Нарын: Ирригациядан куру калган айыл аймак

Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагында болгону 1081 гектар сугат аянт бар. Союз доорунда соко чийген кайрак айдоо жерлер учурда жайытка айландырылган. Бирок айрым адистер ал айыл аймактан дагы жүздөгөн гектар аянттарды суу менен камсыздаса болот деп эсептешет.

Дөбөлү айылынын тургуну Токтобек Кененбаев эмгек жолун аталган аймактагы колхоздо агроном болуп эмгектенүүдөн баштаган.

— Бизде бир нече коктулардан агын суулар агып турат. Бирок, ошол эле өткөн кылымдын 70-80-жылдарында ГЭСтер салынат деп ирригациялык курулуштарды курууга ураксат берилген эмес. Болбосо, Нарын суусунан бир нече жерден каналдар салынып, коктуларга суу бөлүштүрүүчү жайлар курулуп, бош жаткан жүздөгөн гектар аянттар суу менен камсыздалмак. Мисалы, Кур-Сай деген коктудан келген суу менен 150 гектар сугарылат. Бирок, атайын бөлүштүрүүчү тосмолор жоктугунан суу киргенде арыктарды талкалап кетет. Экинчиден, шагылдын баарын агызып келип, үлүш жерлерди таштарга толтурууда. Күн бүркөөдө суу тартыш болот. Эми же ГЭС салынган жок, же ирригациялык жумуштар жасалбай, ортодо эл сугат сууларга толук камсыз болбой кыйналышууда,-деген соболун берди Т.Кененбаев аталган аймактын тургундары менен жолугушууга келген облустун жаңы жетекчиси Эмилбек Алымкулов мырзага.

Ушундай эле акыбалга Эки-Нарын өрөөнүндөгү түптүз жерлер тушуккандыгы, натыйжада Чырпыкты каналы толук кандуу оңдолбогондуктан жүздөгөн гектар жерлер боз талаага айлангандыгы да айтылды.

— Чындыгында элибиз мал менен тиричилик кылышат. Малдын саны өсүүдө. Ошондуктан суунун башында туруп, сугат суу тартыш деген кеп болбош керек. Бул маселелерди адистер менен кеңешип, жеринде барып көрүп, айыл өкмөт жана район менен бирдикте чечишибиз зарыл, — деп жооп кылды Э.Алымкулов.