БУУ Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташууга кызыктар

Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун  координатору жана БУУ Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. Жолугушуу Аванесовдун Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу багытындагы маселелерди талкуулап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашты.

Чыныбай Турсунбеков алты жыл аралыгындагы жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн Александр Аванесовго ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы мамилелерди кеӊейтүүдөгү кошкон салымын баса белгиледи.

Александр Аванесов өз дарегине багытталган жакшы сөздөр үчүн ыраазычылыгын айттып, өлкөнүн өнүгүшүндөгү парламенттин орду тууралуу учкай кеп салды. Ал БУУ Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташтыкты арттырууну улантууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Булак: «Марал»