Алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Документтерди жасалмалап,  үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап жүргөнү үчүн эл аралык издөөдөгө алынган жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун 41 жаштагы тургуну 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон, ал эми 2012-жылы кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин аны өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.
Учурда шектүүнү Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүргүзүлүүдө.