Искусствонун корифейи Калый Молдобасановго 90 жыл

Калый Молдобасанов белгилүү, кайталангыс инсан. Анын кыргыз элинин маданиятына кошкон салымы чоң. Маданияттын, искусствонун корифейи десек да болот. Жакында эле, тагыраагы 28-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына байланыштуу Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы тарабынан иш-чара уюштурулду. Бул иш-чаралар эми «К.Молдобасанов» коомдук фондунун атынан мындан ары улантылмакчы.

Бул туурасында Кыргыз радиосуна атайын уюштуруучулар тобу келип, кененкесири маек курушту. Анда Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенжегүл Карагулова, Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Сьезбек Мыктыбеков, “Молдобасан ” коомдук фондунун төрагасы Бердикул Чоюбеков, Ак-Талаа райондук тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов, К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин директору Калызбек Койчуманов, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча адиси Элмира Токтогулова, “Молдобасан” коомдук фондунун мүчөлөрү Рысбек Каналиев, Аида Сабырбекова, Терек айыл өкмөтүнүн адиси Эсенбү Мамбеталиева катышып, элибиздин залкар инсаны К.Молдобасановдун 90 жылдыгына карата райондун, айылдын алкагында кандай иш-чаралар болоору туурасында маалымат беришти.

Белгилей кетсек, 12-октябрда Ак-Талаа районундагы Терек айылында Калый Молдобасановдун жаркын элесине арналган музейи ачылуу алдында турат.

СЫЙМЫГЫМСЫҢ

Калый Молдобасанов атындагы,
Кадыр баскан атын да, затын дагы.
Ушул мектеп денемдин бир бөлүгү
Сыяктанып жылуу да, жакын дагы.
Кучагында телчигип төрөлгөнбүз,
Мээримине чулганып, оронгонбуз.
Бөлмөлөрү жылытчу бооруна алып,
Кирип келсек нөшөрдөн, бороондон биз.
Убак келип бир анан болжобогон,
Узаганбыз кыйырсыз жолго анан.
Узатты эле берчүсүн салып берип,
Багытыңда бараткан бол деп аман.
Тагдыр экен жолубуз болду түрдүү,
Түндү көрдүк, кээ бирде көрдүк күндү.
Чөгүп турсак көтөрүп көөнүбүздү,
Өсүп турсак айылыбыз эргип турду.
Мен илимге баш сайган кезден бери,
Көкүрөктө ар дайым сезгем нени:
Деми айылдын артымдан таяп турчу,
Аяп турчу эм-дому көздөн мени.
Мен берчүмдү бербеймби, береминби,
Билсем эгер өзүңө керегимди –
Ошол бакыт мен үчүн. Кудай Таала
Аман кылсын ар дайым тирегимди.
Калый Молдобасанов атындагы,
Кадыр баскан атын да, затын дагы
Ушул мектеп бар болуп, арбагында
Коргоп жүрсүн агабыз жакындарын!

Айнур Каныбекова, К.Молдобасанов атындагы Терек орто мектебинин бүтүрүүчүсү