Жогорку Кеңеште миграция маселеси талкуланууда

16-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Юстиция министри Марат Жаманкулов “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-майындагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Конституциялык палатанын белгиленген чечими менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет деп табылган.

Тагыраак айтканда, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса — иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу баш тартылат деп белгилейт. Мындай чектөөнү киргизүү негиздүү эмес жана жарандын субъективдүү укуктарын чектөөнүн себеби боло албайт. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминде КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык, деп көрсөтүлгөн.

Конституциялык палатанын мындай чечимин ишке ашыруу максатында мыйзам долбоору менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-статьясынын  1- бөлүгүнүн 8-пунктун күчүн жоготту деп таанылууда.

Талкууда депутат Исхак Масалиев бирөөдөн же банктан карыз акча алып чет өлкөгө качып кетсе, карыз берген адам же банк жабыркабайбы деген суроону коюп, бул жагдай менен коррупцияга жол берилип калат деген пикирин билдирди. Мындай ойду улаган депутат Марлен Маматалиев жарандык маселелерди бөлүп-бөлүп кароо керектигин белгиледи. Бир катар эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун колдоого алып, айтылган сын-пикирлерди долбоор 2-окууда каралганда эске алуу боюнча баяндамачылар менен орток пикирге келишти.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.