Президенттин шайланганына эки жыл… Эмнелер жасалды?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Мезгил учкул. Сооронбай Жээнбековдун Президент болуп шайлангандыгына (2017-жылдын 15-октябрында) туура эки жылдын жүзү болуптур. Бул аралыкта Кыргызстандын ички-тышкы саясатында келечекте жемишин бере турган көп иштердин пайдубалы түптөлдү, мамлекетте саясий туруктуулук сакталды, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүрдү, экономикалык өсүштөр байкалууда деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз.

Саясий туруктуулук, сабырдуу саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө чейинкилерден айырмаланып, баарыдан мурда коомдогу ар кандай саясий күчтөрдү бөлүп-жарбай, тескерисинче баш коштура алды десек аша чаппайбыз. Буга анын Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушуусун келтирсек болот (арасында мурдагы бийликтин тушунда камалып, азыр иши кайра каралып жаткан Ө.Текебаев да бар). Ошондой эле өлкөдөн чыгып Ө.Бабанов Кыргызстанга келип-кетип жүрөт. Кезинде А.Атамбаевден эл көзүнчө кагуу жеген экспрезидент Р.Отунбаева деле ар кандай мамлекеттик иш-чараларда Сооронбай Жээнбеков менен бирге катышып жүргөнүн коомчулук жакшы билет. Муну эмне үчүн айтып жатабыз? Алакандай Кыргызстан үчүн кандай гана саясий күчтөр болбосун элибиздин эртеңки ынтымагын көздөп «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу» аба-суудай зарыл болчу. Саясий сабырдуулукту тутунган Президент Сооронбай Жээнбеков мына ушул жолдо баратат. Бул туура жол.
Ушул жерден Сооронбай Жээнбековдун учурда камактагы экс-президент А.Атамбаевге карата мамилеси тууралуу унчукпай коё албайбыз. Биз айтпасак да эл ичинде болуп жаткан сөздү эч ким тыя албайт. Ошол эле эл айтып жаткандай А.Атамбаев өзүнө-өзү кылды. Дээрлик камалганга чейин Сооронбай Жээнбековдун дарегине карата айтпаган деле сөзү калган жок.
Тескерисинче, Сооронбай Жээнбеков саясий сабырдуулугун көрсөтүп бир да жолу өзүнөн чыгып А.Атамбаевге катуу айтпады. Акыры, бийликте кезинде кайнаткан коррупциясынын жана мыйзамга, коомчулукка каршы аракетинин натыйжасында минтип камакта отурат. Мунун өзү Кыргызстанда ким гана болбосун элге каршы кыянаттык кылса жазадан кутула албайт дегенди туюнта турган, келечекте сабак боло турган көрүнүш.

Эки жылда өрүш алган экономика

Кайсы гана мамлекет болбосун эң биринчи ички дүң продукциясынын көрсөткүчүнө карап баалай аласың. Ушул өңүттөн алганда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин турмушунда, айрыкча экономикада туруктуу жана ырааттуу өнүгүүнү камсыз кылган лидер болду. Муну үстүбүздөгү жылдын январьиюль айларындагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр тастыктап турат. Тактап айтканда, өткөн жети айдын ичинде ИДП көрсөткүчү 106,9 пайызды түзгөн же болбосо 3,5 пайызга өскөн. Инфляциянын жылдык деңгээли 0,5 пайызда сакталып, жыл ичиндеги орточо деңгээли 1,5 пайызды түзгөн. Экономиканын туруксуздугу эң биринчи инфляциянын өсүшүнө таасир тийгизе турганын эске алсак, бул эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. Ошондой эле ИДПга карата мамлекеттин карызы 0,2 пайызга төмөндөп, Кыргызстандын Россия Федерациясына болгон 240,0 млн. доллар карызы кечирилди.
Ошол эле учурда Кыргызстан күнүмдүк экономикалык өнүгүүлөр менен чектелип калган жери жок. Мамлекет алдыга максат көздөп өнүгөт. Буга байланыштуу Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынгандыгы баарыбызга маалым.
Дагы фактыларды келтирсек, республикалык бюджеттин кенемтеси 2017-жылы 17,7 млрд. сомдон 10,9 млрд. сомго (ИДПнын 3,3 пайызы), 2018-жылы 6,5 млрд. сомго (ИДПнын 1,2 пайызы) төмөндөгөн. Баарыбызга белгилүү болгондой коррупциядан түшкөн каражаттардын Бирдиктүү депозиттик эсебинен Бишкек, Ош, Чүй облустарына 15 мектеп куруу белгиленген. Ага 799,3 млн. сом бөлүнүп, анын 55 млн. сому өздөштүрүлдү. Чек ара жерлериндеги жол инфраструктурасын, социалдык-экономикалык абалын чыңдоо максатында, 225 млн. сом бөлүнгөн. Ошондой эле көптөн бери сөз болуп чечилбей келе жаткан киреше салыгын 100 пайыз жергиликтүү бюджетке калтыруу маселеси чечилди. Үй-бүлөлүк врачтардын жана медайымдардын айлыктары жогорулады. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун сом менен бере турган кредитинин үстөгү 9 пайызга чейин төмөндөтүлүп, «ФСХ-6» долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында 11 336 айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5 млрд. сом жеңилдетилген кредит берилди.

Сот системасы

Сот системасын реформалоо бүгүнкү күндүн башкы маселелеринин бири болуп турат. Бул багытта инновациялык технологияларды чукул киргизмейин канчалык реформаны оозанбайлы, иш жүрө турган эмес. Буга байланыштуу соттук жыйындарды аудиовидеого тартуу жана протоколго кийирүү киргизилди. Сот системасынын бюджети 38,5 пайызга (1,6 млрд. сомдон 2,1 млрд. сомго чейин) көтөрүлдү. Мунун башкы себеби, соттордун социалдык абалын жакшыртып, коррупцияга жол бербөөнү көздөйт. Соттукукуктук реформа жүргүзүү иш-чараларын мониторингге алуу боюнча эксперттик топтор түзүлүп, бул топтор республика боюнча жержерлерде болуп, сот системасындагы келип чыккан маселени ачыктап, аны чечүүнүн жолдорун көрсөтүп, жаңы процессуалдык актыларды түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестри ишке киргизилди. Кылмыш-укуктук статистикасын түзүү ИИМден алынып, кылмыш процессинин башынан аягына катыша турган прокуратурага өткөрүлүп берилди. Мыйзамды гумандаштыруу принциби ишке киргизилип, анчалык оор эмес кылмыштар жоруктар катары карала баштады. КРнын Соттор кеңешинин алдында тартип комиссиясы түзүлүп ишин алып барууда, анын максаты сот системасын тазалоого багытталган.

Тышкы саясат

Белгилүү болгондой Сооронбай Жээнбеков кызматына киришер алдында коңшу Казакстан менен каш-кабагыбыз бузулуп турган. Ал эң биринчи ушу маселени жөнгө салып, бардык тармактардагы кызматташууларды калыбына келтирди. Россия менен сүйлөшүп, Кыргызстандын жарандарына амнистия жарыяланды, натыйжада 130 миңден ашуун жараныбызга амнистия берилип, 2018-жылдын октябрь-ноябрь айларында 6 миңге жакын жарандарыбыз кара тизмеден чыгарылды. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө автоматташтырылган «Паспорт», «ЗАГС» кызматы киргизилип, бул жаатта сыртта жүргөн жарандарыбыздын түйшүгү жеңилдеди. Чет өлкөлөрдө дипломатиялык жана консулдук мекемелердин саны көбөйтүлдү.

Инвестициялык долбоорлор

Кандай гана мамлекет болбосун сырттан инвестиция тартып келмейин өнүкпөйт. Ушул өңүттөн алганда жыл башынан бери 5 долбоор ишке киргизилди. Алар жалпы алганда наркы 85 млн. доллар турган: коргошун жана цинк кенин ишке киргизүү, арматура жана кабель чыгаруу заводу, түймө жана мээлей чыгаруу заводу, «Cool Bros» текстилдик фабрикасы, АКААНА өнөр-жай паркы.

ЕАЭБ менен кызматташтык

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишимге быйыл кол коюлат. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө лабораторияларды сыноо модернизациясы жүрүп жатат. Талас, Каракол, Баткен, Балыкчы шаарларындагы 4 лабораторияда курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Ошондой эле аймактардагы 12 ветеринардык лабораториялардын 11инде капиталдык ремонт жүргүзүлдү жана иштеп жатат. Ош шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория ачылды. Кыргызстанда 1 млн. 798 миң уй идентификациядан өткөрүлдү.
Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек мигранттарыбыз 2,7 млрд. доллар которсо, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 1,1 млрд. долларды түздү. Эркин соода жүргүзүү аймагын түзүү боюнча Иран жана Кытай менен преференциалдык эмес, соода-экономикалык кызматташуу боюнча убактылуу келишим түзүлдү. Соодаэкономикалык кызматташтык боюнча макулдашууларга кол коюу үчүн – Сербия, Сингапур, Египет, Индия, Иран, Корея, Израиль мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Аймактарды өнүктүрүү

Бүгүнкү күндө аймактарды өнүктүрүү Президент Сооронбай Жээнбековдун баарын камтыган башкы саясаты болуп калды. Анткени, аймактар өнүкмөйүн Кыргызстандын жалпы өнүгүшү тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес эле. Учурда аймактарды өнүктүрүү негизги үч багытты көздөйт: агроөнөр-жай, туризм жана тигүү-текстиль тармактары. Бул максатта республикалык бюджеттен 2 млрд. сом бөлүнгөн.

Санариптештирүү

Интернет технологиясынын жетишкендиктерин Кыргызстандын бардык тармактарына чечкиндүүлүк менен киргизүү ушул акыркы эки жылда ишке аша баштады. Бүгүнкү күндө 37 мамлекеттик орган “Түндүк” электрондук системасы аркылуу тейлөө көрсөтүп жатат. 2019-2023-жылдарды камтыган “Санарип Кыргызстан” аталган, башкача айтканда өлкөнү туташ санариптештирүү концепциясы иштелип чыккан. Бул багытта иш тынымсыз жүрүүдө. Бирин айтсак, ушул концепциянын “Акылдуу шаар” бөлүгүндөгү “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилди. Бул долбоор 2020-жылдан баштап бүт өлкө боюнча киргизилет.

Ирригация

Сооронбай Жээнбеков айыл чарба тармагын жакшы билген мамлекеттик ишмер катары Кыргызстандын ирригациялык системасын өркүндөтүүнү кызматына киришкен алгачкы күндөн бери колдоп келет. Бул үчүн 2018-жылы бюджеттен 370 млн. сом бөлүнсө, Ислам Өнүктүрүү банкы 1,7 млн. доллар (120 млн. сом), кытай грантынын эсебинен 29 млн. юан (290 млн. сом) бөлүнгөн. Натыйжада 2018-жылы эле 634 гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 1600 гектар жерди суу менен камсыздоо жакшырды. 2600 адам суу баскан жер үлүштөрүнө ээ болушту.

Таза суу менен камсыз кылуу

Бүгүнкү күндө өлкө бюджетинин, жергиликтүү бюджеттин жана Бүткүл дүйнөлүк банктын, эл аралык фонддордун эсебинен республикадагы таза сууга муктаж болгон 653 айылдын 69 айылына таза суу жеткирилди. 2019-жылы бюджеттен 350 млн. сом бөлүнүп, 117 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 22 айылга суу жеткирүү быйылкы жылы аяктап, 48606 адам таза суу менен камсыз болот.