018-2022-жылдарга  туруктуу өнүгүү  программасын иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу  премьер-министрдин орун басары  Олег Панкратов бүгүн, 26-апрелде, «Баа берүү аркылуу дүйнөгө кайра: Биз түзө турган жакшы келечек үчүн өнөктөштүк жана ага катышуу» атылышындагы III Глобалдык форумдун ачылышында билдирди.

Анын айтымында,  2015-жылы  БУУнун башкы ассамблеясынын 70-сессиясында жана туруктуу өнүнүү боюнча БУУнун Саммитинде, кыргыз тарап БУУнун бардык мүчөлөрү менен бирге, алдыдагы 15 жылда дүйнөлүк биримдикке багыт бере турган «Биздин дүйнөнүн калыптанышы: Күн тартибинде 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү камтылган» атылышындагы даярдалган документти жактырган.

Андан сырткары, туруктуу өнүгүү багытында Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттемелер биз үчун приоритеттүү болуп саналат. Аны менен бирге учурда  президент  2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча узак мөөнөттү Стратегияны демилгеледи. Өкмөт аталган документти ишке ашырууга активдүү катышат. 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча узак мөөнөттү Стратегиянын биринчи этабы катары 2018-2022-жылдарга  туруктуу өнүгүү беш жылдык программасы иштелип чыгууда,- деп кошумчалады Олег Панкратов