Эстеликтер менен эскерүүлөр парады: Торгой баатырдын тоюнан улам…

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптанын жума күнү Торгой баатырдын 300 жылдыгынын урматына анын урпактары коло эстелигин (сүрөттө) Тоң районунун борбору менен Төрт-Күл айылынын чегиндеги бийик секисине орнотушуп, бетачарын уюштурушту.

Мааракенин негизги иш-чарасы ТуураСуу айылына канатташ жайгашкан, ортосу кең жайыктуу чөйчөктү элестеткен Кан-Дөбө өрөөнүндө өткөрүлдү. Тээ алыстан эле заңкайып көрүнгөн Кан-Дөбөнүн бир капталынан төмөн кең жайыкка катарлашып кырка тигилген жумурткадай аппак 80 боз үй, дөбөнүн күн батыш жак таманындагы тегеретме ат чабышка, улак тартышка, балбан күрөшкө атайын даярдалган түздүк аянтчанын алдындагы сахнада Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы облустук музыкалуу драма театрынын көркөм жетекчиси Кыргыз эл артисти Давлет Нургазиев жетектеген чыгармачыл топ ХVIII кылымда жашап өткөн Торгой баатырдын эрдигин, акылмандыгын жана эпчилдигинен улам душмандарын да ийге келтирип, жортуулдардан салгылашып кан төгүшпөй кайрадан эл-жерине олжолуу кайткан учурларынан алынган тарыхый бир катар окуяларын чыгармачылык жогорку чеберчиликте аткарышты.

Маараке салтанаттуу ачылган соң сөз алган Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев Сооронбай Жээнбековдун маараке ээсинин урпактарын, ошондой эле жалпы кыргыз элин тынчтыкка, ынтымак менен биримдикке чакырган тилегин, 300 жылдык мааракеси менен куттуктоосун окуп берди. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев Төрт-Күл айыл аймагында ишке ашкан жана алдыдагы аткарыла турган маселелер боюнча өзүнүн отчётун берген соң, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев куттуктоо сөзүндө иш-чарага бюджеттен бир да сом каражат бөлүнбөгөнүн, ал эми улуттук спорттук, ат оюндарын өткөрүүгө 200 000 сом берилгендигин билдирди.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бир кезде кыргыздын акылмандары, баатырлары унутулгандыгын, өткөн жылы Кытайдан келген он окумуштуу менен болгон жолугушуу учурунда кыргыздар жөнүндө маалыматтар 3000 жыл мурда эле бар экендиги, 2800 беттен турган байыркы кытай жазуулары азыркыга которуларын, андан биз үчүн көптөгөн ачылыштар күтүлүп жатканын жаңылык катары билдирди.

Торгой баатырга эстелик орнотулду

“Торгой ата” коомдук фондунун төрагасы Турат Султанов жалпы калайык калктын, анын ичинде урпактарынын колдоолору менен, буга чейин уруу аталары Алыбекке, Кудаймендеге жана Атаканга эстеликтер тургузулганын, Торгой баатырдын 300 жылдыгынын урматына салбурун, балбан күрөш, көк бөрү жана ат оюндарына жалпысынан 3 млн. сом, байгеге 4 жеңил автоунаа коюлганын айтты.

Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө Бишкектен келген белгилүү төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучевдин ыр саптары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, дүркүрөтө кол чабышты.

Мааракелик иш-чаранын жүрүшүндө Торгой баатырдын туусу Кан-Дөбөнүн чокусунда желбиреп, сахнада Торгой баатыр гимни ырдалды.