«Кыргыз Туусуна» — 95 жыл: «Гезит өңү – «Кыргыз Туусу» өңүндөй»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Артка таштап 95 жаш куракты,
Аскаларга кайрап келди туякты.
Басаңдатпай келет дайым басыгын,
Басма сөздүн ата-энеси сыяктуу.

Терең ойлойт терс ойлорду төгүндөй,
Тетир баспайт көпчүлүктөн бөлүнбөй,
Кези келди айта турган чындыкты,
Гезит өңү – “Кыргыз Туусу” өңүндөй…
(Доктурбек Юсупов)

Кылым карыткан «Кыргыз Туусу» гезитинин 95 жылдык мааракесине арналган алгачкы иш-чара мына ушундай ыр, ушундай маанай жана “Кыргыз Туусунун” гимни менен Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесинде башталып, гезиттин таржымалы тууралуу жана анын тарыхтагы, ошондой эле азыркы учурдагы орду, маанимаңызы тууралуу баяндамалар менен уланып, “Доор” элдик аспаптар ансамблинин жана башка ырчылардын атайын концерти менен коштолду .

Аталган тармактын директору Күлсайра Дандыбаева гезиттин Ташкентте басылып чыккан эң алгачкы саны жана аны чыгарган, ошол кездеги жаш муундар тууралуу кеңири баяндама жасап, ошол эле учурда гезитти элге таанытууда китепканалардын ролу канчалык мааниге ээ экенине токтолду. “Совет доорунун алгачкы жылдарында жер-жерлерде Кызыл үй же Кызыл бурч деп аталган алгачкы маданий очоктор пайда болгон. Мына ушул “Кыргыз Туусунун” да (андагы “Эркин Тоонун”) ар бир саны ошол кызыл бурчтарга жеткирилип, анда иштегендер талаа-түстө иштеген эмгекчилерге барып окуп берип турушкан. Ал эми жаш муундар иштен кийин кызыл бурчтарга келишип, гезиттин улам жаңы саны менен таанышып, жазууга үйрөнүшкөн. Дегеним, гезит анда тек гана маалымат булагы катары эмес, кыргыздын алгачкы алиппеси катары, кат таанытууга зор салымын кошкон”, – дейт К.Дандыбаева.

Ал эми гезиттин ардагер редакторлорунун бири Курманбек Раматов гезиттин согушка чейинки, согуштан кийинки ишмердүүлүгү тууралуу, ошол учурда иштеген редакторлор жана кабарчылар тууралуу кеңири баяндама жасап берди. “Эл башына, өлкө башына кандай кыйын күндөр келди. Аталарыбыз Улуу Ата Мекендик согушта кан кечишти. Андан кийинки экономикалык каатчылыктар элдин кендирин кести. Андан кийин согуш маалында үзгүлтүккө учурагандын баарын калыбына келтирүү мезгили болду. Мына ошондой учурлардын баарында алгач “Эркин Тоо” аталып, андан кийин “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргызстан туусу”, “Кыргыз Туусу” аталган мына ушул гезит эл менен бирге болду. Бир жагынан окурман журтчулугун маалымат менен камсыз кылса, бир жагынан дем-күч берип турду”, – деди ал. Ошондой эле К.Раматов гезиттин мурдагы редакторлорунун бири, акын, судья Ж.Саалаевге кайрылып: “Гезиттин абалкы “Эркин Тоо” деген өз атын кайтарууга эмнеге болбосун?” – деген сунушун айтты.

Гезитте мурда эки жолу башкы редактор катары иштеген Жедигер Саалаев бул маселе буга чейин да көтөрүлгөнүн, атүгүл кайсы бир жылдары гезиттин өз атын кайрып берүүгө мүмкүнчүлүктөр болгонун, азыр бул маселе көп эмгекти, машакатты талап кыла турганына токтолду.

Ж.Саалаевге окурмандар тарабынан анын жеке жана гезит ишиндеги чыгармачылыгы тууралуу суроолор көп болду. Атүгүл чет өлкөлүк журналисттер менен коңшу бир мамлекетте болгон бир иш-чарада “Кыргыз Туусунун” мурдагы башкы редакторунан кийин башкалардын сахнага чыкпай койгондугу тууралуу К.Раматов кызыктуу маек куруп берди. “Маданий иш-чаралардын учурунда ар бир келген журналист өз элинин атынан ырдап же ар кандай өнөрлөрүн тартуулай башташты. Бир убакта кыргыз журналисттеринин атынан Ж.Саалаев чыгып ырдап, Бакыт Орунбеков “Манас” айткандан кийин сахнага эч ким чыкпай койду. Анткени, алардын баарынын көңүлү кыргыз журналисттеринде болуп, таң калып, алар менен сүрөткө түшүү менен алек болуп калышты”, – дейт К.Раматов.

Ушундан улам Ж.Саалаев китепканалар борборундагы ушул иш-чарада дагы ырдап берүүгө туура келди.

“Кыргыз Туусунун” ардагер журналисттеринин бири Бермет Маткеримова кеченин конокторуна өзү иштеген 40 жылга жакын аралыктагы кызыктуу окуялар, гезит чыгаруунун түйшүгү менен сыймыгы тууралуу кеңири кеп курду. “Ал кезде иш азыркыдан кыйла татаал эле. Бүгүнкүдөй компютер деген жок болчу. Баарын колго жазып, басмаканаларда дагы тамгаларды кол менен терер элек. Азыр Кудайга шүгүр, бардыгы жеңил. Ошондуктан гезиттин саны көбөйдү, жеке сайттар, маалымат агенттиктер иштеп жатат. Бирок кандай болгон күндө дагы “Кыргыз Туусу” маалымат булактарынын төл башы, башаты жана мамлекеттин тарыхы, тагдырлашы болуп кала берерин билишиңер керек”, – деди КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ардагер журналист Б.Маткеримова.

Белгилей кетсек, гезиттин 95 жылдыгына арналган иш-чарага республикабыздагы 28 китепкананын өкүлдөрү менен окурмандары, жалпыга маалымдоо каражаттары катышты жана кечени аталган борбордун кызматкери менен гезиттин башкы редакторунун мурдагы орун басары, ардагер журналист, аталган борборлоштурулган китепканалар тармагынын коомчулук менен иштөө боюнча адиси, акын Доктурбек Юсупов алып барды.

Иш-чаранын соңунда кыргыз басма сөзүнө, анын ичинде улуттук басылманын бараандуу, сапаттуу жана заманбап чыгышына эмгек сиңиргендери үчүн ардагер редакторлорго, гезиттин азыркы редактору Эрнис Балбаковго Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын куттуктоо баракчалары тапшырылды.