Футбол: Кыргызстандын улуттук курамасы Монголия менен беттешет

Бүгүн Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен кездешет.

Оюн  Улан-Батор шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Кыргызстан «F» тайпасына Япония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен түшкөн. Буга чейинки оюндарда кыргыз футболчулары 3 упай топтой алган.