Элнар ДАЙЫР: «Атактуу ырчы, актер болгум келет»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


— Элнар, сенин тойдо ырдап, укмуштай бийлеп жаткан видеоң бир айдан бери инстаграмм баракчасында аябай популярдуу болуп жатат. Каякта, кимдин тоюнда ырдап жаттың эле?

— Балыкчыда 17-сентябрда таякем кызын турмушка узаткан болчу. Кудалар тараптан бирөө менин ырдап, бийлегенимди видео­го тартып, фейсбукка жүктөп койгон экен.

— А сен канча жашыңдан бери ырдайсың?

— Тойлордо ырдап баштаганыма 2-3 жылдай болуп калды. Ага чейин кара жоргону жана Атай Өмүрзаковду туурап бийлечүмүн. Негедир, кийинчерээк бийлегенге караганда ырдаган көбүрөөк жагып калды. Ошол үчүн ыр жакка ооп кеттим. Негизи мектепте дайыма эле ырдап, концерттер болгондо алып баруу­чу болуп жүрчүмүн башынан эле.

— Канчанчы класста окуйсуң?

— Балыкчы шаарындагы №4 мектепгимназиясында 8-класста окуйм. Мурда Ленин атындагы мектеп болуп аталчу.

— Кайсы сабактарды жакшы көрөсүң?

— Кыргыз тил адабиятын, Манас таануу жана география сабактарын өзгөчө жакшы көрөм. Күрөңкеевди бүткөн Асылбек деген тааныш байке бар. Музыкалык мектепке тапшырып өтүп кетүү үчүн кайсы сабактарды мыкты билиш керек экендигин сурагам. Байке айткан предметтердин бардыгын жакшы окуганга аракет кылып жатам.

— Үй-бүлөң жөнүндө айтып берчи?

— Атам Абдыкадыров Дайырбек, апам Сейнилова Шайымбүбү. Атам мурда такси айдачу. Азыр апам экөө соода кылышат. Төрт бир тууганмын. Мен эң улуусумун. Менден кийинки иним №10 “Манас” орто мектебинде 2-класста окуйт. Андан кийинкиси бала бакчага барат. Ал эми эң кичүү иним жаңы эле төрөлдү. Менин үй-бүлөм, башкача айтканда ата-энем менин ырдаганымды колдошот. Алар менин продюсерим десем да болот. Биз Балыкчы шаарында жашайбыз.

— Сага ырчылык өнөр кимден өткөн деп ойлойсуң?

— Билбейм. Атам деле, апам деле ырдабайт. Апам ак-талаалык. Бир туугандары жакшы ырдайт дешет. Балким, апам тараптан өткөндүр. “Эр тайын тартат” деп коюшат го.

— Эң биринчи кайсы тойдо ырдап чыкканың эсиңдеби?

— Ооба. Балыкчыда телевидениеде оператор болуп иштеген Самат байкенин үйлөнүү тоюнда ырдагам. Ошондон баштап тамадалар мени тойго чакыра башташкан. Азыркы учурда Балыкчы шаарында өткөн тойлордун бардыгына эле бара баштадым.

— Тойго келгендер сага акчалай сыйлыктарды беришсе керек?

— Ооба. Эжелер, байкелер кулагыма, чөнтөгүмө акча кыстарып кетишет. Эң жакшы болгондо бир тойдон 5000 сомдой “приз” алып кетем.

— Ал акчаларды кимге бересиң, же эмнеге жумшайсың?

— Менин боюм өспөй калгандыгына байланыштуу, (организмге йод жетишпегендиктен) неотропин деген укол алып турам. Биз аны Москвадан алдырабыз. Себеби, Кыргызстанда жок. 3 күн алып, 1 күн эс алам. Анткени, абдан күчтүү. Бир айда 10-15 миң сомго дары алабыз. Төрөлгөндө жакшы эле төрөлүптүрмүн. Боюмдун өспөй токтоп калганы 1-класска барганда билинген экен. Ошондуктан, тойдон тапкан акчаларды көбүнчө дарыма жумшайбыз.

— Боюм кичинекей деп тартынбайсыңбы?

— Жок, тартынбайм. Мектептеги досторум, классташтарым, мугалим эжеагайларым: “Сенин боюң кичинекей болгон менен өтө таланттуусуң. Өнөрүңдү таштаба. Ырда, бирок, сабакты да кошо алып жүр”,- деп айтып турушат.

— “Суунун боюнда” деген ырдан башка дагы кайсы ырларды аткарып жүрөсүң?

— “Дадага”, “Ак кеме”, “Аппак кар” ж.б. ырларды аткарып жүрөм. Көбүнчөсүнүн авторлору башка. Мындан “Ак кеме” деген ырды гана мен аткарып жүрөм.Сөзүн да, обонун да Касымбек Абдрахманов деген агайым жазып берген.

— Келечекте кандай максаттарың бар?

— 9-классты бүткөндөн кийин, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, билим алгым келет. Ырчылык кесип менен катар эле актер да болууну самайм. Биринчи ырчы болуп таанылсам, анан мени киного тартылып бер деп чакырышат деп ойлойм. Ошондой эле, алып баруучу, тамада болом.

— Бош убактыңды эмне кылып өткөрөсүң?

— Бош убакта сабак даярдайм. Ошондой эле коомдук иштерге катышам. Ыр жазам. Футбол ойнойм. Ютубка кирип ырларды угам, клиптерди көрөм. Андан сырткары, биздин үйдө кыз жок да. Ошондуктан, иним экөөбүз апамдын үй жумуштарына жардам беребиз.