Футбол: Кыргызстандын курама командасы тайпада экинчи орунда

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жаткан беттештерде Монголияны 2-1 эсеби менен жеңип, ал эми группадагы атаандаштар Япония Тажикстанды 3-0 менен жеңип алгандан кийин «F» тайпасындагы тизмеде экинчи сапка көтөрүлдү.

Учурда Кыргызстандын курамасы 6 упай менен тизменин экинчи орунунда жайгашкан. Сап башында 9 упай менен Япониянын командасы турат.

Ак шумкарлар 14-ноябрда Япония, 19-ноябрда Тажикстан курама командалары өз талаасында кабыл алат.

Эскерте кетсек, улуттук курама команда алгачкы оюнда Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилген. Кийинки беттештерде Мьянманын командасын (7:0) жана монголиялык футболчуларды (1:2) жеңип алган.