Өлкөбүзгө өбөк болобуз!

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

“Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмеси 2010-жылдан бери өлкөбүздүн жети облусунан бир максатты көздөп бириккен эмгекчил, элет жергесиндеги кайдыгер эмес лидерлердин башын бириктирди. Булар азыр өз айылдарын өнүктүрүү жаатында алгылыктуу жумуштарды аткарып келишет.

Бирикменин негизги максаты – дүйнөлүк практикада колдонулган жана өз өлкөбүздө элге үлгү болуп кете турган жаңычыл, мыкты ыкмаларды колдонуу, аларды даңазалоо, эл арасына жайылтуу аркылуу элет жергесин, аймактарды өнүктүрүү.

Сиздин 2018-2019-жылдарды катары менен “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп белгилегениңиз, биздин көздөгөн максатыбызга да абдан шайкеш келип, бир максатты көздөп иш алып бара жатканыбызга аябай дем берди. Кадимкидей канат байлап, кубанып калдык. Сиздин демилгеңиз түшүнгөн адамдарга чоң колдоо болду. Элет жергесиндеги элге чоң үмүт жаратканын ошол жерде кошо аралашып жүргөн биздин лидерлер күбө болдук.

Биздин бирикме ушул күнгө чейин Түштүк Корея Республикасына 300дөн ашуун Кыргызстандык азаматтарды (мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерден жана элге пайдалуу иш жасайт элем деген жергиликтүү жамааттардын лидерлерин) алып барып, атайын окуу борборлорунан аймактарды өнүктүрүү боюнча тренинг-курстарга алып барып окутуп келдик. Алар ошол жактын тажрыйбасы менен кеңири таанышып, лидерлик сапаттарын ого бетер чыңдап, өнүктүрүп келишти. Ошолордун ичинен тандалган аракетчил, уюштуруу жөндөмүнө ээ болгон лидерлер менен чогуу азыр 30га жакын айылдарда бир нече социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Тажрыйба топтоп келген лидерлер өз айылдарында көптөгөн элге пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып жатабыз.

Алардын айрымдарына токтоло кетели:

 — Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айылында мурда таза суу маселеси курч болчу. Эл аргасы жоктугунан айыл четиндеги булактын шорлуу суусун ичип жаткан. Биз ал жердеги элдин таза суу көйгөйүн чечип берели деп өнөктөштөрүбүз аркылуу узундугу беш чакырымга жеткен сапаттуу суу түтүктөрүн алып бердик. Өнөктөштөрүбүз бул долбоорду ишке ашырууга 1 568 000 сом жумшады. Бирок, эң башкысы, жардам берүүдө эмес, айылдагы жергиликтүү жамаатты ойготуп, ата-бабалардан келе жаткан ашар ыкмасын жандантып, ынтымак менен чогуу иштегенге үйрөтүү эле. Башкача айтканда алардын колуна балык эмес, кайырмак берип “эми өзүңөр балык кармап жегиле” деп үйрөтүү болду. Натыйжада, жергиликтүү коомчулуктун демине дем кошулуп, айылдагы элдин жеке салымы катары өз ыктыяры менен 670000 сом акча чогулду. Мунун натыйжасында айылдагы 587 кожолук таза суу менен камсыз болду. Андан кийин ушул демилге дагы уланып, айылдагы эл союз учурунан бери айылда болуп көрбөгөн жаркыраган бала бакчаны өздөрү “Ашар” ыкмасы менен куруп алышты. Андан кийин спорттук аянтча курулуп, айылдагы көчөлөргө түнкү жарык коюлду. Өнүгүүнүн эстафетасы азыр дагы уланып жатат…

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кенжекул айылы. Элди таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорго 1 400 000 сом акчаны өнөктөштөр аркылуу кайра кайтарымсыз каражат катары таап бердик. Айыл өкмөтү жергиликтүү коомчулуктун салымы катары өз бюджетинен 1 300 000 сом акча каражатын кошту. Таза суу ар бир үйдүн короосунан чыгып, 2500 киши үзгүлтүксүз суу менен камсыз болушту. Мурда сууга жетпей жүрүшсө, азыр ашкан сууну коңшу айылга да жеткирип аларга тең бөлүшүүдө. Ошондон кийин бул айылдын элинин “көзү ачылды”. Мурда кайдыгер болгон айыл башкача нукта өнүгө баштады. Биз баштап берген демилгени жаштары улантып, көчөлөрүн өз күчү менен оңдоп, түнкү жарык орнотуп, бала бакчасын жолго коюп көйгөйлөрү чечилди. Бул туурасында сиз Москвага расмий сапар менен барып, мигранттар менен жолугушкан учурда Кенжекул айылынын жаштары дагы баса белгилеп, “Кенжекул айылында социалдык маселенин бардыгын чечкенбиз. Сиз бизге минифабрика, минизавод курууга инвестор таап бериңиз”, — деп суранышкан. Азыр бул айыл жумушсуздукту жоюу багытында изденип, миницехтерди ачканга долбоор жазып, элди жумуш менен камсыздаганы жатат…

— Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кереге-Таш айылында узундугу 8 чакырымга созулган Ак-Корум – Кереге-Таш каналы курулуп, ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул канал илгертен бери, кылымдар бою суу чыкпаган 40 гектар кайрак жерге сугат суу тартылып келишине, суу менен дайыма камсыз болуп турушуна, ошол жерге жергиликтүү калк мөмө-жемиштерин отургузуп, киреше табышына жол ачты. Долбоорго демөөрчүлөрдү тартып, наркы 55 000 АКШ долларына барабар болгон курулуш материалдарын таап бердик. Калган жумуштун баарын жергиликтүү жамаат өз күчтөрү менен “Ашар” ыкмасын колдонуп тарыхый чоң долбоорду ишке ашырышты. Натыйжасын көрүп, өз колуңуз менен мээнеткеч аксакал Мурзапаша Маматовго сыйлык тапшырдыңыз. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, биздин лидерлер иштеген айылда инвестордун же элдин акчасын жеп алуу, коррупция деген түшүнүк жок. Бардыгы ачык-айкын, элдин назарында ишке ашып, таза иштей турган тунук бюджет принцибинин негизинде иш жүргүзөбүз.

Ошондой эле баса белгилеп кетүүчү, сүйүнүчтүү чоң жумуш – биздин адистер 2015-жылдын декабрь айында элет жериндеги айылдарды өнүктүрүү максатында “Менин айылым” деген инвестициялык долбоорду даярдап, Түштүк Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигине (KOIKA) өткөрүп бергенбиз. Анын жыйынтыгында 2019-жылы июль айында 3,5 миллион АКШ доллары суммасындагы кайтарымсыз акча каражаты мамлекетке түштү. Азыр бул каражат ГАМСУМО аркылуу пилоттук долбоор катары кирген 30 айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалууда.

Андан сырткары биздин лидерлер азыр Кыргызстандын жети облусунун аймактарында өнүгүүгө өбөлгө түзгөн бир топ долбоорлорду ишке ашырууда. Буюрса жакын арада алардын ийгилиги тууралуу да кеңири кабардар болосуз.

“Жаңы айыл кыймылы” үч принципти бекем кармап иш алып барат:

  1. жергиликтүү жамааттын аң-сезимин жакшы жакка, позитивге өзгөртүп, өзүнө-өзү жардам берип, бутка турушуна ишендирүү, үйрөтүү;
  2. Коңшуңа, көчөңө же айылыңа кыпындай болсо да пайда келтирүү менен салым кошуп, ынтымакты чыңда, эл менен биримдикте кызматташ бол;
  3. Эмгекти сүй, маңдай тер төгүп мээнет кылып, талыкпай эмгектенсең сөзсүз жеңиш багынат, ийгилик коштойт.

Биз бул принциптерди элибиздин менталитетине, шартына, көз карашына айкалыштырып – ынтымак, биримдик менен иш алып баруунун жолун таптык. Көрсө саясаттан оолак болуп эле элет жергесинде пайдалуу иштерди жасаса, эмгектенсе болот экен. Негизи эле “бирөө жасап берет” деген аң-сезимди өзгөртүп, колдон келсе өкмөттүн көзүн карабай өз алдынча иштейли дейбиз. “Мамлекеттен каражат сурабай, андан көрө колдон келип турган ишти ар бирибиз өзүбүз жасап көнөлү, мамлекетке жардам берели” дейбиз. Лидерлерибиз ушул идеяны айыл жергесинде көтөрүп эле көптөгөн ийгиликтерге жетсе болорун далилдеп, элди да ишендирип, жумуштарды да аткарып жатабыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз ушул өз алдынча иш жүргүзүп эл менен тыгыз иштешкен тогуз жылдык практикабыздан улам эл менен иштеше билүүнүн бай тажрыйбасына ээ болдук. Ошол тажрыйбаны эске алып, бүгүнкү күндө аймактарды өнүктүрүүдө кандай жол менен иш алып баруу керектигин көрүп турабыз. “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин өнөктөштөр же башка донорлор менен иштөө тартиби так жана ыңгайлуу жолго коюлган. Алдыга койгон максат, милдеттерибиз эффективдүү тартип менен аткарылып, элибизге пайда алып келүүдө. Жергиликтүү элдин, демилгечил жергиликтүү жамааттардын духун көтөрүп, дем берүү аркылуу ар кандай инвестициялык же гранттык каражатты эки же андан көп эсеге үнөмдөп, башка дагы кошумча социалдык долбоорлорду ишке ашыра кеткенге шарт түзүүгө болот деп ишендире алабыз. Эң башкысы — биз өзүбүздүн ички жан дүйнөбүздү өзгөртүшүбүз керек. Анткени негизги инвестор – биз өзүбүз. Эгерде жан дилибизди оңдоп, алдым-жуттумдан алыс болуп, кандайдыр бир жумушту аткарууга өзүбүз ички сезимибизден даяр болуп турбасак бизге тыштан келген кандай гана инвестор болбосун эч бир жардам бере албайт! Эң негизгиси ар бир адам мына ушуну сиңирип, түшүнүшү керек деп ойлойм.

Биз биринчи кезекте элет жергесин таза суу жана сугат суу менен камсыздоо (ирригация), бала бакча, жарыктандыруу, ички жолдорду оңдоо маселелерин чечүүдөгү көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурабыз. Экинчи планда калган социалдык долбоорлорду ишке ашырып, кичи ишканаларды куруп элди жумуш менен камсыз кылуу кажет. Андыктан мамлекет тараптан колдоо катары эки гана нерсени сизден суранабыз, алар:

  1. Биздин демилгебизди жана өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон иш кадамдарыбызды колдоп, “Бали азаматтар!” деген гана жылуу сөзүңүз. Мына ушул нерсе стимул катары биздин аймактардагы лидерлерибизге аба-суудай зарыл болуп турган чагы. “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин лидерлеринин бири, Мурзапаша Маматов аксакалга “Даңк” медалын жана биздин коомдук бирикмеге “Ардак грамота” берип эмгекти баалаганыңызга абдан кубанычтабыз. Сиздин ушул сыйлыгыңыз бүткүл Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан биздин бардык лидерлерге сөз менен жеткире алгыс чоң стимул берди. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз! Эгерде биз аткарган жумушту ЖМКлар келип жакындан таанышып, элге ушундай иштер жасалып жатыптыр деп убагында көрсөтчү болсо, жергиликтүү башкаруучулар дагы көңүл буруп кайдыгер карабай колдоп кетсе, биз аткарган жумуш бир канча жогорку темпте жүрүп кетет эле деген ишеничтебиз. Бир эле мисал “Ала-Тоо 24” каналынын кабарчысы Тариэл Чуңгулов өзү оператор болуп, өзү монтаж кылып, өзү бардык журналисттик шыгын колдонуп телевидение аркылуу элге туура жана өз убагында бир эле фактыны жеткиргендиги — жалпы Кыргызстандын жарандарына дем-күч берди. Үмүт жаратты. Себеби биз аткарган жумуштар өкмөткө отчёт берүү үчүн эмес, чыныгы айыл элинин муктаждыгын чечүү үчүн, айылдагы жергиликтүү жамааттарды көтөрүп, ойготуп, дем берип тургудай болуп жасалды. Алар азыр бир ойгонуп алгандан кийин түрдүү өнүгүү пландарын, бизнес-пландарды жазып айылды өнүктүрүү үчүн ар тараптан изденип иш кылышууда;
  2. Дагы бир айта кетүүчү нерсе — Социалдык маселелерди чечүүдө иш алып барып жаткан кайрымдуулук фонддору болобу же башка каражат булактары болобу (донорлор), аларга мамлекет тараптан “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмеси менен чогуу иштөө сунушталса, көздөгөн долбоорлор жандуу жана натыйжалуу ишке ашырылат деп ишендире алабыз. Биз акчаны колго кармабайбыз. Кааласа жардам берген тарап курулуш материалын гана алып берсе, социалдык долбоорлордун калган кара жумуштарын жергиликтүү жамааттарды ишке тартуу менен биздин лидерлер өздөрү эле ишке ашырып кетишет. Себеби бизде коррупция деген түшүнүк жок. Элде күмөндүү ой болбосун деген ой менен тунук бюджет принциби аркылуу ар бир жумушту ачык айкын алып барабыз. Эмне үчүн? Себеби элдин кызыкчылыгы үчүн далбастап жасалган ишти Кудайым да сүйөт. Биз жасаган, аткарган жумуштар мекендештерибизге жөн гана жардам берүү эмес — эки дүйнөдө тең ар дайым сообу тие турган кайрымдуу, сооптуу жана улуу иш деп билебиз!

Сизди терең урматтоо менен,
Асуан Жакыпов, “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин жетекчиси