Шапа акенин жоруктары: Майиз

Кадимки Шапа акемден кат келиптир. Былтыр Бишкекке кокон гилас алып келем деп, “энесин Үч-Коргондон таанып” кеткенден бери, дайны билинбей жүргөн. “Жайда күттүм келбедиң…” дейт катында. Сөздөрүчү эй, кудум эле Рыспайдын ырындай. Деги койчу, миң түркүн куш кабар. Саясаты, экономикасы аралаш. Ар бир сөзүнөн Туулган жеримдин илеби согуп турат, чиркин. Ошентип, үй бүлөсү жөнүндө айтып атпайбы…

… Мурда айылда арак саткан көп эле. Эми көзү ачыктар, анан катын отуруш көбөйдү, чалдын баласы. О катын отурушуң – абысын отуруш, саяк отуруш, бажа отуруш, иши кылып иттин ичегисиндей көпкө бөлүнөт. Оо, чалдын баласы, бу шайлоо дегениң жакшы экен да. Несин сурайсың. Азыр жеңең – Баекова. Шо отуруштарда чыр чыкса, талаш-тартыш болсо, раажасын убагында төлөбөсө, менин кампирим соттойт экен. Шонтип, сот болуп шайланып алыптыр. Жеңең өзгөргөн. Мансап деген мансап да. Менин дагы кадырым көтөрүлүп калды, чалдын баласы. “Биздин уруктан чоң чыкпаса дагы, келиндерден чыкканына шүгүр дегиле…” деп атам. Мурда жерге дасторкон жайчы элек, эми столго отуруп калдык, чалдын баласы. Шу дагы зор жаңылык да үка… А Дөндү акаң жүрөт. Кимди тартканын билбейм, уста чыкты, кысталак. Колхоздун эски сарайынын бир бурчун ээлеп алган. Темири болобу, жыгачы болобу, баарин жасайт. Калагын апкелишет, күрөгүн апкелишет. “Дөндү…” деп эле турушат. Эртеден кечке ошякта. Авал, “бекер эле жасап бер, балам” деп жүрдүм. Көрсө, бекер эч нерсе жок экен. Каерге барсам эле, “Төлө!..” дейт. Базар икономиясы дешет. Мен дагы Дөндүнү “Ал!..” дедим. Алып атат. Биздин уруктан шо биринчи машийна минди. Жанагы ичи тар Парпи абаң көрсүн деп, машийнаны эшигимдин алдына коюп атам. Көрсүн. Жоргосу менен ары-бери өтүп, жаман күйгүзчү эле. Эми өтпөй атат, кыйтыр Парпи. Ээ, чалдын баласы, акаңин оозу бош. Бир күнү мас болуп алып былжыраптыр. Мине деп дебейсиңби. “Балканын үнүн Зейнеп Шакееванын үнүнөн дагы жакшы көрөм… “ дептир. Ону уккан жеңең чалкасынан кетиптир. Жеңеңин көпкөнү да, (сага эле айтап атам) колу жылт-жулт, мойну жылт-жулт. “Мен турганда сөзүңдү таап сүйлөбөйсүңбү!..”деп бечара баламы соолуктурган го… Тетири карап калышыптыр дешти. Сотту жибердим анан. Оо, менин Баековам тынчытат. Такшалып калды, чалдын баласы. Келин балам, “лам” дей албаптыр. Балканын үнү эмес, маңканын үнүн айтса да үндөбөй тургандай кылыптыр, кампирим…

Анан жанагы калта кактымдын жоругун сен сураба, мен айтпайын. “Палтехти бүттүм…” дегени менен, эшиктеги Балтекче кызматы жок, атаңы… Оо эрте жазда түн жаримда келиптир. “Ата, буудайды эгип коёлу…” дейт. “Кой, балам, таң атсын…”дедим түзүк эле. Жо, бовойт да такыр. “Эгип коёлу…” дейт да, турат. “Аяш ата, биз турабыз го…” дешип, артында экөө турат бирине бири жөлөнүп. Көндүм анан. Трактир акысын, уругун берип жөнөттүм. Таң саарда Чоро келет. “Шапа ака, паказ өлтүрүпсүз да. Адам кыла турган иш эмес, ака…” деп нааразы болуп алыптыр. “Ой, Чоро мине болду?” дейм. “Жүрүң…”деди. Кашаң эшегине учкашып барсам, каңиз үкаң кечинде Чоронун кызыл ашыктан келип калган  күздүк буудайын айдап, үстүнө жаздыкты сээп таштаптыр. Күйбөгөн жерим күл болду. Чоро жакшы киши билесиң да. Чыгымын төлөп, аны нааразы кылган жокмун. Оо, шо буудай укмуш болду, чалдын баласы. Деги эле быйыл дыйкандын жылы бейм. Ташка чөп чыкты. Ушунун баарын бир келип жазып кетсең боло…

Жүзүм дагы түгөндү. Сен үчүн атайын майиз кылып койдум, чалдын баласы. А мен болсо жүрөм. Эл аман, мал аман. Ии, баса, мурда итке ат койчу элек, эми малга дагы ат коё баштадык. Кысыр калды деп бир уюбузду малчыга кошуп жибергенбиз. “Тууп койду…” деп алып келип берди, кечээ. Эркек торпок экен. Атын “Күмөн” койдук. “…дөрүн” кошподук, чалдын баласы. Артис бала укса капа болот да, туурубу?.. Агер жакында келсең, эски газит болсо да ала кел. Сотту тиктеп отура бермек белем. Анан бир карта… Парриники болсун… Аман бол көрүшкөнчө, чалдын баласы. Шапа акаң…”

Мына ушундай. Шапа акамдин элет турмушуна жуурулушкан катын окуп, мен үчүн деген таттуу майизин эстеп, Туулган жерге болгон сагынычым дагы да артып, көңүл эргип жөнөдүм. Эми “пирра” ойной турган  карта алышым керек.