Эртеги «Эркин Тоо» кыргыз чек арасы жөнүндө жана А.Токомбаевдин алгачкы ыры

“Кыргыз Туусу” гезитинин (№74) санына “Эркин Тоонун” №1 санына жарыяланган Э.Арабаевдин жана Осмонкул Алиевдин макалаларын бергенбиз. Бул жолу ошол эле сандагы “ЭРИКТҮҮ (АФТОНОМИЙА1 ) КЫРГЫЗ ОБЛУСУ” аталган макаланы кыскартуу менен беребиз. Эскерте кетсек, макалада кыргыз калкынын тарыхы, гундар, Чыңгыз хан чапкыны, Кокон хандыгы, Орус оторчулук саясатындагы турмушу тууралуу кеңири сөз болот. (Бул тууралуу окурмандар алдыда чыга турган “Эркин Тоо (1924-1927) китебинен кеңири таанышып алышат деген ойдобуз). Төмөндө аталган макаланын кыргыз чек арасына байланыштуу бөлүмүн жана алп акын Аалыкенин айтылуу “Октябрдын келген кези” ырын жарыялайбыз.

Гүлзада НАРМАМАТОВА, түрколог: “Эркин Тоонун” тили азыркы кыргыз тилинен айырмаланып турат”

Кыргыздын алгачкы жалпыга маалымдоо каражаты болгон «Эркин-Тоо» гезитинин 1924-1927 жылдардагы сандарын иликтеп чыгып, арап тамгасынан транскрипциялоо, керектүү жерлерде комментарийлерди берүү жана коомчулукка жарыялоо мүдөөсүн көздөйбүз. Айрыкча Кыргыз улуттук китепканасындагы бул гезиттин эски сандарын сактоодо керектүү шарттар болбогондуктан, өз учурунда колдонууга берилип тургандыктан эскирип, тытылып бараткандыктан гезиттердин Кыргыз Улуттук китепканада сакталып турган бардык сандары электрондук вариантка өткөрүлдү.

«Эркин-Тоо» гезитинин тили, түшүндүрүү ыкмасы, сүйлөмдөрдүн синтаксистик түзүлүшү, орфографиясы азыркы кыргыз тилинен айырмаланат. Эски чагатай тилине тиешелүү болгон сөздөр да изилдөө учурунда кездешпей койгон жок. Албетте гезиттин транскрипциясында мындай өзгөчөлүктөр эске алынды жана эч кандай өзгөртүүсүз берилди. Кыргыз тилинин тарыхый өнүгүп-өсүү этаптарынын чагылдырылышына көңүл бурулду. Бүгүнкү күнгө чейин гезиттин 1924-жылдагы № 1,2,3-сандарынын транскрипциясы жасалып, ошол текстке таянуу менен кыргыз журналистикасынын тарыхы окутулуп келген. Бирок, «Эркин Тоонун» 1,2,3 сандарынын мурдагы транскрипциясында көптөгөн катачылыктар кетирилгени оригинал текст менен салыштырып окуганда тастыкталды. Ошондуктан гезиттин биринчи үч саны да кайра башынан транскрипцияланды. Туура эмес окулган жерлер тиркемеде көрсөтүлүп, оңдоолор киргизилди. Жалпысынан Кыргыз Улуттук китепканасында сакталып турган «Эркин-Тоо» гезитинин 1924-1927 жылдардагы төмөнкү сандары изилденди.

Булар:

1924-жыл, № 1, 2, 3;
1925-жыл, № 6; 1926-жыл, № 118, 119, 120,121, 123, 126, 127, 133, 135, 140;
1927-жыл, № 13, 15, 16.

«Эркин Тоо» гезитинин транскрипцияланышы, изилдениши бир эле коммуникация т.а. журналистика илиминде эмес, ошол эле учурда тарых, түркология, социология, экономика, саясат таануу сыяктуу башка коомдук илимдер үчүн да кайталангыс булак болуп саналат.

Кыргыз чек арасы (Редакциялык макала, «Эркин Тоо» №1)

Кыргыз чек арасы эрктүү кыргыз облусунун чеги күн чыгышта «Хан Теңири» тоосунун чокусунан, оң түштүк күн батышка карай жүрүб Кытай мамлекетинин чеги менен «Эркештамга» барат. Андан оң түштүккө бурулуб Кашкардан Памирди бөлүб Ооган (Афганстан) чек арасына барыб тирелет. Андан күн батышка карай бурулуб Зор көл дегенге чейин барат. Мындан Шогнан болушуна чейин Памир болушу менен чектелет. Бул болушту бойлоб сол түштүккө карай «Рушан» болушуна барат. Жана ушул болуштун чеги менен Бухара республикесинин чегине барыб жетет. Бухара чегин бойлоб сол түштүк күн батышты көздөй кокон үйөзүнүн чеги менен кетип, Самаркан облусунун сол түштүк тарабындагы чеги менен Лай-лалы болушуна барыб бул болуштун чеги менен күн чыгышты көздөй найгут, кыбчак) болушунун сол түштүк тарабындагы чегине кошулат. Андан оң түштүк жагы менен «Сог» болушуна чейин келет.

Фаргана үйөзүнүн чегине барыб Чокосекбостон болушунун оң түштүк тарабына кошулат. Мындан түб-түз барыб Чымыйон болушун бөлүб, Найман болушу чегине келет жана кайта бурулуб Ичкилик болушунун чеги ичи менен жүрүб Кулаалы болушуна барат.

Араван болушунун күн батыш чегин бойлоб Ош үйөзүнүн чеги менен Ош, Анжыйан, Фаргана (Аскөбийлык) үйөздөрүнүн чектерине кошулат жана Балкаш болушунун ичи менен хам Алтын Көл болушу менен жүрүб олтуруб Кара-дарыйа суусуна чейин барат.

Кара дайра менен жогору Кокон кыштак чегине барыб Массы болушу чегинен оң түштүк тарабынан жана Наукат болушу чеги ичи менен аз баскан болушу чегин бойлоб Наманган үйөзү чегине барат. Бул үйөздүн чеги менен барыб Кызыл Жар Багыш болуштарынын оң түштүк тарабындагы чегине чейин, Нанай, Байастан хам Колтук-Сед болуштары Ташкен үйөзүнүн чегине барат. Бул чек менен Олуйа Ата үйөзүнүн чегине чейин үйөздүн чеги менен Көкүрөк болушунун күн батыш жактагы чегине дейре от-арабанын жолу менен Тоң-турбастын чокусуна барат. Мындан Александровский (Алатоо) тоолоруна барат.

Күн чыгыш жагы Талкан элинин күн батыш чегине чейин андан тотко сол түштүк тарабына бурулуб почтоо жолун кесиб, Талкан чегин өтүб жана Жайыл болушунун күн батыш хам тул тарабынан Пишпек үйөзүнүн чегине барат. Түн тарабтагы Беловодский (Аксуу) болушунун Сокулук, Чүйдүн суусуна барат. Чүйдүн бойу менен жүрүб олтуруб, Каракоңуз болушунун оң түштүк жагы менен чегине кошулат.

Андан Коштектин жонун бойлоб Алатоонун кыры менен Жаркент үйөзүнүн чегине барат. Жаркенттин чеги менен Каракол үйөзүнүн чеги менен Каркыранын тоосуна барыб, Каркыра суусуна кетет, Каркыра суусу хам Ийри суу менен жүрүб, Ийри суунун кошулган жерине барыб, Ийри суу менен Кытай республикесинин чегине Хан-Теңири тоосунун астына такалат.

Өктабрдын келген кези

Редакциядан: Баарыбыз эле Аалы Токомбаевдин ушул ыры «Эркин-Тоого» жарыяланган деп окуганбыз. Ал ырды кийин далай жолу иштеп чыгышса керек түп нускасы ушул.

Өктабр күлүмсүрөб келген кези
Энчисин өз-өзүнө берген кези
Мурунку чынжыр2 курган3 душмандарды,
Ичинен момундарды терген кези

Бул күндө кедей орун алган кези
Бел байлаб, кайраттаныб калган кези
Кан ичер кепиталдын уругуна
Айыкбас кара дары салган кези4

Бул күндө Өктабрдын ийген5 кези
Кедейге кызыл желек тийген6 кези
Колуна курал-жабдык7 алыб кедей
Ак төрөнү төшүнөн тилген кези

Бул күндө өңчөй кедей чыккан кези
«Теңдик» деб «тегизсиз» ди8 жыккан кези
Кошулуб андан-мындан эмгекчилер
Жыйналыб кызыл тууга аккан кези

Бул айда теңдик кадам баскан кези
Жан кыйыб кызыл канды чачкан кези
Куйругу Никалайдын алсызданыб
Кылчактаб артын караб качкан кези.

Бул9 күндө душманыбыз шашкан кези
Агылыб 10 кедей орун баскан кези
«Тилексиз капиталды жок кылам!» деб
Кедейлер душман көрүн казган кези.

Душманын кедей бүгүн баскан кези
Үрөйү залимдердин качкан кези
Көз жайнаб, жүрөк кайнаб эмгекчилдер
Ураанын туш-тушуна чачкан кези

Лениндин бериб кеткен белеги бар
Тапшырган кедейлерге желеги бар
Ачык жол айкындатыб алыб кеткен
Артында Ленинизм тереги бар.

Кедей таб, Лениниңдин айткан сөзүн
Үйрөнүб билбегендин ачкын 11 көзүн
Тирениб 12 Ленинизм терегине
Ачылсын кең 13 көкүрөк жайык төшүң.

Жашасын Лениндин түзгөн жолу
Жоголсун караңгынын курган тору
Жолуна Өктабрдын кедей түшүб,
Жетишсин муратына созгон колу…

А.Токомбай Сакүү

1 Автономия.
2 Транскрипция болгон эмес.
3 көргөн.
4 4 сап бүт бойдон транскрипция болгон эмес.
5 ийчи.
6 тийчи.
7 жарак.
8 деп.
9 ал.
10 ачылып.
11 ачтың.
12 тизенип.
13 күн.