«Альянс Алтын» ачык иштөө аракетинде

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Жакында К.Медетбеков атындагы облустук драма театрда Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы коомдук угуу өткөрдү. Аталган компания жакында эле өткөн Көчмөндөр оюндарына 100 миң доллар демөөрчүлүк кылган.

Компаниянын башкы директору Михаил Шубин өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.

Жерүй кени 1968-жылы ачылган, союз тарагандан кийин ар кайсы компаниялардын колунда ары бери калчанып келген. 2015-жылы ачык сынак өтүп «Востокгеодобыча» компаниясы утуп чыгып, 100 млн. долларды бюджетке төлөп берген. Мындан тышкары компания Казакстандын «Визор» компаниясы эл аралык соттон утуп алган 585 млн. доллар доону төлөп берүү милдетин да мойнуна алган.

Компания өз милдеттемелерин так аткарып, быйылкы жылдын сентябрь айын кошкондо бюджетке 575 млн. сом, «Бакубат Талас» фондусуна 450 млн. сом чегерген.

Учурда Жерүйдө иштер жигердүү жүрүүдө. Эң негизги курулуш – алтын ылгоочу фабриканын 75%га бүттү. Калган объектилер, инфраструктура 95%га даяр. Октябрь айынын этегинде карьерди иштетүү, руданын запасы даярдалгандан кийин, декабрь айынын этегинде, январь айынын башында алтын өндүрүү башталат.

Бирок фабриканы иштетүү оңой эмес, калыпка, нукка түшкөнчө жарым жыл убакыт керектелет. Бүткүл дүйнө жүзүнөн сатылып келинген, баасы кымбат 600дөн ашуун жабдуу толук иштетилиши керек.

Азыркы учурда 20га жакын подрядчы ишканада 900 адам эмгектенсе, анын ичинде 517 адам Талас облусунан, 321 адам Бекмолдо айыл аймагынан.

Конкурстук негизде, байкоочулардын катышуусунда жумушчулар, адистер тандап алынып окутулууда. Алар Казакстандан өндүрүштүк тажрыйбалардан өтүп, ишке каныгышат. Октябрь айынан тартып адистер ишке алына баштайт. Жылына Жерүйдө 700дөй жумушчу иштейт, ал эми келээрки жылдын биринчи кварталында 1000ден ашуун адам эмгектенмекчи. Мындан тышкары, компанияны тейлеген көптөгөн фирмалар, ишканалар да болмокчу.

Кийинки жылдан тартып компания өлкө бюджетине 2 млрд. сомго чейин салык төлөй баштайт. Мунун ичинен чоң көлөмү Талас облусуна түшмөкчү. Ал акчалар пайдалуу жумшалышына биргеликте аракет жасалат.

«Бакубат Талас» фондусу өзүн актап жатат. Бүгүнкү күндө 450 млн. сом берилип, анын 60%ы үстөгү аз насыяларга, 40%ы социалдык долбоорлорго кайтарымсыз финансыланууда. Ал долбоорлордо маданиятты, спортту, социалдык колдоо, инфраструктуралар камтылган. Өзгөчө облустун бардык аймактарында жарыктандыруу иштери жасалып, элди кубандырууда. Ал иштер дагы улантылат.

Кыргыз элинин уникалдуу ыйык жайы – Манас Ордону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлдү, ал улантылмакчы. 4 млн. сом төө буурчактын элиталык сортторун сатып алууга жумшалды. Ал эми банктар аркылуу 8% үстөк менен насыяларды берүүгө «Бакубат Талас» фондусунан 188 млн. сом жумшалган.

Экология боюнча дүйнөлүк, европалык нормалар бекем сакталат. Калдыктар сактоочу жай да коопсуз жерге курулган. Жер алдынан чыккан булактар жок. Алгач «Аалы Төр» деген жерди сунуш кылышкан. Экологиялык жактан оңтойлуу болгон менен, жер алдынан булактар чыгаары белгилүү болгон.

Күзөт кызматына таластык 44 тургун болсо, анын ичинен 25и Бекмолдо айыл аймагынан. Жакында ОИИБ менен келишим түзүлүп, атайын жайларды, кампаларды, КППларды милиция кайтармакчы.

Өндүрүш ишке киргизилгенде, алгач технологияны мыкты билген дасыккан инженертехник кызматкерлер иштеп, жергиликтүү кадрларды үйрөтүү негизги максат болмокчу.

Ал эми Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев экологияга зыян келет деп түшүнбөгөн адамдар чуу чыгарууга аракеттенип жатышканын сынга алды. Анын айтуусу боюнча, өндүрүш иши башталып, компания өз чыгашаларын жаап алгандан кийин, балким мамлекет өз шарттарын коет. Эгер компаниянын ишине тоскоолдуктар жаралса, анда 1 млрд. доллардан ашык доо коюлуп, ал өлкө элинин мойнуна илине турган карыз болуп калышы мүмкүн. Андыктан алтын өндүрүүгө аз убакыт калганда андай нерселерге бөгөт коюу туура болот.

Бекмолдо айыл аймак башчысы И.Каныбеков ишке орношо албай калган айрым адамдар ар кандай сөздөрдү чыгарышып жаткандарын, ал эми калдыктар сакталуучу жайлардан булактар чыгат деген имиштер жеринде казуу иштери менен төгүндөлгөнүн айтты.

Эмгек ардагери Садырбек Оторбаев Кыргызстан кандайча эл аралык сотто «Визор» компаниясына 585 млн. доллар доого жыгылганын айтып берди.

– Аталган компания «Аалы Төргө» уу калдыктар сакталуучу жайга жер сурап райондун, облустун, айыл аймактын жетекчилердин баарына кол койдуруп алып, бирок Кыргыз Өкмөтү жерди бербей койгон деп эл аралык сотко кайрылган. Сот «Визордун» ири көлөмдөгү доо арызын канааттандырган, – деди ал.

Анын пикиринде, эгер «Востокгеодобыча» кетип калса, экинчи конкурс өтпөй калмак, жер казынасы жөнүндө мыйзамына ылайык, кайталап өткөргөн конкурс өтпөй калса, Өкмөт алтын кенди жалпы мамлекеттик мааниден чыгарып аукционго коймок, анда азыркыдай соцпакет деген болмок эмес.

Ошентип коомдук угууга катышкан 400дөй адам «Альянс алтын» компаниясынын алгылыктуу аракеттерин колдоого алышаарын билдиришти, көпчүлүгү өздөрүн кызыктырган суроолорго так жана толук жоопторду алышты.