Алмазбек ЭРГЕШОВ, ЖК депутаты: «Өлкө жетекчилигинин элдин пикири менен эсептешкени өтө жакшы көрүнүш»

– Алмаз Манасбекович, сиз саясатта салыштырмалуу жаңы адамсыз. Мурда ишкер катары элге жардам берип келсеңиз, эми депутат катары калк кызматындасыз. Кудайга шүгүр, жаман иштеген жоксуз. Парламент трибунасынан айтып, жеткирчү жерге жеткирип, Аксы районунун жол, таза суу, ФАП, мектеп, аэропортуна чейин оңдотуп, салдыртып койдуңуз. Депутаттык сизге жактыбы деген суроодон маегибизди баштагым келип турат.

– Депутаттык мага жакты. Мен ЖКга аттанганда дүйнө тапсам, байысам деген максатым жок болчу. Кудайга шүгүр, оокатым кенен жетет. Буга чейин өлкөбүздүн көп жерин кыдырдым. Анан депутаты көп аймактарда, мисалы ошол Алай, Чоң-Алайда бир топ жол, суу сыяктуу социалдык маселелер жакшы чечилип жатканына күбө болуп, суктанып койчумун. Ал эми биздин Аксыда салыштырмалуу көп нерсе жасалган эмес. Дүйнөнүн көп эле жеринде ошондой экен. Мисалы Россияда, Казакстанда көп байкадым, кайсы аймактын элинин маанайы бийликке каршы оппозициялык маанайда болсо, ошол жак көп каралбай калат экен. Аксы районуна деле өткөн бийлик тушунда 10- 15 жылдай өгөй мамиле жасалып келди. Экинчиден, ошол аймактан депутат чыкпаса көңүл сыртында кала берет экен. Депутат болгондон кийин айылына барат, районуна барат. Эл менен сүйлөшөт, көйгөйүн угат. Ошого жараша борборго келип, маселени чечүүнү талап кылат. Биз деле өлкөбүздүн көп жерине барып, өзүбүздүн район болбосо дагы жалпы элдин олуттуу көйгөйүн чечкенге аракет кылабыз. Бирок өз районуңа көбүрөөк каттайсың, эл менен көбүрөөк аралашасың, көйгөйлөрүн угасың да. Өкмөт дагы баланча депутатты кайра-кайра айттырбай, ошол жактын маселесин чечкенге аракет кылалы дешет экен. Депутаттык кызматтын жаккан жери да ушул болду. Үнүң бийликке жетип, элдин маселесин чечип бергенге көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.

Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылында Калмат Алымкулов атындагы жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды

– Сиз ишиңизге байланыштуу көп жыл Казакстанда жашап калдыңыз. Казактарменен кыргыздардын бийликке болгон мамилесиндеги айырмачылыктарды байкай алдыңызбы?

– Президентке же премьерминистрге кирип, кайсы бир маселени айтып, чечүүнүн жолдорун сунуш кылсаң, экөө тең: “Эл кандай кабыл алат?” – деген суроону беришет. Өлкөнүн биринчи адамдарынын “эл кандай кабыл алат” деген суроону берип жатканынын өзү абдан жакшы нерсе. Элдин көз карашын угуп, жашоосуна кандай таасир этерине кызыгып, ошого карата чечим кабыл алуу эң туура жол. Казакстанда, Россияда жашап келдим, ал жактарда коомдук пикирдин күчү, таасири биздегидей эмес.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Жийде-Сай айылында ФАП курулуп ишке берилди

– Баса, бүгүн 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун Президент болуп шайланганына туура 2 жыл болуптур. Өлкө башчынын алгачкы 2 жылына кандай баа бересиз?

– Сооронбай Шариповичти башынан түз жүргөн, жаман-жуман иштерге аралашпаган таза инсан катары билем. Жаңы кызматка келгенден кийин бир топ жакшы иштер жасалды. Коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Андан түшкөн акчалар атайын эсепке салынып, мектептердин курулушуна жумшалууда. Алгачкылары салынып да баштады. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап жатат. Айтор жакшы иштер көп. Дагы 4 жыл элибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан да мыкты иштерди жасап берээрине мен ишенем.

– Ушул жылдын башында “Ачык асман” долбоорунун жолу ачылды эле. Сиз авиация тармагына байланышкан көйгөйлөрдү көп көтөрөсүз. Авиациядагы абалыбыз кандай?

3000ден ашуун эл жашаган Сыны айылында жаңыдан курула баштаган ФАПтын пайдубалына капсула салынды

– Ачыгын айтканда анча эмес. Кыргызстанда үч авиакомпания бар. “Тез жет” менен “Авиа траффик” бири-бирине байланышкан компаниялар. Айрым негиздөөчүлөрү экөөнүкү тең бир. “Пегасустун” биздин жарандар менен биргелешип ачкан “Эйр Манас” компаниясынын 3 самолёту бар эле, азыр бирөө эле калыптыр. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өздөрүнүн мамлекеттик авиакомпаниялары бар. Негизи эле ички авиакаттамдар көп учурда өзүн актабайт. Мисалы Казакстандагы мамлекеттик “Эйр Астана” авиакомпаниясынын алдында ички каттамды камсыздаган “Флай Арстан” деген “лоу костер” түзүштү. Алар билеттерди арзан сатат. “Эйр Астананыкынан” эки эсеге арзан болот. Бирок муну мамлекет субсидиялайт. Мисалы Ош-Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Кербен, Тамчы каттамдары боюнча ар бир билетке 500 сомдон субсидия кылып койсо эң жакшы болмок. Кербенге такси 1000 сом. Ал эми самолёттун баасы эң арзаны 2 500 сом. 500 сомун мамлекет субсидия кылса, 2 миң сом элге жеңил болмок. Өкмөт ушундай ыкманы башка тармакта колдонуп баштады. Кыргызстанда бала бакча жетишпейт. Курганга акчабыз да жок болуп, чамабыз чак болууда. Булар Бишкек менен Ош шаарында жеке менчик бала бакчаларга 2000-2500 сомун биз төлөп берели деп жатышат. Ал эми 50 орундук бала бакчаны куруш үчүн жок дегенде 30 миллион сом кетет. Андан көрө 30 миллион сомго канча баланын бала бакча көйгөйүн чечип койгону атышат. Бул мыкты идея. Авиация тармагында дагы ушундай эле ыкманы колдонуш керек болчу. Мамлекет кепилдик болуп берип, коркпой эле лизингге 2 самолёт сатып алыш керек. Акырындык менен өзүн өзү актап коймок. Эми ички каттамдарыбыздын эртеңкиси белгисиз болуп, илең-салаң болуп жатышпайбы. “Эйр Манасты” россиялык компания сатып алып, ички каттамдарды тейлеген АН-148 үлгүсүндөгү 2 самолету менен келээри айтылууда. Келип калышса көп көйгөлөр чечилип калмак.

Аксы районундагы Кара-Жыгач-Сыны унаа жолу салына башталды

– Маңыздуу маегиңизге чоң рахмат.

– Силерге дагы чоң рахмат. Кыргыздын эң биринчи гезити негизделгенден бери 95 жыл өтүптүр. “Кыргыз Туусу” – чынында эле гезиттердин туусу. 95 жыл деп оңой-олтоң айтылганы менен бул бүтүндөй бир доорду өзүнө камтыды. Биздин 4-5 муунду тарбиялап, көз карашын калыптандырып келди. Бүгүн дагы өлкөбүздүн коомдуксаясий, экономикалык, маданий жашоосун так, туура чагылдырып өзүнүн тарыхый миссиясын аткарууда. “Кыргыз Туусунун” жамаатына чыгармачылык эргүү, кажыбас кайрат, чың ден соолук каалайм.

Маектешкен Тиленбек АЗЫК