Футбол дүйнө: «Жарым команда» аталган – дарбазачылар

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Футболдо “гол киргизүү үчүн дарбазага түз тепкенден сырткары, дарбазачыдан кыйшык тебе билүү керек” деген кеп бар. Чынында, кире турган голдордун көбүнөн сактап, оюндун кызуусун арттырган – бул дарбазачылар.

Лев Яшин

Легендага айланган – Лев Яшин

СССРдин легендарлуу дарбазачысы Лев Яшин дүйнө легендасына айлана алды. Ал Москванын «Динамо» командасында ойноп, ички чемпионатты бир нече жолу багындырган. Мындан тышкары улуттук курама команда менен дүйнө чемпионатынын коло, европа чемпионатынын алтын жана күмүш медалдарын багындырган.

Яшин футбол тарыхында “Алтын топту” багындырган жалгыз дарбазачы. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында дарбазачынын функциясын кеңейтип, футболго өзгөртүү киргизген. Ага чейин дарбазачылар негизинен дарбаза сызыгында ойногон болсо, Яшин бүткүл айып аянтчада мыкты оюн көргөзүп, дүйнөнү таң калтыра алган.

Икер Касильяс

Испаниянын идолуна айланган – Икер Касильяс

“Алтын топтон” башка бардык бийиктиктерди багынта алган Икер Касильяс канчалаган жылдар бою “Реал Мадрид” клубунун дарбазасын коргоп келген. Дүйнөнүн беш, Европанын эки жолку мыкты дарбазачысы аталган. Андан тышкары ал командасы менен Испаниянын чемпиондугун беш жолу багындырып, чемпиондор лигасын 3 жолу жеңген.

Мындан тышкары, улуттук курама команда менен дүйнө чемпионатынын бир жолу жана эки жолу Европа чемпионатын уткан. Касильяс улуттук курама командасынын дарбазасына 76 оюн бою гол өткөрбөй рекорд жараткан.

Темир мүнөз – Оливер Кан

Оливер Кан

ОливерКан өзүнүн темир мүнөзү жана коргоочуларды башкара билгендиги менен таанымал. Ал футбол күйөрмандарына мыкты реакция жана ишенимдүүлүк сапаттары менен ассоциация болот. Сегиз жолу Германия чемпиондугун багындырып, үч жолудан Дүйнөнүн жана Европанын мыкты дарбазачысы аталган. Мындан тышкары чемпиондор лигасынын финалындагы “Валенсия” – “Бавария” беттешинде оюндан кийинки пенальти тебүүдө Кан үчөөнү тосуп, командасына алтын медалды алып берген.

Улуттук курама командасы менен 1996-жылы Европа биринчилигин жеңип, 2002-жылы Япониядагы Дүйнө чемионатынын финалына чейин жете алышкан. Тилекке каршы, ал учурдун эң таланттуу курама командасы болгон Бразилияга утулуп калган. Ал эми 2014-жылы немистер бразилиялыктардан реванш алып, 7-1 эсебинде жеңген учурда карьерасын жыйынтыктап койгон.

Фабиен Бартьез

“Укмуштуу жылтыр баш” аталган Фабиен Бартьез

Фабиен Бартьез 90-жылдарда карьерасынын чокусу болгону менен 2000-жылы дүйнөнун мыкты дарбазачысы аталган. Анда ал Франция улуттук курама командасы менен бирге Европа чемпионатын багындырган болчу. Ага чейин 1998-жылы европанын мыкты дарбазачысы наамын багындырууга да жетишкен.

Англиянын жана Франциянын 2 жолку чемпиону болуп, 1998-жылы улуттук курама командасы менен дүйнө чемпионатын жеңген. Фабиен Бартьез күйөрмандардын эсинде таң калычтуу голду кое бергени менен эсинде калган. Бразилиялык Роберто Карлос айып соккусунан чимирилтип топту буруп тебүү менен дал ушул Бартездин дарбазасына киргизген. Бул голду азырга чейин эч ким кайталай элек жана ал мыкты голдордун сап башында болуп келет.

Джанлуиджи Буффон

Чемпиондор лигасын көксөгөн Джанлуиджи Буффон

2001-жылы “Ювентус” “Пармага” 52 млн. евро төлөп, футбол тарыхында эң кымбат дарбазачы болгон. Бирок, Буффон ага төлөнгөн каражаттын бир центине да өкүнүүгө себеп берген жок. Буффон командага көптөгөн трофейлерди алып келүүгө себепкер болуп, команда коррупциялык иштерге байланыштуу экинчи дивизионго түшүрүлгөндө аны таштап кеткен эмес. Ал төрт жолу Дүйнөнүн, бир жолу Европанын мыкты дарбазачысы наамын багындырган. Мындан тышкары ал Италиянын жети жолку чемпиону.

Улуттук курама команда менен Буффон 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпионатын жеңген. Мүмкүн болгон трофейлердин ичинде чемпиондор лигасынын гана алтыны жок. Анткени заманыбыздын легендарлуу дарбазачыларынын бирине бул бийиктик эч багынбай келет. Ал ойногон “Ювентус” 3 жолу аталган турнирдин финалына чыгып, биринде Андрей Шевченко баштаган “Миланга”, экинчисинде Лионель Месси баштаган “Барселонага” утулуп калышса, акыркы финалында Криштиану Рональдо баштаган “Реал Мадрид” командасына жеңилип калган. Антсе да оюнчу учурда карьерасын жыйынтыктай элек.

Петр Чех

Чехиядан чыккан «танкист» – Петр Чех

Бул дарбазачынын улуттук курама командасынан жолу болбой калган. Анткени заманыбыздын мыкты дарбазачыларынын бири анча күчтүү эмес Чехия курама командасы менен бир дагы бийиктикти багынта албады.

Анткен менен өзүнүн таланты жана жигердүүлүгү менен клубдук карьерасында болгон бийиктиктерди жеңе алды. 2005-жылы “Челси” клубуна өткөндөн кийин ал Петер Шмейхелге таандык рекордду басып өтүп, 11 оюн бою топ өткөрбөй койгон. Ал эми 2006-жылы башына катуу сокку тийип, карьерасын аз жерден жыйынтыктап кое жаздаган. Дарыгерлердин аракети жана өзүнүн мүнөзүнүн арты менен оюн талаасына кайтып келип, атайын шлем кийип ойноп калган. Мындан улам ал “Танкист” деген лакап атка конгон. Ал бир жолу Дүйнөнүн, эки жолу Европанын мыкты дарбазачысы наамын жеңип алган. Андан тышкары 3 жолу Англия чемпиондугунун алтын медалын утуп алып, чемпиондор лигасын да бир жолу багынткан.

Йенс Леман

Атаандаштык айласын кетирген биринчи номурлар

Айрым учурларда абдан таланттуу дарбазачылар дагы негизги курамда ойной албай калган учурлар болот. Себеби, негизги курамда алардан да өткөн күчтүү дарбазачылар ойнойт. Немис Йенс Леман жана испан Сантьяго Канисарестин дагы бул жагынан жолу болбой көпкө жүрүшкөн.

Сантьяго Канисарес

Маселен, Леман улуттук курама командада көп жылдар бою Оливер Кандын көлөкөсүндө калып, 2000-жылдары гана аны негизги курамдан сүрүп чыгара алган. 2006-жылы дүйнө чемпионатында мыкты оюн көргөзүп, командасы менен коло медалды жеңип алган. Андан кийин “Арсенал” клубуна өтүп, ал жактан чемпиондор лигасынын финалына чейин жеткен. Ал тургай чемпиондор лигасынын оюндарында 853 мүнөт дарбазага топ өткөрбөй, рекорд жараткан. Бул рекордду азыркыга чейин эч ким басып өтө элек. Мындан тышкары Англиянын жана Германиянын чемпионатын багындырып, 1996- жана 2006-жылы Европанын мыкты дарбазачысы аталган.

Ал эми Испанияда төрт жолу мыкты дарбазачы аталган Сантьяго Канисарес көп жылдар бою Икер Касильясты алмаштыруучу катары ойногон. Кийин ал “Валенсия” клубуна өтүп, командасы менен эки жолу чемпиондукту багындырып, эки жолу чемпиондор лигасынын финалына чейин жете алган. А бирок улуттук курама командада негизги дарбазачы болууга мүмкүн болгон эмес.