Тагдыр: “Көпөлөктүн” баяны

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бул кыз экөөбүз социалдык торчолордун биринде тааныштык. Кээде менин баракчамдагы постторума өз пикирин жиберип калчу. Бара-бара экөөбүз көп сүйлөшчү болдук. Анткени, улам кат жазган сайын анын саптарынын ары тереңинде кандайдыр сыр жатканын байкачу болгомун. Журналисттик ишимден улам, бир күнү аны маектешүүгө чакырдым. Көпкө чейин убактысы жок экенин айтып жүрүп, акыры: “Мен сизге өзүмдүн тагдырым тууралуу айтып берсем, жазасызбы?” – деди. “Жазам”, — дедим. Бирок акыркы сөзү мени эңги-деңги кылып жиберди: “Мен “көпөлөк” болуп иштейм… Жолуга бересизби?” Ошентип, “иш ордунан” жолуктук. Мен тек гана айткандарын угуп, муюп отурдум. Айтчу сөзүмдү акырында айтам деп ойлогом, бирок…

…Бала кезимде мен деле бактылуу, бардар үй-бүлөлүү, барпаңдаган камкор күйөөлүү болгум келчү, – деп аңгемесин баштады. – Өзүм болсо, аппак халат кийип алып, дарыгер болуп иштесем дечүмүн. Кээде ыр да жазчумун.

Алгач ушундай тагдырым үчүн ата-энемди күнөөлөчү болдум. Алар болсо, тескерисинче, мени күнөөлөп жүрүшөт.

Эми ойлосом, мен өз бактымды кызыл чиедей бөбөктөрүмдүн курсагын тойгузуу үчүн курмандыкка чалыпмын. Ооба, алардын жалдыраган көздөрүн карап туруу мага канчалык кыйын эле! Айрыкча, үчкө эми гана чыккан эң кичүүбүз Кубан, андан эки жаш улуу Айжан, Бакыт, ортончубуз Гүлжан, Таалай! Баарынын улуусу мен – он алтыда болчумун.

Атам менен апам, өздөрү айтмакчы, колдорунан эчтеке келбеген соң, ушунчабызды жабыратып эмнеге жарык дүйнөгө алып келишти? Бир жолу бышактап ыйлап жаткан апама: “Бага албагандан кийин эмнеге көп төрөйсүз?” – деп койсом: “Өзүм эле болсом деген өзүмчүлсүң! Тилегиң жаман сенин!..” – деп катуу таарынган.

Жетишпестиктин айынан атам экөө көп урушар эле. Атам акыркы убактарда көп иччү болгон. “Мен акмакмын! Менин колумдан бок келбейт! Мен силерди ачка кылдым… жылаңач калтырдым! Мени кечирчи, Сейилжан? Таалай? Гүлжан?..” – деп ансайын ар бирибизден кечирим сурап, ыйлай берчү! Ага кошулуп кичинекейлер ыйлап, ал аз келгенсип апам уңулдап, ансыз да тар, муздак үйүбүз ого бетер жагымсыз болуп кетчү.

…Бир күнү апам менен атам өздөрүнчө эле күйпөлөктөшүп, кайдадыр даярданып калышыптыр. Мектептен келген сайын алардын эки жерде үрпөйүп отурушканын же эки жерде томурайып жатышканын көрчүмүн. Ошондуктан, алардын бу жайдаңдаган жүрүм-турумдары мага табышмак да, таңкалыштуу да эле.

– Секу, атаң экөөбүз Россияга иштегени кетели деп жатабыз, – деди апам менден уруксат сурагандай тиктеп.

Же күйүнөрүмдү, же сүйүнөрүмдү билбей, биринчи эле оозума ушул келди:

– А… бизчи?

– Сен чоңоюп калбадыңбы, кызым, балдарга сен барсың да. Атаң экөөбүз жетип алсак, иштесек, акча салып турабыз. Ага чейин, бир-эки ай эптеп жашап турасыңар да? – апам мени үмүттөнө карады. Не дээримди билбей турдум.

– Кантип? Аларды кантип багам? – ый, үмүт аралаш араң унчуктум.

– Ансыз деле сен багып жатпайсыңбы, кызым. Атаң экөөбүз кетсек, тескерисинче, сага жеңилирээк болот. Эптеп чыдап турсаңар, биз да акча жөнөтүп турабыз. Тамакашыңарга жумшап, артканын кийинип, андан артканын чогултуп. Ошентип аракет кылбасак, ушинтип жүрө беребизби? Башымды ийкедим. Атүгүл алардын иштейбиз дегенинен улам, менде кубаныч пайда болду: “Чын эле, элдин баары ошентип, Россияда же башка жактарда иштеп, оңолуп жатышпайбы!” – деп ойлодум.

Ошентип, Россиядан келген бирөөгө кошулуп, ошонун эсебинен ата-энебиз Россияга кетишти. Үйдөгү көздөрүн жалдыраткан кичинекей бөбөктөрүмдү багуу милдети, менде калды…

Сабактан кийин үч-төрт саатка барып бирөөнүн үйүн жыйнап, кир-когун жууп, майда-чүйдө иштерин жасап, акысына бир аз тыйын-тыпыр алчумун. Кээде ошол акчанын ордуна орто жашап калган аял өздөрүнөн артып калган тамак-ашын салып берер эле. Кээде бир-эки кил картошка, кесме, пияз же кумшекер карматчу. Мунун баары мен үчүн чоң олжо эле. Тим эле өзүм-өзүмө батпай, андайда жол арбыбай, үйүмө жеткиче шашчумун. Анткени, мен сабактан кечиккен күнү бөбөктөрүм жолумду карап, маанайлары жарык болуп, күтүп турушчу. Эшиктен кирип келгенимде эле жабыла чуркашып, колумдагы баштыкка жармашып калышат…

Бир күнү алардын шаарда окуган баласы каникулга келип калды. Ошол бала мага машинесин жууп беришимди суранды. “Шаарда жүз сомго жууйт. Макул, мен сага жүз элүү берем”, – деди. Бул анын мага биринчи жолу кайрылып, үн катуусу эле. Ошентип машинени жууп, берген акчасын алдым. Бир күнү ата-энеси жокто мени кетирбей алып калды. Бул түн менин өмүрүмдөгү эң бактылуу да, бактысыз да түнүм болду… Түн ортосунда бөбөктөрүм эсиме түштү. Алар үйдө ачка, мени күтүп отурушат да! Заманам куурулуп кетти. Ыргып туруп, кийине баштадым. Кечээкиден калган тамакашты, жигитим берген бир аз акчаны алдым да, дарбазадан атып чыктым.

Айткандай эле, баары туш-тушта томурайып, кийимчен уктап калышыптыр! Бөбөктөрүм тура калышып, мени айланчыктап калышты. Мен кудум атама окшоп, аларды боорума кысып, улам биринен кечирим сурап ыйлай бердим. Эмнеге ыйлашканын билбейм, алар да озондоп, өпкөлөп ыйлап жатышты.

Бир жумадан кийин ал бала шаарына кетип калды. Бирок, ошондон кийин менин турмушум такыр башка нукка бурулду. Мен эми тамак-аш үчүн алардыкына барып иштебей калдым. Баласы экөөбүздүн мамилебизден шекшиген ата-энеси аны шаарга ылдам кетирип, мени болсо жолотпой калышты. Бирок, көп өтпөй эле бөбөктөрүм үчүн анчамынча тамак-ашты үйгө алып келип тургандар пайда болду…

Алиги баланын досу бир кечте жарым кил кесме, бир бөтөлкө суу май, эки нан көтөрүп алып келиптир. Мен муну досунун тапшырыгы менен келди го деп, мени унутпай, алыстан болсо да кам көрүп жатканына аябай кубандым. Бирок досу бат эле менин бул кубанычымды суу сепкендей өчүрүп таштады. Бөбөктөрүмө тамак бышырып коюп, анын өтүнүчү менен сүйлөшкөнү сыртка чыкканымда, ал мага жигитимдин мени сүйбөй турганын, тек гана пайдаланып койгонун, бизге тамак-ашты өзү эле алып келгенин айтып, мындан кийин да жардам берип турарын билдирди.

Ошентип, бара-бара андан башка да “жардам бергендер” пайда боло баштады. Бирок, мен үчүн бул адегенде канчалык жагымсыз, басмырттоо сезилгени менен, бөбөктөрүмдүн курсагы тоюп, тойпоңдоп күлкүлөрү чыгып калганын көрүү – бакыт эле. Алар чынында бул тамак-аштын кайдан келип жатканын түшүнүп коюшуптурбу?.. Ошентип, айылга “даңкым” чыккан “көпөлөк” болдум.

Андан бери канча жыл өттү? Атамдар куру жалак кайтып келишти.

Бөбөктөрүм чоңоюп, ар кимиси өз жандарын багууга жарап калышты. Бирок, алар менин ким экенимди, аларды кандай жолдор менен чоңойтконумду түшүнгөндөн бери, менден бойлорун ала качып, “эже” деп айтуудан уяла башташты! Ата-энем дагы: “Биз сага ишенип кетсек, сенин кылганың ушул турбайбы! Элдин бетин карай албай калдык!” – деп катуу таарынышты.

Ошентип, эч кимге керексиз болуп, өз арбайымды өзүм согуп, ушинтип жашап калдым…